Ингушетияда активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатат
Ингушетияда нааразылык акцияларына катышкан активисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп жатат. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып жатышат. Тинтүүнүн так максаты белгисиз. «Яблоко» партиясынын жергиликтүү бөлүмүн жетектеген Руслан Муцольгов муну Магастагы митингде «бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү» боюнча кылмыш ишине байланыштырат. Митингге чыккандар коңшулаш Чеченстан менен чек ара макулдашуусуна нааразылык билдиришкен. Кээ бир маалыматка караганда, Ингушетияда мобилдик Интернет иштебей калды. Читать дальше...