Кадамжайда эки жашар кызын сабап жатканы видеого тартылган келиндин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бүгүн 8-февралда Баткен облустук соту райондук соттун аны тергөө абагында кармоо тууралуу чечимин күчүндө калтырды.
1-февралда Баткен райондук сотунда келинди 1-мартка чейин камакта кармоо чечими чыккан.
30-январда Баткен облустук ички иштер башкармалыгы келинге Кылмыш-жаза кодексинин “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” деген 138-беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.
Милициянын маалыматына караганда, 27-январда аларга арыз менен келиндин жарандык никедеги күйөөсү - Кадамжай районунун 38 жаштагы тургуну кайрылып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген жана мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, ошол эле райондун Марказ айылынын 38 жаштагы тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылдын 13-мартында кыздуу болушкан жана жакындан бери пикир келишпестиктин айынан чогуу жашабай калышкан.
Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон – келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.
Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, айрымдары аялды жоопко тартууну талап кылса, кээ бирлери анын психикалык абалына көңүл буруу керектигин белгилеп, ыркы кеткен үй-бүлө көйгөйүн жана анын балдарга таасири боюнча маселени көтөрүшкөн. Аялга камап эмес, анын психикалык, психологиялык абалын текшерип жардам берүү керектиги айтылган. Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн. (JsA)
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Билан заявил, что согласен стать отцом ребенка от Лолиты Милявской
«Он приехал за мной в клуб. И всё, с этого момента мы начали жить вместе». Оксана Самойлова рассказала о знакомстве с Джиганом в эфире «Шоу Воли» на ТНТ
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Муфтий Гайнутдин пожелал Путину помощи Аллаха для побед
Российские флаги снова вывесили на матче Евро-2024 между Англией и Сербией
Рубена Варданяна в бакинской тюрьме заставляли долго стоять, его лишали воды, ему не разрешали мыться и менять белье и одежду
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя