Кочкордо мектеп мугалимсиз калуу коркунучуна кептелди
![Кочкордо мектеп мугалимсиз калуу коркунучуна кептелди](https://gdb.rferl.org/9B226330-1431-4BE9-8508-A68CD7CCBAC0_w800_h450.jpg)
“Кочкордун Семиз-Бел айылдык орто мектеби мугалимсиз калуу коркунучуна кептелди” деп айтып чыгышты кечээ аталган мектептин өкүлдөрү Бишкекте пресс-конференция өткөрүп. Алардын айтымында, былтыртан бери айлык маселеси чечилбей жатканына байланыштуу улам бир мугалим арызын жазып, башка жактарга кетүүдө.
Директордун орун басары Атыркүл Осмонованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, 2016-жылы райондук билим берүү башкармалыгы бул айылдын мугалимдеринин айлыкка кошулуучу акчасына тыюу салып койгон:
- Жалпы жамаат арыз жазып, иштегенден баш тартып жатат, анткени айлык маянасы өтө төмөн болуп кетти. Барбаган жерибиз калган жок, бирок эч кандай жылыш болбоду.
Осмонова мугалимдер 1-майга чейин күтөрүн, эгер талабы аткарылбаса башка мектептерге барып иштөөгө мажбур болушарын билдирди.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан айылда жашаган жана иштеген жарандарга айлыгына мамлекеттен кошумча акы төлөнөт. Бул акчаны Семиз-Бел айылдык мектебинин мугалимдери да алып келген.
Бирок 1790 метр бийктикте жайгашкан бул айылдын мугалимдеринин айлыгы мындай кошумча акы аларга "мыйзамсыз төлөнүп жатат, себеби тиешелүү критерийге 10 метр жетпейт" деген негизде 2016-жылдын ноябрында кыскарган. Маселен, 14 миң сом алып жүргөндөрдүн айлыгы 7900 сомго төмөндөгөн.
10 метр жетпесе да башка коңшу айылдардыкындай эле катаал шартта иштеп жатканын айткан 30дан ашуун мугалим бир нече ирет иш таштаган.
Билим жана илим министрлиги бийик тоолуу жана алыскы айылдардын тизмеси өкмөттүн 1997-жылдагы токтомунун негизинде бекитилгенин, анда Семиз-Бел айылы жок экенин айтууда. Ошону менен катар мугалимдердин талабы эске алынып, тизмеге кошумча киргизүү сунушу тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөнү кабарланды.(RK)