Бишкектеги №76 мектепти ачууну талап кылган акция өттү
Бүгүн, 1-апрелде Бишкектин Свердлов райондук акимчилигинин алдында 20дан ашык ата-эне акция өткөрүштү. Алар ушул райондун аймагында жайгашкан жана авариялык абалына байланыштуу жабылган №76 орто мектебин ачууну талап кылышты. Чогулгандар “Балдарыбыздын заманбап мектепте окуусун каалайбыз!”, “Кыргыз мектептер сакталсын!”, “№76 мектеп оңдолсун!” деген жазууларды көтөрүп турушту. Өзүн Клара Абылова деп тааныштырган адам аталган мектеп эки жылдан бери жабык турганына нааразылык билдирди: “Беш балам мектепке барат. Читать дальше...