Коомдук ишмерлер Текебаевдин дарыланышына шарт түзүүнү талап кылды
![Коомдук ишмерлер Текебаевдин дарыланышына шарт түзүүнү талап кылды](https://gdb.rferl.org/85018B46-61CA-48D5-A2A0-F4F784F4F783_w800_h450.jpg)
Кыргызстандагы бир катар коомдук ишмерлер жана саясатчылардын 3-апрелдеги кайрылуусу президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Сапар Исаков, спикер Дастанбек Жумабековго жана парламенттеги фракциялардын лидерлерине, комитеттерге, Акыйкатчы, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына жолдонгон.
Анда «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев камалганга чейин эле атайын медициналык текшерүүдөн өтүп, гипертония жана жүрөк оорусу диагнозу менен толук курс дарыланганы, азыр да анын ден соолугу тууралуу кооптонууга негиз бардыгы белгиленген.
"Текебаевдин ден соолугунун начарлашына №47 түзөтүү мекемесинин жетекчилиги тарабынан сапаттуу медициналык тейлөө шарттарын түзүп бербегени өз кесепетин тийгизиши мүмкүн" деп жазылган.
Маалыматка караганда, эки жумадан бери Өмүрбек Текебаевге таза абада дем алууга уруксат берилбейт, ошол жердеги дарыгерлер тарабынан ар тараптуу текшерүү толук жүргүзүлө элек.
"Ата Мекен" партиясы Текебаевдин ден соолугунун начарлашына коркунуч туулганына байланыштуу, квалификациялуу дарыгерлерди тез арада киргизүүнү, түрмөдөн сырт жакта дарылоону жана ал отурган № 47 колониядагы мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу максатында Жогорку Кеӊеш депутаттары, Акыйкатчы, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор, тиешелүү министрлик, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия түзүүнү талап кылды. Бийликтен ага өз учурунда сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүнү көзөмөлдөөнү суранды. Жаза аткаруу кызматы бул билдирүүгө комментарий бере элек.
Буга чейин саясатчынын жубайы Айгүл Текебаева да анын саламаттыгынан кооптонуп жатканын "Азаттыкка" билдирген. Ал Өмүрбек Текебаев дарыгерлер бир жыл мурда жазып берген дарыларды ичип келатканын, анын артериялык кан басымы улам көтөрүлүп жатканын айткан.
Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот эки саясатчыны сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүү, үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу чечим чыгарган. Алардын соттун чечимине каршы жогорку инстанцияга кайрылган арыздары канааттандырылган эмес. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн "саясий куугунтук" катары баалап жүрүшөт.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Дүйшөнкул Чотонов Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган. (NT)