Мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин саясий жоопкерчилигин кароо үчүн атайын комиссия түзүү керектигин айтты. Мындай пикирин "Азаттык" радиосуна билдирди:
- "Белизгейт" окуясы боюнча убагында убада берген. "Мен жоопкерчиликти тартам" деген. Ал аткарылбады, иштин дайыны жок. Бир топ кишилер саясий өңүттө камалып кетти. Алардын сүйлөгөнү, жаздырылган аудиолордун чын-төгүнүн, Конституцияга канчалык туура келээрин аныктоо керек. Атайын комиссия түзүлүп, моралдык гана эмес, саясий жоопкерчилиги да каралышы керек.
Коомчулукта чуулгандуу иш катары белгилүү "Белизгейт" жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда ошол кездеги УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген болчу. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.
"Атамекенчилер" юристтерге таянып, УКМК тараткан маалыматтар далилденбегенин билдирген. Бул чатак боюнча экс-президент Атамбаев да пикирин айтып, Белиз өлкөсүнөн келгени сөз болгон документтер жасалма болуп чыкса, Абдил Сегизбаев жооп берээрин эскерткен.
Ушундан кийин Башкы прокуратура жана УКМК "Белизден алынды" деп айтылган документтерди иликтөө боюнча жумушчу топ түзгөн. Бирок ал жумушчу топ кандай тыянак чыгарганы коомчулукка ушул күнгө чейин айтыла элек.
Абдил Сегизбаев 7-апрелде өз арызынын негизинде УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. (SE)
Заместитель Московско-Курского транспортного прокурора в рамках работы мобильной приемной провела личный прием граждан на Курском вокзале г. Москвы
Росгвардейцы обеспечивают охрану правопорядка во время празднования Дня защиты детей.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
В Подмосковье сотрудники Росгвардии задержали гражданина, объявленного в федеральный розыск
Dustborn let me smash fascists and flirt with my situationship on a road trip across America
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland