Классташтардын жолугушууларын өткөрүүгө каршы чыккан имам Бахтыяр Шараповго Бишкек шаарынын казысы эскертүү берди. Бул тууралуу казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов "Азаттык" радиосуна билдирди.
18-апрелде YouTube порталында классташтардын 10-20 жылдык жолугушууларын уюштурбоого чакырган диний мүнөздөгү аудио жазуу тараган. Аны Бишкектин Киркомстром конушундагы "Хайл-Хижра" мечитинин имамы Бахтыяр Шарапов сүйлөгөнүн интернет сайттар жазышкан. Муну казынын жардамчысы Толкунбек Жуманов да бышыктады:
- Ауидо жазуу интернетке чыгары менен Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажидов имамга телефон чалып, мындай чакырыктарды жасоо туура эместигин катуу эскертти. Имам экинчи кайталабоого убада берди.
Казыят өкүлү имамдын сөздөрү анын жеке пикири экенин, башкалардын көз карашын чагылдырбай турганын кошумчалады.
Бахтыяр Шарапов “Азаттыкка” комментарий берип, муну эки апта мурун мечитте сүйлөгөнүн айтты:
- Ибадатка келгендердин бири ушул темада суроо узаткандыктан, жопо иретинде айттым эле. Чакырык кылуу ниетим жок эле. Ар бир адам адашат эмеспи. Казыяттан эскертүү беришти. Туура кабыл алдым.
Кыргызстанда жыл сайын мектепти бүтүп кеткен классташтардын 10-20 жылдык жолугушуулары өтөт. Коомчулукта мындай жыйындар достордун сагынычвн тараткан кезигишүүсү катары да, ашыкча чыгым деп да сыпатталып жүрөт.
Конституциянын 25-беренесинде “ ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө, барчу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу” деп жазылган. (SE)
Языковые модели на основе искусственного интеллекта, повышение производительности сотрудников и экономия ресурсов: BIA Technologies обозначила основные тренды цифровой трансформации
Совладелец «ТЕХНОНИКОЛЬ» Игорь Рыбаков запустил на Дальнем Востоке бизнес-клуб «Эквиум»

Зарема о Виллиане Жозе в «Спартаке»: «Бразилец в Москве обязательно найдет, чем заняться поинтереснее футбола. Сравнения с Мозесом неактуальны, Амарал берет игрока на закате карьеры»
Орбакайте обратилась к Пугачевой со сцены в Израиле
Даванков предложил отправлять в приюты диких животных, изымая их у плохих хозяев
Экс-главу входящего в "Роскосмос" НИИ приговорили к пяти годам заключения