Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Чек ара: эки тараптуу жолугушуу, элдин көксөгөнү

0
Чек ара: эки тараптуу жолугушуу, элдин көксөгөнү

2-февралда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилери, Чек ара кызматынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, район жетекчилери жолукту. Анда тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү макулдашылган. 

Кыргызстан менен Тажикстандын эки чектеш облус башчыларынын жолугушуусу Баткен облусунун Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасында өттү. Жолугушууга Баткен облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода, эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчылары Уларбек Шаршеев менен Ражабали Рахмонали жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, чектеш район акимдери катышты.

"Маселени сүйлөшүүлөр менен гана чечүү"

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев "Азаттыкка" билдиргендей, жолугушууда чек арадагы кырдаал талкууга алынып, үч маселе макулдашылды.

"Согди облусунун жетекчиси менен жолугушууда чек арадагы кырдаалды талкууладык. Үч маселе боюнча макулдашууга кол койдук. Чек ара аймактарында пайда болгон көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүүлөр менен гана чечүү, 2023-жыл ичинде тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү жана эки облуста тең чек арага жакын жашаган жашоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө сүйлөштүк".

Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстандын Согд облусу менен чектешет. Жаңжал көп катталган жана чек ара тактоо оор болгон тилкелер дагы ушул аймакка мүнөздүү. Тажикстандын бул аймагында калк жыш жана чек арадагы кыргыз айылдары менен улагалаш.

Эки облус башчыларынын макулдашуусу менен биргелешкен иш-чаралардын жадыбалы бекитилген. Аны аткаруу жергиликтүү бийлик башчыларына жүктөлгөн. Жазгы талаа иштери башталгандан тарта эле суу талашы, жер иштетүү сыяктуу маселерди жеринде чечүүгө аракет болот дейт Баткен районун акими Учкунбек Жоробаев.

"Алгач идеологиялык багытта иш алып барып, эки тараптан аксакалдар, аялдар комитеттери, жаштардан жолугушууларды өткөрүү, спорттук-маданий иш чараларды биргелешип уюштуруу колго алынмай болду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн системалык түрдө жолугушуулары өтүп турат. Нооруз майрамына биргелешкен иш-чара уюштурсак деген маселени да караштырып жатабыз. Жазгы талаа иштеринин башталышынын алдынан эле суу чарба кызматкерлерине жетекчилик катуу талаптарды коюп, тапшырмаларды берди. Суу маселесинен талаш чыкпай тургандай оңдоп-түзөө иштерин бүткөрүп, маселени ордунда чечүү талабы эки тараптан тең коюлду. Эми элдин пикирин бир өңчөй деп айтканга болбойт. Бир жерде мамилени калыбына келтирели дешсе, дагы бир жерде азырынча бир аз убакыт бар дешет. Тиешелүү иш-чаралар бекитилди, ошол боюнча иш алып барабыз".

"Чек ара бир жаңсыл чечилсе..."

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү жаңжалдар катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. 

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта Кыргызстан 60тан ашуун жаранынан айрылган. 200дөн ашуун адам жарадар болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун расмий билдирген. "Озоди" чек арада каза тапкан делген 80 ашуун кишинин тизмесин жарыялаган. Эки тарапта тең каза болгондор арасында балдар бар. Кан төгүү менен коштолгон соңку жаңжалды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартканы маалымдалган. Баткен облусу боюнча жалпысынан 426 үй жашоого жараксыз абалга келген. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук жана Капчыгай айылдары дээрлик толугу менен өрттөлүп, тонолгон. Турак жайларды калыбына келтирүү үчүн өкмөт 1 млрд. 300 миллион сомдон ашык каражат бөлүп, октябрда иш башталган.

Лейлек районунун Борбордук айылыны тургуну Ахунжан Шакиров сентябрдагы чек ара жаңжалында 4 млн. сомдой чыгымга учураган. Ишкерлигин кайра жандантып, мурдакы жашоого кайтыш үчүн мамилелер калыбына келсе, сүйлөшүүлөрдөн натыйжа болсо дейт ал.

"Мурда соода жакшы эле. Анан чек арадагы чырда чыгымга учурап калдык. Ага карабай мамлекет бир топ жардам берип ишибизди кайра жандантып жатабыз. Эми ошол жасаган аракетибиз кайра күйүп кетпегендей болуп, чек арада тынчтык болсо дейби. Чек ара маселеси бир жаңсыл чечилсе жакшы болот эле. Бул жерден көчүп кетпейбиз. Ошондуктан тынч жашагыбыз келет".

Чек арадагы айылдардын биринде жашаган Муратали болсо облус жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн натыйжа болушуна көп ишене бербей турат.

"Облустук деңгээлдеги жолугушуулар тынымсыз эле өтөрүн угуп эле жүрөбүз. Бирок кайра эле чыр чыгып кетип жатат да. Менимче, элге ишенимдүү келишим керек. Мамлекет башчылары макулдашып, чыр чыкпай турганда болсо, анан эл ишенет. Антпесе ишеним жоголгон. Элге тынчтыкты камсыздаган кепилдик керек болуп турат азыр".

Соңку ирет ушул жылдын 20-январында Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөн.  

Жумушчу топтун кийинки жолугушуусу Кыргызстанда өтөт.

Топографиялык жумушчу топ былтыр декабрдын башында Кыргызстанда жолугуп, кыргыз-тажик чек арасындагы 17,66 чакырым тилкени аныктоо боюнча макулдашканын кыргыз өкмөтү кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. 

Өткөн жылдын соңунда, тагыраагы 24-25-декабрдагы Баткенге жумушчу сапарында президент Садыр Жапаров чек араны келерки жылы май айына чейин тактоо ниетин айтканын жолугушууларда президентти коштоп жүргөн жергиликтүү жетекчилер билдиришкен.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Рублёв поднимется на шестое место в рейтинге ATP после победы на «Мастерсе» в Мадриде






ТЕСТ для настоящих любителей фильма "Москва слезам не верит"

В Янтиковском округе Чувашии приступили к ремонту пострадавших от строительства трассы М-12 дорог

МИД Абхазии: Ардзинба подал заявление об отставке из-за перехода на новую работу

Нижний Новгород возглавил топ российских городов с самым дешевым лечением зубов