Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 02.10.2023

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү системаларын текшерет

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-октябрда өлкөдөгү эскертүү системалары текшерилерин маалымдады. Анын негизинде бул күнү Бишкек жана Ош шаарларында, облустар менен район борборлорунда сиреналар кыска мөөнөткө, эртең мененки саат 10дон 11ге чейинки аралыкта беш мүнөткө чейин катуу жаңырарын билдирди. Министрликтин Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысы Алмаз Асанов эвакуациялоо иштери жүргүзүлбөсүн айтып, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. "Иш-чара 5-октябрь – Кыргызстандагы кырсыктардын... Читать дальше...

Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

3-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11... Читать дальше...

Садыр Жапаров тарыхый инсандарды даңазалоого мезгил жеткенин айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 2-октябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Ормон хандын (Ормон Ниязбек уулунун) 230 жылдыгына арналган мааракенин алкагында анын эстелигинин ачылышына катышты. Анда сөз сүйлөп эчен жылдардан бери "ар кандай белгилүү себептерден улам, башкача өңүттө бурмаланып айтылып келген тарыхыбызды, тарыхый инсандарыбызды тактап, даңктап, даңазалоого мезгил жеткенин", айтты. "Элди бир туунун астына бириктирип, жол баштап, кол топтоп, душман беттеп, элдүүлүктү, эгемендикти коргоп... Читать дальше...

"Чет элдик өкүл" мыйзамы комитеттин күн тартибине киргизилди

Azattyk.org 

“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 3-октябрдагы күн тартибине кайрадан киргизилди. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтында жарыяланды. Аталган мыйзам долбоору ушул эле комитетке расмий түрдө 19-сентябрда биринчи окууга киргизилген. Ал күнү кворум болбогондуктан, мыйзам каралбай калган. Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы”... Читать дальше...

Бишкек мэриясы сары тилкелерде эко-таксилер каттай баштаганын билдирди

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэрияся 1-октябрдан тартып эко-такси долбоорун ишке ашыруу башталганын билдирди. Анын биринчи айлампасында он электромобиль каттамга чыгарылганын кабарлады. "Каттамдын схемасы Киев/ Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичи районуна чейин жана белгиленген сары тилке менен эртең мененки саат 07:00-10:00, кечки 17:00-20:00 аралыгында жүрөт. Акысы киши башына 50 сом. Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өттү. Жакында htps://etaxi.kg/... Читать дальше...

Шаардык сот Алимжановдун мандаты боюнча чечимди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын карап, буга чейинки инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди. Сот чечими боюнча Алимжанов комментарий бере элек. 20-сентябрда шаардык сотто дагы бир депутат Фархат Исмаиловдун арызы каралып, канааттандырылган эмес. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан”... Читать дальше...

Бишкекте шаурмага уулангандар 43кө жетти

Azattyk.org 

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 2-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Уулангандардын 23ү ооруканага жаткырылды. Алардын экөө – балдар. Ооруканага түшкөндөрдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. 20 адам медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. 1-октябрда Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш"... Читать дальше...

Кочкордо Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленип жатат

Azattyk.org 

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда 2-октябрда Ормон хандын (Ормон Ниязбек уулунун) 230 жылдыгы белгиленип жатат. Ага президент Садыр Жапаров баштаган саясий-коомдук жана маданий ишмерлер катышууда. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анда Семиз-Бел айылында туу көтөрүү, Ормон хандын эстелигин ачуу өңдүү иш-чаралар, улуттук оюндар өтөрүн билдирген. Тарыхый маалыматтарга ылайык, Ормон Ниязбек уулу (1790-1854-жж) кезинде кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто... Читать дальше...

Иштамбердини улутташтыруу талабы, Беш-Аралдын ойго салган тагдыры

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Ала-Бука районундагы кытайлык компания казган Иштамберди алтын кенин улутташтыруу маселеси көтөрүлдү. Сентябрь айында парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев "Фулл Голд Майниг" келишимдеги милдеттерин аткарбай жатканын сындап, ушундай кадамга барууну cунуштады. Анда Чаткал районундагы алтын казуу маселелери, Беш-Арал коругунун айланасындагы жагдай, "Эти Бакыр Терексай", "Вертекс Голд Компаниге" байланыштуу көйгөйлөр айтылып, өкмөт өкүлдөрү маалымат берген. Читать дальше...

Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду

Azattyk.org 

Түркия Анкарада жанкечти Ички иштер министрлигинин жанында өзүн жардырып жибергенден кийин Ирактын түндүгүндөгү күрд козголоңчуларына абадан сокку урду. Анда Күрдстан жумушчу партиясына таандык 20 объект талкаланганын, үңкүрлөр, бункерлер жана курал-жарак сакталган кампалар бутага алынганын билдирди. Полиция тараткан маалыматка ылайык, соккунун максаты "Күрдистин жумушчу партиясы жана башка террорчул элементтерди жок кылуу" болду. Күрддөрдүн Rudaw маалымат агенттиги Ирактын түндүгүндө, Ирак... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Глава ATP вручил Яннику Синнеру награду первой ракетки мира






Сотрудника НИИ ФСИН задержали по подозрению в совершении преступления

Интервью с Адамом Биэйни: секреты успеха ресторана Agatha в Дубае

Вологжанки примут участие в первом образовательном заезде арт-кластера «Таврида»

Тропический ливень? Вильфанд рассказал о дожде в Москве на День России