Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 08.04.2018

Аба ырайы: 9-апрелде жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда 10-апрелге чейин жаан-чачын болуп, тоолуу райондорго кар түшөт. Өлкөнүн тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Дарыяларда да суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал. 9-апрелде түнкүсүн ​Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорго кар жаайт. Бийик тоолуу жолдорго муз тоңот. Читать дальше...

Бишкекте улгайган кишилер чуркап күч сынашты

Azattyk.org 

Бишкекте жашы 60тан өткөн кишилер чуркап, күч сынашты. 120 адам катышкан таймашты Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "Тең мүмкүнчүлүктөр" бейөкмөт уюмунун жардамы менен уюштурду.  Ботаникалык бакта 7-апрелде өткөн мелдеште аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө 500 жана 1000 метр аралыкка чуркашты. Эң улуусу 86 жаштагы байбиче болду. Катышуучуларга белектер берилди.  Дастан Бекешев бул марафон улгайган кишилерди сергек жашоого үндөө максатында өткөрүлгөнүн "Азаттык" радиосуна билдирди. (SE)

Жаңы багыт издеген түркмөн мигранттары

Azattyk.org 

Түркмөн жарандары каатчылыктан улам керек болсо Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдөн да жумуш издеп жатканын Түркмөнстандан келген соңку кабарлар ишара кылууда.

Москвада Кыргызстандын жаратылышын даңктаган сүрөт көргөзмө өтүүдө

Azattyk.org 

Москвадагы Классикалык сүрөт галереясында Кыргызстандын жаратылышын даңктаган көргөзмө өтүп жатат. Аны "Көчүп жүрүүчү фотографтар бирикмеси" уюштурган.  Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, көргөзмөгө Кыргызстандын бардык аймактарынан тартылган 100 фотосүрөт коюлган. 1-мартта башталган маданий иш-чара 16-апрелге чейин уланат. (SE)

Оренбургда түрмөдө отургандар ачкачылык жарыялашты

Azattyk.org 

Орусиянын Оренбург облусунда түрмөдө отургандар ачкачылык жарыялашты. Новотроицктеги №3 колонияда жаза өтөп жаткан элүүдөн ашуун киши оорулууларга дары-дармек берилбей, туугандар менен жолугушуу убактылары кыскартылганына каршы болуп, нааразылык башташкан. Бул тууралуу 6-апрелде жергиликтүү басылмаларга таянып "Азаттыктын" орус кызматы кабарлады.  Андан тышкары камераларда адамдын көптүгү, жетекчиликтин кенебестик мамилеси да нааразылыктарга себеп болууда.  Түрмөдөгүлөрдүн жакындары абакта адам укуктары бузулуп жатканын белгилешүүдө. Читать дальше...

Христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат

Azattyk.org 

Бүгүн христиандар Пасха майрамын белгилеп жатышат. Бул күн сыйынуулар, ырым-жырымдар менен коштолот. Майрам күнү атайын таттуу токочтор бышырылат.  Православ христиандар Пасха майрамын белгилөөнү Бишкектеги борбордук чиркөөдө 8-апрелге караган түнү башташты. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бул диний майрамга карата куттуктоо жолдоду.  Пасха христиан дининде Иса Машаяктын тирилген күнү катары саналат.  Кыргызстанда 40тан ашуун православ чиркөөсү христиандарга кызмат кылат. Өлкөдө христиан динин туткандар элдин 16% түзөрү айтылат. Читать дальше...

Ооганстанда "Ислам мамлекети" тобунун жергиликтүү лидери өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын Жаузжан аймагында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун жергиликтүү лидери Кары Хикмет өлтүрүлдү. Аны өкмөттүн коопсуздук күчтөрү 5-апрелде жок кылышкан.  Облустук полициянын башчысы Факыр Мухаммар Жаузжани 7-апрелде берген маалыматка караганда, Хикмет менен кошо эки жансакчысы, эки жоочу да өлтүрүлгөн.  Ооганстандын бир канча райондорунда "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери бар. Көпчүлүгү Пакистан менен чектешкен, талиптер көзөмөлдөгөн аймактарда.  Аталган экстремисттик топ эч бир районду толук көзөмөлгө алган эмес. Читать дальше...

Мюнстерде адамдарды тебелетүүгө шектүүнүн тек жайы такталды

Azattyk.org 

Германияда жүк ташыган машинада адамдарды тебелетип кетти деп шектелген кишинин тек жайы такталды. Ал жергиликтүү 49 жаштагы тургун экени, акыл-эси ордунда эместиги айтылууда. Полиция анын үйүндө тинтүү жүргүздү. Күч органдары шектүүнүн экстремисттик топтор менен байланышы тууралуу маалыматтар жоктугун билдиришти.  Расмий кабарларга ылайык, Мюнстер шаарында 7-апрелде жүк ташыган автоунаа көчө кафесинде отургандарды тебелеп кеткен. Үч киши өлүп, отуздан ашууну жараат алган. Алты адам оор абалда ооруканага жаткырылган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

«Недальновидное решение». На «Беларусь 1» раскритиковали отказ Арины Соболенко от Олимпиады






Фестиваль «Все по классике»: необычная участница!

Живем, как после инсульта. Переболевшие ботулизмом рассказали, что ощущают

Синоптики пообещали москвичам теплую погоду без дождей 27 июня

Томские АКМ-3 и Карьероуправление победили в архитектурном конкурсе