Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 06.04.2018

“Ата Мекен” башкы прокурор Жолдубаевага ишенбестик көрсөттү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы бүгүн башкы прокурордун отчетун укту. Депутаттар элдин назарындагы кылмыш иштери, алардын катарында Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллардын уурдалышы, "Манас" аба майданы, "Идеал-Хаус", Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча иликтөөлөрдүн жыйынтыгы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин резиденцияга үй салышынын мыйзамдуулугу боюнча суроолор беришти. Фракция жыйынына Индира Жолдубаева келген жок, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна анын орун басары Бөкөнбай Казаков жооп берди. Читать дальше...

Баткен шаарында 500 аял бий акциясын өткөрдү

Azattyk.org 

“Бий - бул ден соолук, ден соолук - бул сулуулук” деп аталган акция 7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Баткен шаарында өттү. Акция таң эрте башталып, 500 аял музыканын коштоосунда бийлеп, дене көнүгүүлөрүн жасашты. Жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган акцияда дарыгер айымдар пайдалуу дене көнүгүүлөрүн көрсөтүштү. Мыкты бийлеген айымдар уюштуруучулар тарабынан белектерге ээ болушту.  Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова сөз сүйлөп, аялдарды спорт менен машыгууга, бийлөөгө жана сергек жашоого үндөдү. Читать дальше...

"Ата Мекен": Жогорку Кеңеш Жолдубаевага саясий баа бериш керек

Azattyk.org 

Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы прокуратура органдарынын иши тууралуу отчетту угуп жатат. Депутат Наталья Никитенко башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жылдык отчетко келбей койгонун сынга алып, андай болсо ооруп жатканы тууралуу тастыктама алып келип бериши керек экенин айтты. - Биз ал жок Башкы прокуратуранын отчетун кантип карайбыз? Анын өзүнө бир топ суроолор бар болчу. Анткени башкы прокурор катары айрым иштерди Индира Жолдубаева өзү козгогон. Ал өз каалоосу менен келбей коё албайт. Читать дальше...

“Идеал-Хаус” боюнча ишти тергөө ИИМге берилди

Azattyk.org 

"Идеал-Хаус" компаниясына караштуу имараттардын сатылышынын мыйзамдуулугун аныктоо боюнча кылмыш ишин тергөө Ички иштер министрлигине тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаков билдирди. Фракция бүгүн прокуратура органдарынын иши тууралуу отчет угуп жатат. Анда Нарын каскадын курууга багытталган 37 миллион доллардын уурдалышы, "Манас" аба майданы, "Идеал-Хаус", Бишкек ЖЭБине кеткен 386 миллион доллардын сарпталышы... Читать дальше...

“Кыргыз-Кувейт байланыштары” аттуу китеп араб тилинде жарык көрдү

Azattyk.org 

Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушевдин “Кыргыз-Кувейт байланыштары” китебинин араб тилине которулган басылмасы жарык көрдү. Бул тууралуу автор “Азаттыкка” билдирди. Илимпоз-тарыхчынын араб тилине которулган китеби 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы саясий, экономикалык, илимий жана билим берүү багыттарындагы кызматташуусунун жүрүшү архивдеги тарыхый булактардын негизинде жазылган. Бул китептен окурман... Читать дальше...

УКМКнын 9-кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Токтосун Сабыров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары рангындагы 9-кызматынын зардалы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады. 9-кызматтын мурдагы зардалы, ага чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болгон Дамир Мусакеев 4-апрелде өз арызынын негизинде кызматтан кеткен. УКМКнын 9-кызматы мамлекеттин биринчи адамдарынын коопсуздугун камсыз кылат жана стратегиялык объекттерди кайтарат. Читать дальше...



Оторбаев: психикалык жактан жабыркаган 6 миң бала катталган

Azattyk.org 

Кыргызстанда психикалык жактан жабыркаган алты миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу акыйкатчы Кубат Оторбаев "Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу" аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулоо үчүн уюштурулган жыйында билдирди. Оторбаевдин айтымында психикалык жактан жабыркаган балдардын саны өсүүдө жана реалдуу сан мындан да жогору болушу мүмкүн. Анткени айрым ата-энелер мындай балдарын каттоого тургузгусу келбейт. Акыйкатчынын баяндамасында ошондой эле психиатриялык... Читать дальше...

"Центерра" Кумтөрдү чалгындагысы келет

Azattyk.org 

Канадалык "Центерра Голд" ишканасы Кумтөрдө чалгын иштерин улантууну көздөйт. Мындай ниетин компаниянын директору кыргыз премьер-министри менен жолугушууда билдирди. Бирок мамлекеттик органдар "Центерра" кен чалгындоого укугу жок экенин айтууда. Бул арада жарандык коом өкүлдөрү жаңы мөңгүлөргө коркунуч жаралабы деп чочулай баштады.

Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугу текшерилет

Azattyk.org 

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздук эрежелери канчалык деңгээлде сакталганын аныктоо боюнча биргелешкен буйрук чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, буйруктун негизинде облустук, район-шаардык билим берүү башкармалыктарына, бардык жогорку жана орто окуу жайлары, мектеп, интернат, бала бакчалардын жетекчилерине өрт коопсуздук эрежелери боюнча талаптардын аткарылып жатканын карап чыгуу тапшырмасы берилди. Читать дальше...

“Ата Бейитте” апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

“Ата Бейит” мемориалдык комплексинде бүгүн 2010-жылы апрель окуясында каза болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Алар ыңкылапта окко учкандарга арналып курулган эстеликке гүл коюп, куран окушту. Ошол окуя учурунда бийликке каршы оппозицияда болгон ишмерлер бул ыңкылаптан Кыргызстан сабак алышы керектигин белгилешти. Сегиз жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент... Читать дальше...

“Ата-Бейитте” апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Azattyk.org 

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде бүгүн 2010-жылы апрель окуясында каза болгондор эскерилди. Эскерүү иш-чарасына Темир Сариев, Жантөрө Сатыбалдиев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев баштаган коомдук ишмерлер, жарандык коом өкүлдөрү катышты. Алар ыңкылапта окко учкандарга арналып курулган эстеликке гүл коюп, куран окушту. Ошол окуя учурунда бийликке каршы оппозицияда болгон ишмерлер бул ыңкылаптан Кыргызстан сабак алышы керектигин белгилешти. Сегиз жыл мурда 7-апрелде эл мурдагы президент... Читать дальше...

Кыргызстанда "Баарына ден соолук!" деп аталган акция башталат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 6-7-апрелдеги республикалык масштабдагы акция Дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай өткөрүлгөнү жатат. "Баарына ден соолук!" деген ураандын алдындагы иш-чараны  аталган мекеме Beeline компаниясы жана "Саламат клуб" волонтерлор кыймылы менен чогуу уюштурууда.  Маалыматка караганда, эки күн бою өлкө аймагында саламаттыкка кам көрүү боюнча маалымдоо, алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт. Студент-волонтерлор калкка гипертония, жүрөк-кан тамыр дарттарын, диабеттин алдын алуу боюнча маалыматтарды таратат. Читать дальше...

Кыргызстанда "Баарына ден соолук!" аттуу акция башталат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 6-7-апрелдеги республикалык масштабдагы акция Дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай өткөрүлгөнү жатат. "Баарына ден соолук!" деген ураан алдындагы иш-чараны аталган мекеме "Beeline" компаниясы жана "Саламат клуб" ыктыярчылар кыймылы менен чогуу уюштурууда.  Маалыматка караганда, эки күн бою өлкө аймагында саламаттыкка кам көрүү боюнча маалымдоо, алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт. Студент-ыктыярчылар калкка гипертониянын, жүрөк-кан тамыр дарттарынын, диабеттин алдын алуу боюнча маалыматтарды таратат. Читать дальше...

Акаев: Индира Жолдубаеванын тагдырын чечебиз

Azattyk.org 

Парламент депутаты Жанар Акаев 5-апрелде “Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” программасына катышкан учурда Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү тууралуу чечим чыгарышы мүмкүндүгүн билдирди:  - Жума күнү оппозициялык фракциялар башкы прокурордун отчетун угат. Менин жеке пикиримде, аны иштен алуу боюнча бир нече фракция чечим чыгарат. Шейшемби күнү аны тиешелүү комитет караса, жалпы жыйында коалициядан мурун башкы прокурордун тагдырын чечишибиз керек. Читать дальше...

Абу Бакр ал-Багдади Иракта экени кабарланды

Azattyk.org 

Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын жетекчи орун басары Игорь Костюков "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади Иракта жашырынып жүргөнүн билдирди. "Интерфакс" агенттигине берген маегинде ал: - Чындыкка жакын божомолго караганда, Багдади Иракта. Анын Сирияда жүрүшү мүмкүн эмес. Азырынча кайсы жерде экенин анык билбейбиз, - деди.  Костюков көпчүлүк мамлекеттердин атайын кызматтары Багдадинин изин табуу менен алектенип жатканын кошумчалады.  Буга чейин Абу Бакр ал-Багдади... Читать дальше...

Петербургда чет элдик консулдуктардын жабылышына каршы акция өттү

Azattyk.org 

Санкт-Петербургда "Открытая Россия", "Весна" сыяктуу кыймылдардын мүчөлөрү 5-апрелде пикетке чыгып, АКШ жана Британия консулдуктарынын жабылышына нааразылык билдиришти. Алар колдоруна плакат кармап, орус бийлигинин чечимине каршы экенин айтышты.  "Азаттык" радиосунун орус кызматы маалымдагандай, активисттер өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин аракетин сындап, муну жарандарды кыйноо катары баалашты. Полиция акция катышуучуларынын документтерин текшерип чыкты.  Орусиялык мурдагы тыңчы Сергей Скрипал... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Марин Чилич

Эйсинг-777 // Марин Чилич стал самым низкорейтинговым чемпионом турнира АТР






«Едем на рыбалку»: Башаров рассказал о последнем разговоре с Мадяновым

Силовики пресекли деятельность ОПГ, занимавшейся организацией незаконной миграции в Ростове

В Москве проведут капремонт в 47 домах позднесоветской серии

Блокада или мир: Лавров поставил США перед честным выбором