Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир активист камалды

0
Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир активист камалды

Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир жарандык активист Темир Махмудов Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-февралга чейин камалды. Мындай чечимди 2-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы ырастады.

Ушуну менен Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар 29 кишиге жетти. Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 28 адам жапырт кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында жатат.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






Центру компетенций развития промышленности прислали нового гендиректора

Пытался сбежать в Сирию и поддерживает радикальный ислам: появились новые данные о фигуранте дела о "Крокусе"

В Москве задержали ульяновцев, разводивших на деньги столичных бабушек: видео

Утреннее чтиво: геомагнитная буря, пропавший с радаров самолет, отопсезон возвращается