Баткенде үзүлгөн бир канча айгүлдү кармап сүрөткө түшкөн кыздар "жашыл патрулдар" болгон. Бул тууралуу 27-апрелде Жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу департаментинин Баткен өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.
Буга чейин Баткендин “Айгүл Тоо” ботаникалык коругунда айгүл кучактап турган кыздардын сүрөтү Интернетке тарап, соцтармактарда талкууга түшкөн.
Аталган мекеме иликтөө жүргүзүп, үзүлгөн гүлдөрдү кармап турган кыздар Эрматов атындагы орто мектептин “айгүлдү коргоо үчүн түзүлгөн жашыл патрулдары" экенин аныкташкан. Алар тоо башында саякатчылар үзүп, тебелеп кеткен айгүлдү терип, корук кызматкерлерине өткөрүп бериш үчүн баратканда башкалар сүрөткө тартып алышкан.
- 21-апрелде "жашыл патрулдар" үзүлүп, тебеленген 21 даана айгүлдү ботаникалык коруктун кызматкерлерине атайын актынын негизинде өткөрүп беришкен, - деди мекеменин адиси Даабек Гавсидинов.
Айгүлдү үзүп, тебелегендер көбөйүп, жоголуу коркунучуна келгенинен 1978-жылы Кыргызстандын “Кызыл китебине” кирип, учурда бир даана гүлдү үзгөндөргө 4500 сом айып пул салынат.
2008-жылы жалпы аянты 250 гектарды түзгөн “Айгүл Тоо” ботаникалык коругу уюштурулуп, токой чарба кызматкерлери коргошот. Гүл ачылган сезондо Эрматов атындагы орто мектептин окуучулары жардам берет.
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Автопробег в честь Дня России прошел в Ленинском округе
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Музей Победы ко Дню медика открыл новую площадку
Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
Три дня звезды в прыжках в воду будут биться за медали Игр БРИКС в Казани
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»