Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Июнь
2020

Тажикстан Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт

0
Тажикстан 25-июндан тартып Орусиядагы жарандарын алып келе баштайт. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги 19-июнда билдиргендей, Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск жана Екатеринбургдан жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдар уюштурулат.



Чартердик каттамдарга биринчилерден болуп оорулуу кишилер, жаш балалуу аялдар, кары-картаңдар, студенттер жана Орусияга иш-сапар менен барып кайта албай калгандар алынат. Алардын тизмесин  атайын комиссия түзөт.



Тажикстан аэропорттору коронавирус пандемиясына байланыштуу 20-мартта эл аралык каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Мындан улам Орусия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Германия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгү ондогон тажикстандыктар мекенине кайта албай калышкан.



Тажикстандын бийлиги 1-июлдан тартып Өзбекстан жана Дубайга учактар каттай баштарын билдирген. Аба жолдорун ачуу боюнча Орусия, Түркия жана Кытай менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланды.



Расмий статистикага ылайык, Тажикстанда коронавируска чалдыккандардын саны 5300гө чукулдады. Кеминде 51 адам COVID-19 илдетинен көз жумду. Бирок көз карандысыз эксперттер чыныгы сан бир нече эсе көп экенин билдирип келишет. 



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев дошел до финала теннисного турнира ATP в Дохе






Метеорологи скорректировали прогноз: потепление в Москве наступит позже

«Генерал КГБ»: Лукашенко готов продать Беларусь Трампу

Тысяча рублей на еду! Ульяновцев переведут на "продуктовые карточки"?

Встреча в 16, жизнь в коммуналке, две дочки с редкими именами: любовь Юры Борисова и Анны Шевчук, достойная «Оскара»