Мэрдин отчетун оппозиция жактырган жок
Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, "канааттандырарлык эмес" деп тапты.
Бишкек шаардык кеңешинин оппозициядагы "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, "канааттандырарлык эмес" деп тапты.
Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жыл башынан бери 30 миң оогандын өлкөгө киргенин "качкындардын жаңы толкуну" деп атады. Сойлу үстүбүздөгү жылдын январынан тарта 29 миң 899 киши киргенин айтып, былтыркы жылы келген 45 миң 259 качкын менен салыштырды. “Соңку айларда качкындардын жаңы толкунуна кабылдык, айрыкча Ооганстандан келгендер көп”, – деген Сойлу 1 миң 328 киши адам сатууга айыпталып, кармалганын кошумчалады. Түркия Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштын өлкөлөрүнөн Европага жакшы... Читать дальше...
"Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылык зыяратты уюштуруу, битир-садага бөлүштүрүү иштерин иликтеди. Буга чейин “Кыргызстан элинин абийирин жана ар-намысын коргоо комитети” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү аталган мекеме менен муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин дарегине бир катар сын айтып чыккан. Муфтият бул айтылгандарды толугу менен четке какты.
Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясы мэр Албек Ибраимовдун отчетун угуп, аны "канааттандыраарлык эмес" деп тапты. Муну фракция депутаттары шаарда аткарылган иштерге караганда аткарылбай калган иштер көп болуп калганы менен түшүндүрүштү. Депутаттар баш калаанын жолун оңдоо начар жүргөнүн, шаарда жерлер сатылып кеткенин да мэрдин ишинин начардыгы катары эсептешти. Бишкек шаардык кеңешиндеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары өзгөчө Ош базарындагы өрт кайра-кайра кайталанганын... Читать дальше...
Жүзгө жакын демонстрант Ереванда эл аралык "Звартноц" аэропорту менен баш калааны туташтырган кара жолду жабышты. Жүздөгөн машинелер шаарга кире албай калды. Ошол эле учурда аэропортко бараткан авиажүргүнчүлөр машинелерин таштап жөө жөнөштү. «Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Иран менен чек арасын туташтырган Ереван – Мегри жолу, ошондой эле түндүктөгү Ереван – Севан жолу да тосулганын жазды. Ошондой эле Армениянын башка шаарлары да наразылык иш-чараларына кошула баштаганы маалым болду. Демонтранттардын лидери... Читать дальше...
Кеңешбек Абдиев Бишкек хореографиялык окуу жайынын үчүнчү курсунун студенти. Абдиев бир апта мурда Алматыда өткөн "Орлео" сынагында биринчи орунду алды. Ал балет дүйнөсүнө кантип келгени, бул өнөргө эркек балдардын кызыгуусу туурасында айтып берди.
Кеңешбек Абдиев Бишкек хореографиялык окуу жайынын үчүнчү курсунун студенти. Абдиев бир апта мурда Алматыда өткөн "Орлео" сынагында биринчи орунду алды. Ал балет дүйнөсүнө кантип келгени, бул өнөргө эркек балдардын кызыгуусу туурасында айтып берди.
Жүзгө жакын демонстранттар Ереванда эл аралык "Звартноц" аэропорту менен баш калааны туташтырган кара жолду жабышты. Жүздөгөн машинелер шаарга кире албай калды. Ошол эле учурда аэропортко бараткан авиажүргүнчүлөр машинелерин таштап жөө жөнөштү. Армениянын Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети текшерүү-өткөрмө бекеттеринде иш үзгүлтүксүз жүрүп жатканын билдирди. Мурдараак нааразылык акциясына чыккандар Грузияга кеткен автотрассаны бөгөшкөнү кабарланды. «Азаттыктын» армян кызматы өлкөнүн Иран менен чек арасын туташтырган Ереван ... Читать дальше...
Чеченстандын соту "Мемориал” укук коргоо борборунун жергиликтүү кеңсесинин башчысы Оюб Титиевдин тергөө абагындагы мөөнөтүн 9-июнга чейин узартты. Укук коргоочу январь айында "мыйзамсыз маңзат сактаган" деп айыпталып, кармалган. Титиевдин адвокаттары тергөөчүлөр аларды иштен ар кандай жолдор менен оолактатып, айыпталуучуну атайын дайындалган адвокаттардын коргошун көздөп жатканын 25-апрелде билдиришти. Шаршембиде болгон сот процессине катышкан адвокат Марина Дубровина «жагдайдын өзгөрүп кетишине»... Читать дальше...
Бүгүн Ош шаарында өткөн футболдук беттеште Кыргызстандын "Алай" клубу Тажикстандын "Истиклол" клубунан 2:3 эсебинде утулуп калды. Бул тууралуу "Алай" футбол клубунун медиа офицери Ныяз Ташматов “Азаттыкка” билдирди. Футболдук мелдеш Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өттү. Башында Ош шаарынын футболчулары ыкчам гол киргизип, оюн бүтөөргө чейин тең келатышкан. Оюн бүтөөргө төрт мүнөт калганда гана “Алайдын” дарбазасына дагы бир гол кирип кетип, тажик футболчулары утуп кетти. Оюн... Читать дальше...
Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештеги 109 депутат колдоду. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган. Аты мурда-кийин коомчулукка анча белгисиз Жамшитов тууралуу пикирлер бир кылка эмес.
Башкы прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Жогорку Кеңештеги 109 депутат колдоду. Аны бул кызматка президент Сооронбай Жээнбеков сунуш кылган. Аты мурда-кийин коомчулукка анча белгисиз Жамшитов тууралуу пикирлер бир кылка эмес.
Советтик доордун символу саналган 15 баланы асыраган өзбек үй-бүлөнүн эстелиги кайра Ташкент шаарынын борборуна коюлат. 24-апрелде мэрия Шаахмед менен Бахри Шамахмудовдорго коюлган эстелик баш калаадагы Эгемендик сарайынын алдына мурдагы ордуна кайра тургузуларын билдирди. Шамахмудовдор 1940-жылдары Советтер Союзунун батыш аймактарынан эвакуацияланган 15 жетим баланы асырап алышкан. «Эл достугун даңазалаган эстелик Ташкенттин көркүн чыгарат. Ал баш калаада бир үй-бүлөдөй болуп жашаган жашаган ар... Читать дальше...
Азербайжан президенти Илхам Алиевдин кыздары офшордук аймактарда катталган ондогон компаниялар аркылуу Европада жана Жакынкы Чыгышта кымбат-баалуу мүлктөрдү жана заманбап мейманканаларды сатып алышканын журналисттер иликтеп чыгышты. Иран өзөктүк программасы боюнча жаңы эл аралык келишим түзүлүүсүн талап кылуунун мыйзамдуулугунан күмөн санады. Бул тууралуу бүгүн президент Хасан Роухани билдирди. Ооганстанда «Талибан» кайрадан жазгы чабуулдарын баштай турганын жарыялады. Ереванда бир күн тынчый түшкөн нааразылык жүрүштөрү кайрадан уланды.
Иран аны менен дүйнө державаларынын ортосунда жаңы өзөктүк келишим түзүүнү талап кылуунун мыйзамдуулугунан күмөн санады. Бул тууралуу бүгүн президент Хасан Роухани билдирди. Мунун алдында АКШ менен Франциянын президенттери Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин Тегеран менен жаңы келишим түзүүгө чакырышкан эле. Алар азыркы өзөктүк келишимдегиден кеңири чөйрөдөгү маселелерди камтуусу керек деп эсептешет.
Иран аны менен дүйнө державалары ортосунда жаңы өзөктүк келишим түзүлүүсүнүн талап кылынышынын мыйзамдуулугунан күмөн санады. Бул тууралуу бүгүн президент Хасан Роухани билдирип чыкты. Мунун алдында АКШ жана Франция президенттери Ак үйдөгү сүйлөшүүлөрүнөн кийин Тегеран менен жаңы келишим түзүүгө чакырышкан эле. Алар азыркы күчүндөгү өзөктүк келишимдегиден кеңири чөйрөдөгү маселелерди камтуусу керек деп эсептешет.
Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев прокуратурага ишенимдин жоголушуна саясатчыларды күнөөлөдү.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Жусупбек Коргонбай уулу шаардагы базарлар, майда соода жайлардын кайра пайда болушу, алар менен кимдир бирөө үлүштө отурарын айтып, мэрияны сынга алды. Шаар мэри Албек Ибраимов Ош базарындагы өрт боюнча комиссия иштеп жатканын айтып, ошонун негизинде чара көрөөрүн убада кылды. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары шаар мэри Албек Ибраимовдун отчетун угуп жатат. (KE/KR)
Ош шаарын жашылдандырууга бөлүнгөн каражат шаар тургундарынын арасында бүйүр кызыткан маселе бойдон калууда.
Кинематография департаменти кыргыздын улуттук оюндары тууралуу фильм тартуу үчүн сынак жарыялады. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, тасма тартууга мамлекет колдоо көрсөтөт. Сынакка кино тармагында иштеген адистердин баары катыша алат. Сценарий социалдык мааниге ээ болуп, коомдун маданий-нравалык баалуулуктарын даңазалап, жаштарга жана балдарга дем берүүгө тийиш. Арыздар 31-майга чейин кабыл алынат. 1-июлга чейин эксперттик комиссия аны карап чыгат. Читать дальше...
Бишкек шаарын көзөмөлдөгөн кримтөбөлдөр ("смотрящий") жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов билдирди. Анын айтымында, жыл башынан бери уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катары ИИМдин каттоосунда тургандар аралашкан үч кылмыш катталган. Алар опузалап акча алуу жана адамдын ден соолугуна зыян келтирүү фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Шейшембиде Брюсселде башталган эл аралык донорлордун эки күндүк жыйынында Сирияга жардам көрсөтүш үчүн алты миллиард доллар жыйноо зарыл экени белгиленди. Бул каражат жалаң эле Сириянын өзүнө эмес, анын жанындагы качкындарды кабыл алып жаткан Иорданияга, Иракка, Египетке да жардам катары бөлүнөрү айтылды. Улуттар Уюмунун жана Евробиримдиктин демилгеси менен өткөрүлүп жаткан жыйынга 85 мамлекеттин өкүлдөрү чогулушту. 24-апрелде сүйлөгөн сөзүндө Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары... Читать дальше...
Ереванда бир күн тынчый түшкөн нааразылык жүрүштөрү кайрадан уланды. Буга оппозиция лидери Никол Пашинян менен өлкөнү убактылуу башкарып турган Карен Карапетяндын тил табышпай жатканы себеп болууда.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаттары шаар мэри Албек Ибраимовду отчетун угуп жатышат. Фракция өкүлдөрү мэрди гана чакырганын айтып, анын орун басарларын, башка департамент жана башкармалыктардын жетекчилерин залдан чыгарды. Мэр мыйзамда жана регламентте "фракцияга отчет берүү" деген жок экенин, фракция мыйзамды бузуп жатканын, бирок отчет берүүдөн качпай турганын айтты. Ал мектептерди, маданий жайларды, жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатканын белгилеп, быйыл... Читать дальше...
Бишкек шаарында порнографиялык кызмат көрсөткөн вебкам-моделдердин көмүскө жайларын уюштуруу боюнча эки кылмыш иши козголуп, ага шектүү эки адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов билдирди. Анын айтымында, жакында материалдар тергелип бүткөн соң сотко жөнөтүлөт. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери Интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алган. Кыргызстандын... Читать дальше...