Кремлдин кеңешчиси: Трамп Путинди Ак үйгө чакырган
Кремлдин жогорку кеңешчиси АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинди Ак үйгө келип кетүүгө чакырганын билдирди. Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков 2-апрелде жаңылыктар агенттиктерине кабарлагандай, Трамп мындай сунушун өткөн айда Путинди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктаганы чалганда айткан. Трамптын администрациясынын басма сөз катчысы Сара Сандерс эки лидердин 20-марттагы телефондук сүйлөшүүсүндө ыктымал жолугушууну өткөрүү үчүн бир нече имарат, анын ичинде Ак үй тууралуу да сөз болгонун айтты. Читать дальше...