Бүгүн, 9-февралда Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Кыргызстандагы ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Ал Фейсбуктагы баракчасына Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөөдөн кийин Кыргызстандагы курулуштардын сапаты тууралуу маселеге көңүл бурулушу керектигин жазды. Мындан улам аталган палатанын алдында Курулуш комитетин түзүү чечими кабыл алынганын билдирди.
"Биз бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасап, нормаларды ак ниет менен аткарышыбыз керек. Ошону менен бирге биз курулуш бизнеси үчүн аянтча түзүп, бардык маселелерди чогуу чечүүнү каалайбыз. Курулуш бизнеси ишкердик чөйрөсүндөгү флагмандардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө анын үлүшү ички дүң өнүмдүн 17% жетти. Курулуш компанияларынын өкүлдөрү палата мамлекет менен бизнестин ортосунда көпүрө болот деп ишенишет. Жолугушуу жыйынтыгында палатанын алдында Курулуш комитетин түзүү чечими кабыл алынды. Анын төрагалыгына "Эмарк групп" компаниясынын директору Чолпонбек Акматовду дайындалды. Ал кесиптештерин курулуш тармагынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшай турганына ишендирди",-деп жазлы Сариев.
Мунун алдында, Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйында айрым депутаттар Кыргызстанда кийин курулган көп кабаттуу үйлөрдүн сапатын текшерүүнү сунуштаган. Айрыкча Бишкек менен Ош шаарларына көңүл бурулушу керектигин, борбор калаадагы башаламан курулуштарды иликтеген депутаттык комиссияга сапатты дагы текшерүү тапшырмасы берилиши зарылдыгы айтылган.
Бишкектеги башаламан курулуштар жана шаар курулуш мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн былтыр апрелде 11 депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Соңку жылдары борбор калаада менчик курулуш компанияларынын иши активдешүүдө. Алардын айрымдары көп кабат үйлөрдү уруксаты жок жерлерге куруп жатканы тууралуу маселе коомчулукта талкууланып келет. Баш калаанын деталдык пландоо долбоору (ДПД) боюнча да маселе көтөрүлүп жүрөт.
Адистердин айтымында, Бишкектин 2006-жылы кабыл алынган башкы планы боюнча шаарда бир адамга 25 чарчы метр жашыл аймак туура келиши керек болсо, азыр бул көрсөткүч төрт гана чарчы метрди түзүүдө.
Дивный новый мир цифровизации: в Москве пройдет Форум «Время цифры»
Пушинка из Космоса спасёт либо снесёт США? Научные важные данные. Проект «Святой Ленин».
До плюс 50 градусов: Каким городам России грозит аномальная жара летом 2024 года. Опубликован список
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Праздник для детей и родителей-доноров в центре трансплантологии имени академика Шумакова
"Все ждали, что Москва будет Третий Рим…". Заявление Калныньша вызывает беспокойство о его здоровье
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая
Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году