Бишкек-Анкара: Эрдоган "гүленчилер" маселесин козгоду
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Түркияга расмий сапар менен барды. Ал түрк мамлекет башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир нече келишимге кол коюлду.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Түркияга расмий сапар менен барды. Ал түрк мамлекет башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир нече келишимге кол коюлду.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Түркияга расмий сапар менен барды. Ал түрк мамлекет башчысы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир нече келишимге кол коюлду.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик Ак сарайда жолугушту. Жолугушуунун расмий аземинде Кыргызстандын мамлекет башчысынын кербенин атчандардын ардактуу кароолу Ак сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, гимндери жаңырды, бул учурда ардактуу кароолдун кошууну тизилип турду. Кыргызстандын президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Түркияга расмий сапар барды. Бул - анын президент катары Түркияга алгачкы сапары. Читать дальше...
Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин жыйыны быйыл сентябрь айында Бишкекте өтөт. Бул тууралуу Түркиянын жана Кыргызстандын президенттери Режеп Тайып Эрдоган менен Сооронбай Жээнбеков бүгүн Анкарадагы жолугушуудан кийин билдиришти. Ошондой эле жолугушууда бир катар келишимдерге кол коюлду. Алар: - Инвестиция жаатындагы меморандум; - Айыл чарба тармагындагы кызматташуу тууралуу макулдашуу; - Дене тарбия, спорт жаатындагы макулдашуу; - Инвестицияны өз ара колдоо жана коргоо макулдашуусу; ... Читать дальше...
Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде Анкара шаарындагы жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты, кыргыз-түрк мамилелерин талкуулады. Эрдоган жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында “Кыргызстан Түркия үчүн өзгөчө өлкө” деп билдирди. Түрк президенти ошондой эле өз сөзүндө "2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турат" деген диниятчы Фетхулла Гүлендин кыймылы Кыргызстан үчүн да кооптуу деп, кыргыз президентин аларга чара көрүүгө чакырды... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик Ак сарайда жолугушту. Жолугушуунун расмий аземинде Кыргызстандын мамлекет башчысынын кербенин атчандардын ардактуу кароолу Ак сарайга чейин коштоп барды. Эки өлкөнүн желектери көтөрүлүп, гимндери жаңырды, бул учурда ардактуу кароолдун кошууну тизилип турду. Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин алгач бетме-бет жолугушуусу болот. Андан соң кеңири курамдагы... Читать дальше...
Ооганстандын Герат провинциясында базардан алыс эмес жайгашкан мечиттин жанында болгон жардыруудан кеминде алты карапайым тургун мерт кетти. Провинциянын губернаторунун маалымат катчысы Жилани Фархаддын айтымында, курман болгондордун төртөө балдар. Фархад ошондой эле Шинданд шаарында болгон дагы бир жардыруудан тогуз бала жарадар болгонун кошумчалады. Кандуу окуялар үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Шаар Шинданд авиа базасынан 11 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал ооган аба күчтөрү жана аларды... Читать дальше...
АКШ киргизген жаңы санкциялардан улам баалуу кагаздар базарындагы арзандоодо орусиялык элүү киши бир күндө 12 млрд долларын жоготту. Бул тууралуу “Форбс” журналы жазды. Вашингтондун «кара тизмесине» түшкөн ишкер Олег Дерипаска 24 саатта эле бир млрд долларга жакын байлыгынан ажырады. Анын өнөктөшү Владимир Потанин дагы ушундай эле жоготууга кабылды. Ишкерлерге тиешелүү акциялардын баасы бир топ арзандады. Санкциялар тизмесиндеги дагы бир ишкер Виктор Вексельберг миллиард доллардай байлыгын жоготту. Читать дальше...
Кремл Вашингтон өткөн апта этегинде киргизген санкцияларды “келишкис” жана "мыйзамсыз" деп, Орусия Кошмо Штаттарга татыктуу жооп берерин билдирди. 9-апрелде орус өкмөтүнүн жогорку жетекчилери санкциялардан ишканалар кандай жабыр тартаарын баалап, аларга мамлекеттик көмөк көрсөтүүгө убада берди. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жаңы санкциялар “кабыл алгыс, мыйзамсыз жана алар эл аралык укуктун чегинен чыгып кеткен” деп баалаган. Санкциялардын жаңы айлампасы жарыяланган соң рублдин курсу ылдыйлап... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзбекстандык чек арачы аткан октон курман болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенип жатат.
Узаган жумада кикбокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Ооба, катардагы эле мелдеш. Бирок кармаштын көркүн рингге кайткан Улан Касымбеков ачты.
Ош Мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери менен алардын ата-энелери президентке, Жогорку Кеңеш төрагасына, премьер-министрге жана башкы прокурорго окуу мөөнөтүнүн узартылганына нааразылык билдирген кайрылуу жолдошту. Ага өкмөттүн ординатурада окуу мөөнөтүн беш жылга узарткан токтому негиз берди.
Сирияда өкмөттүк аскерий базага жасалган аба соккудан бир нече адам мерт болгону айтылууда. Венгриядагы парламенттик шайлоодо азыркы өкмөт башчы Виктор Орбандын партиясы жеңишке жетти. Екатеринбургда террорчулукка айыпталган өзбекстандык жана кыргызстандык жарандар 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратылды.
Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.
“Данисте” телетоптомунун бул жолку чыгарлышында он жашынан ата кесибин улантып, маасы ултарып келе жаткан устанын сыры, Орусияда кырсыктан майып болуп калган жалгыз бой эне, кыргыз, өзбек, тажик, перс акындарынын ырларын жатка билген Рахмат карыя, көп өнөрлүү тубаса майып, паралимпида оюндарына катышууну эңсеген Марс Жусукеев тууралуу айтып беребиз.
11-апрелде Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өткөнү турат. Ага азыркы президент Илхам Алиевден тышкары жети талапкер катышууда. Оппозиция бул шайлоого байкот жарыялап, ал адилеттүү өтөрүнө ишенбестигин билдирген.
Сириядагы өкмөттүк аскердик базага абадан урулган соккулар үчүн Дамаск менен Москва Израилди айыптады. Сириянын мамлекеттик медиасынын жаңылыктарына караганда, андан бир нече адам мерт болду же жаракат алды. Ага чейин Сириянын президент Башар Асадга каршы чыккан козголоңчулардын колундагы Дума шаарчасына "химиялык чабуул коюлду" деген маалыматтар чыгып, Дамасктагы бийлик кайрадан эл аралык коомчулуктун сын пикирлерине кабылган болчу. Бул окуяга байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн чукул жыйынга чогулганы жатат.
Айдай Добулбекова бир жарым жылдан бери Стамбул шаарында окуп жатат. Ал кыргызстандык достору менен бирге Стамбул шаарын көрөм деп келген туристтерди коштоп кыдыртып, кошумча киреше табат. Айдайга шаардын тарыхый аймактары, музейлери, деңиз жөнүндө билгиси келген туристтерге көрсөткөн котормочулук кызматы да абдан жагат экен.
Гүлчехра Оморова Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы кызматынан бошотулганы боюнча анын апасы Максуда Оморова пикир билдирип, муну Эмгек кодексин бузуу катары баалады. Ал 7-апрелде "Фейсбукка" көлөмдүү пост жазып, кызы "Ак үйдүн, Башкы прокуратуранын буйруктарын аткарбаганы үчүн" кызматтан кетиришкенин билдирди. Өзү да 20 жыл Бишкекте сот тармагында иштегенин, шаардык соттун төрагасынын орун басары да болгонун белгилеп, бийликтегилер сотторго көрсөтмө берээрин жазды. Максуда Оморованын билдирүүсү... Читать дальше...
2х1 форматындагы эксклюзив маектин бул жолку коногу - Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алманбет Шыкмаматов. Саясатчы Жогорку Кеңештеги саясий жүрүштөргө, “Ата Мекен” партиясынын жана анын лидери Өмүрбек Текебаевдин президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына, өкмөттү, башкы прокурорду алмаштырууга, “Ата Мекен” фракциясынын ичиндеги интригаларга, өзүнө таандык соттук териштирүүлөргө, байлыгына байланышкан “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
Пхеньян алгачкы жолу Вашингтонго расмий түрдө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жолдорун талкуулоону сунуш кылды. Бул тууралуу АКШ администрациясынын атын айтпаган өкүлүнө таянып "Рейтер" агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, жашыруун сүйлөшүүлөрдө Пхеньян жолугушууга кызыкчылыгы бар экенин билдирген. Буга чейин Түндүк Кореянын мындай ниети тууралуу Вашингтон Сеул аркылуу гана кабардар болуп турган. Сүйлөшүүлөр Улуттар Уюмунун жана атайын кызматтардын ортомчулугу менен жүрүп жатканы айтылууда. Читать дальше...
Түркияга 9-апрелде расмий иш сапары менен барган кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду Анкарадагы "Эсенбога" аэропортунда вице-премьер-министр Хакан Човушоглу баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алышты. Аэропортто ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илингенин президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди. 9-10-апрель күнгө пландалган сапарынын алкагында Жээнбеков түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган, өкмөт башчы Биналы Йылдырым жана Улуу улуттук кеңештин төрагасы Исмаил Кахраман менен жолугуп... Читать дальше...
Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) уюмдун президенти Кирсан Илюмжиновдун тезинен кызматтан кетишин талап кылды. Кайрылуу федерациянын сайтына жарыяланды. ФИДЕ мындай чечимин АКШ Илюмжиновго каршы киргизген санкциялардын айынан уюм финансылык кыйынчылыктарга туш болуп жатканы менен түшүндүрөт. Ошондой бул санкциялар “эл аралык федерациянын аброюна терс таасирин тийгизип, аны менен шайхмат сүйүүчүлөрдүн ишенимин жоготуп” жатканы менен байланыштырылат. Илюмжиновдун ФИДЕнин башчылыгынан кетиши тууралуу... Читать дальше...
Кемерово облусунун губернатору Аман Түлеев соода борборундагы өрттөн кийин “моралдык жоопкерчилиги” үчүн кызматын тапшырган соң эми аймактык парламенттин төрагасы болуп шайланары айтылууда. Кузбастын аймактык кеңешинин төрагасы Алексей Синицын дүйшөмбүдө мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетип, ал орунга Түлеев ылайыктуу экенин айтты. Жаңы төраганы шайлоо 10-апрелде өтөөрүн басма сөз кызматы кабарлады. 3-апрелде Түлеев Кемерово облустук кеңешине депутат болуп дайындалып, мандат алган. 73 жаштагы... Читать дальше...
Бишкектеги "Ататүрк" паркына "бомба" коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адам кармалып, кылмыш иши козголду. Анын жоругу Кылмыш-жаза кодексинин 228- беренесине ("Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү") ылайык иликтенүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады. 8-апрелде кечке жуук Бишкек шаардык милициясына белгисиз адам телефон чалып, "Ататүрк" паркына бомба коюлганын билдирген. Атайын кызмат менен шаардык ички иштер башкармалыгынын адистери паркты курчоого алып... Читать дальше...