Кочкордо мектеп мугалимсиз калышы мүмкүн
Директордун орун басары Атыркүл Осмонованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 2016-жылы райондук билим берүү башкармалыгы бул айылдын мугалимдеринин айлыкка кошулуучу акчасына тыюу салып койгон:
- Жалпы жамаат арыз жазып, иштегенден баш тартып жатат, анткени айлык маянасы өтө төмөн болуп кетти. Барбаган жерибиз калган жок, бирок эч кандай жылыш болбоду.
Осмонова мугалимдер 1-майга чейин күтөөрүн, эгер талабы аткарылбаса башка мектептерге барып иштөөгө мажбур болушарын билдирди.
Кыргызстандын мыйзамдары боюнча деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан айылда жашаган жана иштеген жарандардын айлыгына мамлекеттен акча кошулат. Бул акчаны Семиз-Бел айылдык мектебинин мугалимдери да алып келген.
Бирок 1790 метр бийктикте жайгашкан бул айылдын мугалимдеринин айлыгы мындай кошумча акы аларга "мыйзамсыз төлөнүп жатат, себеби тиешелүү критерийге 10 метр жетпейт" деген негизде 2016-жылдын ноябрында азайтылган. Маселен, 14 миң сом алып жүргөндөрдүн айлыгы 7900 сомго түшкөн.
10 метр жетпесе да башка коңшу айылдардыкындай эле катаал шартта иштеп жатканын айткан 30дан ашуун мугалим бир нече жолу иш таштаган.
Билим берүү жана илим министрлиги бийик тоолуу жана алыскы айылдардын тизмеси өкмөттүн 1997-жылдагы токтомунун негизинде бекитилгенин, анда Семиз-Бел айылы жок экенин билдирүүдө. Ошону менен катар мугалимдердин талабы эске алынып, тизмеге кошумча киргизүү жөнүндө сунуш тиешелүү мекемелерге жөнөтүлгөнү кабарланды. (RK)