Бишкекте тамактан уулангандардын саны көбөйдү
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын Бишкектеги жетекчиси Артур Буюкляновдун маалыматы боюнча, "Ала-Тоо" ресторанында тамактан ууланганын айтып, дарыгерге кайрылгандардын саны 139га жетти. Алардын ичинен 89у Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Булардын ичинен 19у балдар. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эсенбек Сатылкановдун маалыматына караганда, Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага ушул тойдон кешик жеген 12 киши кайрылган. Читать дальше...