Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин негиздемеси ЕАӨБ менен чогуу даярдалат

0
“Камбар-Ата-1” ГЭСинин негиздемеси ЕАӨБ менен чогуу даярдалат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ ) менен бирге даярдай турганын билдирди.

Жапаров бул тууралуу 3-февралда Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты. Ал Кыргызстан коңшулары – Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Кыргызстандагы эң ири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштаганын кошумчалады.

Үч өлкөнүн энергетика министрлери 6-январда Бишкекте “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча жол картанын макулдашуусуна кол коюшкан.

Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Кыргыз бийлиги “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга болжол менен 2 млрд. 916 млн. доллар кетет деп маалымдаган. Курулуш алты этаптан турат. Энергетикалык эксперттер долбоордун наркы 4-5 млрд. долларга чейин жетет деп эсептешет.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалууда. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






Столичный бизнес нарастил энергопотребление в январе-марте 2024 года на 6,2%

Майский снегопад: москвичей призвали одеваться потеплее на 9 Мая

Президент Кубы заявил, что начинает рабочий визит в Россию

В Москве американец разбил окно и проник в детскую библиотеку