Газиантептеги кыргыз студент: Шаардагы эски үйлөр урап түштү
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзалада курман болгондор 1014кө жетип, 2824 имарат кыйрады. Бул тууралуу Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) башчысы Юнус Сезер билдиргенин "Ихлас" агенттиги жазды.
Мурдараак президент Режеп Тайып Эрдоган 900дөн ашуун адам набыт болгонун, 5000ден ашууну жараат алганын билдирген. Адистер жоготуулар саны көбөйүшү мүмкүндүгүн билдирген. Улуу Британияда жайгашкан Сирия Адам укуктары обсерваториясынын маалыматына караганда, Сирияда өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарда болжол менен 326 адам көз жумду. Оппозиция көзөмөлдөгөн жерлерде 221 киши набыт болгону кабарланууда. Урандыларды тазалоо, издөө-куткаруу уланып жатат. Кыргызстандан да Түркияга куткаруучулар тобу жөнөтүлөрү кабарланды.
АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жолу жер силкинди.
Газиантеп университетинин Теология факультетинин 4-курсунун студенти Алтынбек Манас уулу учурда шаардын борборунда коопсуз аймакта турганын, тургундар мечиттерде жана спорт залдарда чогулуп, жергиликтүү бийлик жылуу тамак менен камсыздап жатканын "Азаттыкка" билдирди.
-Алгач таңкы саат 4:20да жер силкинди. Жатаканадан баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Улам-улам жер силкинип жатты. Кийин токтоп калганда бөлмөбүздөгү кийим-кечегибизди, жууркандарды алып чыктык.
- Газиантепте канча кыргызстандык бар? Азыркы учурда абал кандай?
- Газиантепте азыр 5-6 эле кыргыз студент бар. Алар менен байланышып турабыз. Эки кыргызстандык кыз бар эле, алар жатаканада экен. Бирок дагы деле улам-улам жер силкинип жатат. Жаракка кеткен үйлөр бар. Кар жааганы бир аз кыйнады. Чыдайбыз, тааныган кыргыз байке эжелер менен байланыштык. Баары жакшыбыз деди.
Азыр шаарда башаламандык деле жок. Көп кабаттуу үйдө жашагандардын дээрлик көбү шаардын четине чыгып кетти. Калгандары автоунааларына отуруп, күтүп атышат. Үйлөрүн тегеректеп тургандар гана болбосо шаарда дүрбөлөң жок. Эң жаман жери шаардагы эски үйлөр жер силкингенде урап түшүп, өлгөндөр көп деп айтып жатышат.
- Студенттер кандай жайда башкалкалап турат?
- Азыр мен шаардын Шахинбей районунда турам. Ал жерде мэриянын спорт жайында медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жылуу тамак таратып кетишти. Ошондой эле кыйраган имараттарды тазалоого ыктыярчы жаштар да жардам берип жүргөнүн көрдүм.
Түркиянын Газиантеп шаарынын мэри Фатма Шахин муниципалитеттин имараттары жана музейлер элге ачыганын, жардамга муктаж бардык жарандарга кызмат көрсөтүлүп атканын Твиттерге жазды.