ӨКМ 30дай өрт өчүрүүчү бөлүк жетишсиз экенин билдирди
Кыргызстанды өрт өчүрүү кызматы менен толук камсыздоо үчүн дагы 30дай өрт өчүрүүчү бөлүк талап кылынууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Министрдин орун басары Урматбек Шамырканов 11-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берип жатып бул жаатта иш жүрүп жатканын айтты: “Билесиздер, баары келип эле тыйынга такалууда. Жалпы республиканы камтыш үчүн 30дай өрткө каршы бөлүк салышыбыз керек. Ага техникалык мүмкүнчүлүк, Кудайга шүгүр, бар. Ал эми штаттык бирдик аябай оор чечилүүдө. Читать дальше...