Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шек саналып таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) менен алектенген үч спортчудан турган кылмыштуу топ кармалганын билдирди.
"К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A аттуу спортчулардан турган кылмыштуу топ 4-февралда Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип белгисиз тарапка алып кеткен. Андан кийин ал тургунду темир балка менен сабап, тапанча такап корутуп 10 күндүн ичинде 600 миң сом табууну талап кылышкан. Учурда кармалгандар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына киргизилди. Кылмыш ишти тергөө уланууда",-деп айтылат маалыматта.
Өткөн айда Жогорку Кеңеште кылмышка аралашкан спортчуларды наамынан ажыратуу сунушу көтөрүлгөн. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев парламентте кылмыш топтору аралашкан соңку окуялардан улам спорттук клубдардын эсеби алынып, текшерилип жатканын билдирген.
“Ош жана Жалал-Абад боюнча эле балдар мушташ, бокс менен алектенген 151 клуб бар экен. Кээ бирлери өзүнүн ден соолугун чыңоо максатында барса, өкүнүчтүүсү, айрымдары күчтөнүп алып, кылмышка даярданып жүргөн да жаш балдар бар,-деген Абдиев.
Ош шаарында 13-январда бир топ адам топтолуп турган, алардын бирин арматура менен аёосуз сабап жатышкан видео тараган. Үрөй учурган бул окуяда бир адам өлүп, дагы бири катуу жабыркаганы маалым болгон. Шаардык милиция адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталгандар кармалганын билдирген, алардын айрымдары спорт чөйрөсүндөгү жаштар экени аныкталган.
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Социальные и ESG-проекты ГПМ Радио названы лучшими в России
«Солисты Москвы» выступили в московской больнице в преддверии Дня медицинского работника
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Тулячка завоевала сразу два призовых места на Всероссийской Специальной Олимпиаде
["Кони привередливые"] "Коней на переправе меняют": Москва развернула нефтяные танкеры у Нью-Дели, наконец проявив решительность, которую не ожидали даже в Вашингтоне. "Дружба-дружбой, а табачок..."
Синоптики пообещали москвичам кратковременный дождь и до +27 градусов 15 июня
Якутские школьники участвуют в историческом форуме «Маршал Жуков» в Музее Победы в Москве