Швед прокуратурасы сотто өзбек жаранын өмүр бою кесүүнү сурады
Швециянын прокуратурасы былтыр апрелде Стокгольм шаарында теракт уюштурууга айыпталып жаткан өзбек жараны Рахмат Акиловду өмүр бою эркинен ажыратууну соттон өтүндү. «Өмүр бою эркинен ажыратуудан башка чара колдонуу мүмкүн эмес. Акилов коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат жана ал азыркы көз карашынан кайтмайынча келечекте дагы коркунучтуу бойдон калат», - деди прокурор Ханс Ирман соттогу корутунду сөзүндө. Прокурордун сөзүнө караганда, Акилов Сирияга барып, «Ислам мамлекети» террордук уюмунун катарында согушууга ниет кылган. Читать дальше...