Москва Лукашенконун айыптоосун четке какты
Песков мындай айыпты койгон тарап кандайдыр бир аргументти келтириши керектигин, бирок андай далил жок экенин билдирди.
Бейшембиде беларус президенти Лукашенко өлкөнүн ички ишине жана шайлоого Орусия менен Польша тараптан кийлигишүү болуп жатканын билдирген.
“Азыркы беларус бийлигинин оппоненттери таза шайлоону өткөрүүнү талап кылат, бирок өздөрү таза эмес”, - деген Лукашенко. Ал оппозициячыл талапкерлер кимдир бирөөлөрдүн “куурчагы” экенин кошумчалаган.
Беларустун башчысы “Телеграмда” Орусия түзүмдөрү тараптан "үрөй учурган фейк кабарлар" тарап жатканына даттанган.
Лукашенко жакын арада шайлоого кийгилишүү маселесин Владимир Путин менен талкуулоону пландап жатат.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген. Өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко алтынчы мөөнөткө ат салышууда.
18-июнда анын негизги атаандашы, “Белгазпромбанктын” мурдагы башчысы Виктор Бабарико камакка алынган. Лукашенко “Беларустагы Майданга бөгөт койгонун” билдирген. Бул эл арасында нааразылык жаратып, митингдер өткөн. Анда оппозициянын 500дөн ашуун тарапташы жана акцияны чагылдырган журналисттер кармалган.