Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 15.04.2018

CPJ Астананы журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Казакстандын бийлигин көз карандысыз маалымат каражаттарына каршы козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырды.  13-апрелдеги билдирүүдө казакстандык Ratel.kz жана Forbes Kazakhstan басылмаларын "куугунтуктоо өнөктүгүн токтотууга" бийликти үндөгөн. 2-апрелде Казакстандагы Forbes жана Ratel интернет-порталдары тинтүүгө алынган. Полиция Forbes Kazakhstan маалымат каражатынын редакторунун орун басары Александр Воротиловду, ал эми Ratel.kz сайтынын башкы редактору Марат Асиповду... Читать дальше...

Путин менен Роухани Сириядагы кырдаал тууралуу сүйлөштү

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин Батыш мамлекеттеринин Сирияга каршы кандай гана кошумча соккусу болсун "эл аралык мамилени чаң-тополоң кылат" деп эскертти. Бул тууралуу ал 15-апрелде Ирандын лидери Хасан Роухани менен телефондон сүйлөшкөндө айткан. Эки президенттин сүйлөшүүсү тууралуу Кремл кабарлады.   Маалыматта Владимир Путин менен Хасан Роухани АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын Башар Асаддын өкмөтүнө каршы соккулары эл аралык укукту бузуу менен жасалып, Сирия чатагын саясий жол менен... Читать дальше...

Орусиялык журналист Максим Бородин ооруканада көз жумду

Azattyk.org 

Екатеринбургдук иликтөөчү журналист Максим Бородин 12-апрелде өз батиринин терезесинен кулагандан кийин алган жараатынан айыга албай бүгүн ооруканада каза тапты.  32 жаштагы Максим Бородиндин өлүмү расмий өз өмүрүнө кол салуу катары каралып жатат. Бирок Бородин иштеп келген "Новый день" басылмасынын редактору Полина Румянцева окуя болгон күнү Бородин өз өмүрүнө кол салды дегенге ишенбей турганын айткан. Бородин кылмыштуулук жана жемкорлук тууралуу темаларды тынымсыз көтөрүп келген.  Акыркы... Читать дальше...

Ооган-Пакистан чек ара тилкесиндеги кагылыштан бир канча адам өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын чек ара полициясы менен Пакистандын аскердик чек ара кызматы эки өлкөнүн талаштуу аймагында кагылыша кеткен. Бул тууралуу Ооганстан менен Пакистандын расмий өкүлдөрү кабарлады.   Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү "Азаттык" үналгысынын ооган кызматына билдиргендей, 15-апрелде өлкөнүн чыгышында орун алган Хост провинциясындагы Зази-Майдан районунда болгон кагылыштан Пакистандын алты чек арачысы өлдү. Окуядан Ооганстандын бир чек арачысы каза таап, дагы экөө жарадар болгон. Ошондой эле бир жергиликтүү тургун көз жумган. Читать дальше...

Түптө жол кырсыгына кабылгандардын биринин абалы оор

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыкка кабылгандардын жакындары жол инспекторлорун сабады деген окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.  Бул тууралуу “Азаттыкка” Түп райондук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Мурат Жумабаев билдирип, 14-апрелде  Балбай айылында катталган автокырсык боюнча маалымат берди. Анын айтымында, Түп райондук жол коопсуздугу кызматкерлери токтобой койгон автоунааны кууп баратканда, ал Балбай айылында оодарылып кеткен. Ошол жерде жабыркаган балдардын жакындары келип... Читать дальше...

Ордо боюнча универсиаданын оюндары аяктады

Azattyk.org 

Ордо оюну боюнча республикалык универсиаданын жогорку лигасынын оюндары жыйынтыкталды. Мелдешке катышкан командалардын биринин машыктыруучусу Аким Нурсейитов билдиргендей, оюндар 13-апрелден 15-апрелге чейин Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы 79-мектептин спорт аянтчасында өттү. Ага сегиз Жогорку окуу жайдын командасы катышып, эки топко бөлүнүп ойноду (ОшТУ, ОшМУ, ОшМПИ, КМКТАУ ( КГУСТА), КУУ, КМЮА, КМТУ, КМДСА (Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт Академиясы). Мелдеш жыйынтыгында Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш... Читать дальше...

Тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу болгону аныкталды

Azattyk.org 

УКМК билдиргендей, Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мыйзамсыз иштерди жасаганы аныкталды. Маалыматка караганда, 2017-жылы аталган мекеме Кара-Суу районундагы Ачы жана Араван районундагы Кең-Сай айылдарындагы cоциалдык объектилерди куруу иштерин жүргүзүүдө ачык соода жүргүзгөн эмес. Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамын бузуу менен бир катар келишимдерди түзүшкөн. Бул келишимдердин негизинде аталган мекемеге тиешеси бар ортомчу ишканаларга 228 миллион сомдон ашык каражат которулган. Факты... Читать дальше...



Черногорияда президенттик шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Черногорияда бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Президенттикке жети талапкер ат салышууда. Алар -" Чыныгы Черногория" партиясынан Марко Милачич, бириккен оппозициянын өкүлү Младeн Бояничи, Акыйкат жана ынтымак партиясынын төрагасы Хазбий Калач, Пенсионерлер жана майыптар партиясынан Василий Миличкович, "Серб коалициясынан" Добрило Дeдeич, Социал-демократтар партиясынан Драгинья Вуксанович, Социалисттердин демократиялык партиясынан талапкер Мило Жуканович. Шайлоодо Мило Жуканович лидер болоору айтылууда. Читать дальше...

Мьянма бийлиги рохинжаларды мекенине кайтара баштады

Azattyk.org 

Мьянма өкмөтү коңшу Бангладешке качып өткөн мусулман-рохинжалардын арасынан биринчи үй-бүлөнү мекенине кайтарганын жарыялады.  AFP агенттигинин маалыматына караганда, бийликтин аеосуз мамилесинен корккон 700 миң рохинжа Мьянмадан Бангладешке качып барган. Укук коргоочулар Мьянмага кайтып бара турган мусулмандардын коопсуздугу коркунучта экенин, бийлик азыр пропаганда саясаты менен алектенип жатканын айтышууда.   Мьянмада мусулман-рохинжалар 2017-жылдын августунда бул өлкөнүн бийлиги тарабынан катуу репессияга жана зомбулукка кабылган. Читать дальше...

Кыргызстанда үч айда 900гө жакын өрт катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери 878 өрт катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине караганда 19,9% көп. Быйыл өрт кырсыктары 28 кишинин өмүрүн алды, арасында жаш бала да бар. Мындан тышкары, он беш киши ар кандай жараат алды. Куткаруучулар 43 кишини сактап калышкан. Үч ай ичинде катталган өрт кырсыктары 292 миллион сомдук зыян келтирген.  Былтыр тилсиз жоодон 31 адам каза болгон. ӨКМ өрт... Читать дальше...

Сирия армиясы Чыгыш Гутаны толук көзөмөлгө алды

Azattyk.org 

Сирия бийлиги бир нече жылдан бери ар кайсы козголоңчулардын колунда болуп келген Дамасктын четиндеги Чыгыш Гута аймагын толук көзөмөлгө алганын жарыялады.   Сириянын Коргоо министрлигинин бул маалыматын орус армиясы да ырастады.  "Жейш-аль-Ислам" куралдуу тобунун мүчөлөрү жана алардын үй-бүлөлөрү Дума шаарынан чыгып кеткени кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 20 миңге жакын киши автобус менен Сириянын түндүгүндөгү түрк армиясы көзөмөлдөгөн аймакка чыгарылды.... Читать дальше...

Жакыр өлкөдө араңжан балдар көп төрөлөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда жылына 160 миңге чукул ымыркай жарак дүйнөгө келсе, алардын 6 пайызы ара төрөлөт. Ара төрөлүүнүн себеби эмнеде? Мындай ымыркайларга кам көрүүдө кандай түйшүктөр бар?

Ош: айдоочу маңзат ташыганбы?

Azattyk.org 

Ошто ири өлчөмдө маңзат менен кармалган такси айдоочу Рамис Кулбараковдун иши бир жылдан бери соттон сотко өтүп, бир жаңсыл чечилбей келет.

Миңдеген венгерлер Виктор Орбандын саясатына каршы чыгышты  

Azattyk.org 

Венгриянын борбору Будапештте 14-апрелде миңдеген демонстранттар парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршылык билдирип, демонстрацияга чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланган деген нааразылыгын айтышты.  8-апрелде өткөн парламенттик шайлоодо учурдагы премьер-министр Виктор Орбандын "Фидес" деп аталган партиясы жеңгени расмий жарыяланган.  Будапешттеги акциянын катышуучулары "Биз - көпчүлүкпүз!" деген ураан чакырып, добуштарды кайрадан санап чыгууну, шайлоо жана басма сөз эркиндигине кепилдик тууралуу мыйзамды өзгөртүүнү талап кылышты. Читать дальше...

УКМК: Баңгизатка шектелип кармалган киши өз өмүрүн кыйды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук кызматы баңгизат ташуу каналынын уюштуруучусу деп кармалган адам тамырын кыйып, ооруканада каза тапканын кабарлады.  Маалыматка караганда, 13-апрелде УКМК кызматкерлери маңзат менен алектенген деген шек менен Ош облусунун 1971-жылы туулган тургунун кармаган. Кармоо учурунда ал бычак менен моюнун кескенге аракеттенген, бирок чекисттер ага жол бербей, медициналык жардам көрсөтүлгөн.   Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары мурда Ички иштер министрлигинин... Читать дальше...

Тарыхы 2400 жылдан ашат. Хандардын акылын калчаган тогуз коргоолдун эрежеси

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Тогуз коргоол — кыргыз элинин улуттук интеллектуалдык оюну. Тарыхчылардын айтымында, илгери болочок башкаруучулардын акылын ушул тогуз коргоол аркылуу текшерген. Оюндун 25 кылымга чукул тарыхы бар.

Новости России
Москва

Родители 317,2 тыс. детей в Московской области получают единое пособие


Ысык-Көлдө Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери сабалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине караштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Түп райондук башкармалыгынын инспекторлору автокырсыктан жабыркагандардын жакындары тарабынан сабалды. Бул тууралуу облустук милициядан "Азаттыкка" ырасташты.   Маалыматка караганда, инспекторлор жол кырсыгы тууралуу акт түзүп жатканда сабалып, ооруканага түшкөн. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.   14-апрелде Түп районунун Балбай айылында  Күрмөнтү айылынын тургуну башкарган «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаа катуу ылдамдыкта келип... Читать дальше...

Тажикстандагы кыргыз мектептерге китептер тапшырылды

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Тажикстандын Жерге-Тал районундагы кыргыз мектептерине "Манас", "Семетей", "Сейтек", Жеңижок жана башка маанилүү, көлөмдүү китептерди тапшырды. Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, китептер учурда Кыргызстанда жашаган тажикстандык кыргыз, “Кут билим” гезитинин кызматкери Жолдош Турдубаевге берилди. Жерге-Талда негизинен кыргыз улутундагы жарандар жашайт. Элүү орто мектептин кыркында балдар кыргыз тилинде билим алышат. (ZA)

Бостонов: "Кыргызмунайгаздын" тагдырын өкмөт чечет

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан "Кыргызмунайгаз" ишканасын орусиялык "Газпром" компаниясына берүү маселесин өкмөт чечет. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Рашид Бостонов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдан тартып Кыргызстан күйүүчү майдын евро стандартына өтүшү керек. "Кыргызмунайгаз" чыгарган продукция ага шайкеш келбегендиктен, аны жаңылоо жана жаңы мунай кендерин ачуу максатында инвесторлор изделип жатат. Бостонов буга чейин Орусиянын "Газпром" компаниясы менен алдын ала сүйлөшүүлөр болгонун... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Каспер Рууд

«Немного не повезло». Рууд — о матче на Кубке Лэйвера с Серундоло






Брусчатку обновили на бульваре Ветеранов в Чехове

Деревья высадили в парке «Ривьера» в Можайске

Спрос на долгосрочную аренду загородного жилья в России вырос летом на 43%

Science Direct: мамонтов погубила аллергия