Главные новости Баймака
Баймак
Июнь
2021
1
2
3 4 5
6
7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25
26
27
28
29
30

Кыргыз-өзбек чек арасында базар ачылат

0
Кыргыз-өзбек чек арасында базар ачылат

Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде базар ачылат. 19-июнда чек аралаш аймакта соода-логистикалык борборунун курулушу башталды. Кыргыз-өзбек соода алакасын күчөтүү максатында салынып жаткан борбордун пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын Жалал-Абад жана Өзбекстандын Наманган облустарынын бийлик өкүлдөрү катышты.

Мамлекеттик жетекчилер бардык тармакты камтыган соода-логистикалык борбордун курулушу бүткөрүлсө, жаңы жумуш орун түзүлүп, Өзбекстан менен соода өнүгө турганын билдирүүдө.

Соода-логистикалык борбору Ала-Бука районунун чек арага жакын Баястан айылына 20 гектар жерге курулууда. Аны салып жаткан ишкер Улан Максымбековдун айтымында, борбордо кыргыз-өзбек биргелешкен ишканаларын түзүү каралган.

“Соода-логистикалык борбордун курулушуна жерди мамлекет бөлүп берген. Ал эми анын инфраструктурасын салууну бизнесмендер моюнга алган. Коңшулук мамиледе ачылган базарда азык-түлүк, кийим-кече, жер-жемиш, жашылча саткан орундар, чоң муздаткыч жайлары болот. Өзбек туугандар менен биргелешип сооданы алып барсак, өлкө бюджетине да каражат түшөт. Ал эми дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Бул жерге кыргыз-өзбек ишканаларын курабыз”.

Борбордо айыл чарба продукциясынын түрлөрүн, андан сырткары эт азыктарын сактоо, экспортко чыгаруу багытында иш жүрө турганы да айтылды.

Соода-логистикалык борборго алгач мал союлуучу жай, муздаткычтар салынат. 20 гектар аянтка салынып жаткан борбордун бир бөлүгү Ташкент шаарында болот.

Өзбекстандык ишкер Туйгунжон Мусаев алар Кыргызстандан эт менен бал сатып алууга кызыкдар экенин айтууда.

“Эки өлкөнүн жетекчилеринин чечими жана макулдашуусу менен салынып жаткан бул борбордун келечеги кең деп ойлойм. Боордош элдердин базары, мазары да бир. Эми соодасы да жанданып кетет деп ишенип жатабыз. Чек аралар ар дайым ачылып турса, эки өлкөнүн тең экономикасы жогорулайт. Өзбекстан тарап мал-жандыктар менен жем жана бал сатып алганга кызыкдар. Акыркы күндөрү ишкерлерге да мүнкүнчүлүктөр ачылып, кызматташууга кадамдар таштала баштады”.

Соода-логистикалык борбору салынып жаткан Баястан айылы Өзбекстандын Касан-Сай аймагы менен чектешет. Эгер борбор ишке кирсе, Ала-Бука районунда 2,5 миң жаран жумуш менен камсыз болот деген үмүт бар. Чек ара менен чектеш жашаган эл үчүн базарлардын салынып жатканы чоң жаңылык болууда.

“Элдер үчүн жакшы болду. Анткени жумуш орундары жана дыйкандар өндүргөн жемиштерди коркпостон ушул жерге алып келип сатабыз. Эки өлкөнүн тең жарандары бир базарда соода кылган күн келгенине кубанып жатабыз”, - деди Баястан айылынын тургуну Жоробек Нематулаев.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы базар эки этап менен курулат. Башкача айтканда, Ала-Бука районуна эки чоң соода-логистикалык борбор салуу каралган. Долбоордун экинчи баскычында айыл өкмөтүнүн аймагына да дал ушундай эле соода-логистикалык борбору салынат. Ал жер Кыргызстан менен Өзбекстанды бөлүп турган Баймак өткөрмө бекетине жакын.

Министрлер кабинетинин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин айтымында, логистикалык борбордун ишке кириши менен эт экспорттоого эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аны менен катар эле терини кайра иштетүүгө жол ачылат.

“Мал-жандыктарды коңшу өлкөгө мыйзамдуу өткөрүп, ошол учурда аткезчилик жол менен да өткөрүп жиберген учурлар жок эмес. Тирүүлөй эле өткөндүктөн, бир аз арзан да болуп калууда. Эт аркылуу экспорттолсо кымбат болот, мамлекетке салык да түшөт. Мал базар иштейт. Терини, жүндү кайра иштетүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Калкка жумуш орундар түзүлөт”.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров март айында Ташкентке барган. Жолугушууда эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөө жана өнүктүрүү багытында бир катар келишимдер түзүлгөн.

Эки өлкөнүн кызматташтык жол картасында Кыргызстандын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусу боюнча 22 пункттан турган иштер бекитилген. Алардын катарында Ала-Бука районунда, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде соода-логистикалык борборун куруу да болгон.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Башкортостане

Новости спорта


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Паула Бадос и Стефанос Циципас расстались | Виды спорта






За сутки в Башкирии поступило 40 сообщений о подтоплениях придомовых территорий

Природа России 81

В Башкирии после пожара в частном доме обнаружили тело мужчины

В частном доме в Башкирии после пожара обнаружили тело мужчины