Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2018

Новости за 19.04.2018

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Azattyk.org 

21-апрелге чейин Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрөт. 19-20-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 20-апрелде аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Читать дальше...

Трамп Ким менен сүйлөшүүдөн чыгып кетиши да ыктымал

Azattyk.org 

АКШнын президенти Түндүк Кореянын лидери менен жолугушууга чоң үмүт артып жатканын 18-апрелде билдирди. Ал эгер сүйлөшүү жемиштүү болбосо аны токтотуп, жыйындан чыгып кетүүгө даяр экенин кошумчалады.  - Түндүк Корея өзөктүк куралдарынан арылмайын болушунча басым кылуу аракеттерибиз улана берет. Алар жасап аткан иштердин көптөгөн өңүттөрүн абдан сыйлайбыз. Бирок биз чогуу жыйын курушубуз керек. Биз өзөктүк куралды тыйышыбыз керек.. Идеалында дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда. Бул баарыбыздын максатыбыз болмок, - деди Дональд Трамп. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш эртең, 20-апрелде кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди. Ушул эле күнү коалициялык көпчүлүк премьер-министрдин кызматына талапкерди карай турганы буга чейин маалымдалган. Негизиги талапкер катары президенттик аппараттын башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты аталууда. Бүгүн Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен өкмөткө ишенбестик көрсөтүү боюнча парламенттеги азчылыктын сунушун колдоду. Ага 102 депутат “макул”, төртөө “каршы” добуш беришти. Читать дальше...

Ак-Сууда жер тилкесин талап кылгандар айдоого боз үй тигип алышты

Azattyk.org 

Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп, нааразылык акциясына бүгүн да чыгышты. 100гө чукул жашоочулар айыл аймагындагы мурунку урук өндүрүүчү станциянын аймагындагы 108 гектар жерди айыл элине үлүшкө бөлүп берүүнү талап кылууда. Чогулгандар айдоо жерге эки боз үй тигип алышты. Алар "Мамыр" аттуу акционердик коомунан жерди ажыратып, элге жер тилкеси катары бөлүш керек деп эсептешет. Нааразы болгондор менен облустун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, райондун акими... Читать дальше...

Ак-Сууда жер тилкесин талап кылгандар дагы акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Ак-Суу районунун Жол-Колот айылынын тургундары жер бөлүп берүү маселесин көтөрүп, нааразылык акциясына бүгүн да чыгышты. 100гө чукул жашоочулар айыл аймагындагы мурунку урук өндүрүүчү станциянын аймагындагы 108 гектар жерди айыл элине үлүшкө бөлүп берүүнү талап кылууда.  Алар "Мамыр" аттуу акционердик коомунан жерди ажыратып, элге жер тилкеси катары бөлүш керек деп эсептешет. Нааразы болгондор менен облустун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев, райондун акими, облустук милициянын башчысы жолугуп талаптарын угушту. Читать дальше...

Анкарада Айтматовдун 90 жылдыгына арналган салтанат башталды

Azattyk.org 

Түркиянын борбору Анкарада кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Мааракенин ачылыш аземине түрк расмий өкүлдөрү жана Кыргызстандын маданият министри Султан Жумагулов катышууда. Сөз сүйлөгөн Жумагулов кыргыз бермети Ысык-Көлдө “Айтматов жана учур чакырыктары” аттуу дүйнөлүк интеллектуалдардын форуму өтөөрүн маалымдады. Буга байланыштуу ал Кыргыз Республикасынын элинин жана өкмөтүнүн атынан Түркиянын өкмөтүнө ыраазычылык жолдоду. ТҮРКСОЙ уюму тарабынан уюштурулган... Читать дальше...

Сауд Арабиясында кинотеатр ачылды

Azattyk.org 

Сауд Арабиясында кинотеатрларга салынган 40 жылдык тыюу күчүн жоготту. 18-апрелде Эр-Риядда салтанаттуу түрдө алгачкы коммерциялык кинотеатр ачылды. Ага маалымат министри баш болгон бийлик өкүлдөрү, ханзаадалар жана чет элдик коноктор да катышты.  Ачылыш аземинде жаңы чыгып жаткан "Кара пантера" көркөм фильми көрсөтүлдү. Бейшембиден тартып билеттер жалпы сатыкка чыгарылат.  - Кинотеатрларга келип, тасмалардан рахат алгысы келгендерди абдан кубаттайбыз. Ким кинону үйүнөн көргүсү келсе, бул алардын тандоосу. Читать дальше...



Атамбаевдин доосу: Жогорку сот Жакупованын өтүнүчүн кайра кароого жөнөттү

Azattyk.org 

Жогорку сот “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доосу боюнча компенсацияны бөлүп төлөө тууралуу өтүнүчүн кайра кароого жиберди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жакупова өзү билдирди. Буга чейин Бишкек шаардык жана райондук соту Жакуповага коюлган айыпты бөлүп төлөөгө тыюу салган чечим чыгарган болчу. Анын айтымында, соттук коллегия бул боюнча чечимди бүгүн, 19-апрелде кабыл алды. - Жогорку сот биринчи эки инстанциянын чечимдерин артка кайтарып... Читать дальше...

РАЖ көпчүлүк коалицияга кошулду

Azattyk.org 

Парламенттеги “Республика - Ата Журт” (РАЖ) фракциясы көпчүлүк коалицияга кошулду. Бул тууралуу маалыматты КСДП фракциясынын мүчөсү Абдувахап Нурбаев “Азаттыкка” ырастады. РАЖдын коалицияга кошулушуна “Кыргызстан”, “Бир Бол” жана КСДПнын бардык депутаттары макул болгон. Маалыматка караганда, 20-апрелде парламенттеги көпчүлүк премьер-министрликке көрсөтүлө турган талапкерди карайт. Негизиги талапкер катары Мухамедкалый Абылгазиевдин аты аталууда. Ал азыр президенттин аппаратын жетектейт. Буга чейин Социалдык фондду жетектеп... Читать дальше...

Масалиев: КСДП оппозицияда калышы керек

Azattyk.org 

“КСДП баштаган көпчүлүк коалиция өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу сунушту колдогону жакшы болбой калды”. Бүгүн парламенттин түштөн кийинки жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев ушундай пикирин билдирди. Ал коалицияны "буга чейин кадр маселесин чече алган эмес" деп сындады. - Бир жума мурда өкмөттүн отчетуна жакшы баа берип, бүгүн ишеним көрсөтпөөнү колдогону жакшы болбой калды. Сиздер өкмөтүңөрдү коргошуңар керек болчу. Бүгүн ишеним көрсөтпөө - КСДП фракциясына ишеним көрсөтпөө деген сөз.“Кыргызстан”... Читать дальше...

AI казак бийлигин кош бойлуу келинге куугунтукту токтотууга чакырды

Azattyk.org 

"Эл аралык мунапыс" (Amnesty International) укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин кошкабкат келинге куугунтукту токтотууга чакырды. 18-апрелдеги билдирүүдө алматылык Акмарал Тобылова "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылынын Интернеттеги баракчасына кирип койгону үчүн гана айыпталып жатканы айтылат.  28 жаштагы Акмарал Тобылова кесиби боюнча дизайнер. 13-мартта, Астана соту "Казакстандын демократиялык тандоосу" кыймылын экстремисттик деп тааныган күнү кармалып, үй камагына алынган.  ... Читать дальше...

“Республика - Ата Журт” көпчүлүк коалицияга кошулушу мүмкүн

Azattyk.org 

Парламенттеги көпчүлүк коалициянын курамына “Республика - Ата-Журт” фракциясынын кириши күтүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн көпчүлүк коалициянын жана КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди. Буга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев каршы чыкты. - Мыйзамда "кошулат" деген сөз жок. "Фракциялар топтолуп биригет" деп турат. Сасяий партиялар кошулушу мүмкүн, парламенттин табияты андай эмес. "Мыйзамда жазылбаган, демек уруксат" деген парламентке жарашпайт. Читать дальше...

НАСА кемеси жашоого ылайыктуу планета издейт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарынын космосту изилдеген мекемеси - НАСА жаңы космостук кемесин учурду. Ал Күн системасынан тыш мейкиндиктен жаңы планеталарды табууну көздөйт.  337 млн. доллар турган TESS аттуу кемени Илон Маск жетектеген SpaceX компаниясынын "Фалкон 9" ракетасы шаршембинин түнүндө космоско алып чыкты. Космос кемесиндеги төрт телескоп ааламдагы жүз миңдеген жылдыздарды жана жашоонун белгиси болушу мүмкүн делген планеталарды изилдеп чыгат.  Соңку жылдары бул ишти "Кепплер" спутник-телескобу аткарып келген. Читать дальше...

Чектөөдөн кийин "Телеграмдын" баркы көтөрүлдү

Azattyk.org 

Иши чектелгенине карабай Орусияда "Телеграмды" колдонгондордун саны өсүүдө. Бул тууралуу SimilarWeb аналитикалык компаниясынын маалыматына таянып РБК агенттиги жазды.  Тагыраагы, мессенжер блоктолгон күнү, 16-апрелде telegram.org сайтына Орусиядан 1,2 млн. интернет колдонуучу кирген. Ал эми тиркемесин көчүргөндөр бир жумада эки эсе өсүп, 102 миңден ашкан.  Кызыгы, Мамлекеттик Думада, Кремлде, өкмөттө иштегендердин айрымдары да сот социалдык түйүнгө тыюу салганына карабай аны менен иштөөнү улантууда. Читать дальше...

Жээнбеков көпчүлүк коалициянын лидерлери менен жолугушту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламенттик көпчүлүк коалициясына кирген фракциялардын лидерлери - КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынан Алмазбек Баатырбеков жана “Бир Бол” фракциясынан Алтынбек Сулайманов менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Мухамедкалый Абылгазиев катышты. Көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында парламенттин 1/3 түзгөн үч фракциянын депутаттарынын... Читать дальше...

"Көчкү" - эски эрежелерге каяша

Azattyk.org 

Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театры түрк режиссеру Тунжер Жүдженоглунун "Көчкү" спектаклин койду. Драмада көчкүдөн коркуп тогуз ай бою дабыш чыгарбай жашаган бир уруу элдин турмушу чагылдырылган. Режиссер бул пьесанын философиясы Кыргызстандын азыркы таптагы окуяларына үндөшөөрүн айтат. Театр сынчылары ”Көчкү” спектаклин акыркы жылдардагы эң кызык оюндардын катарына кошкон.

Президент Сапар Исаков баштаган өкмөттү кызматтан кетирди

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн кетиши жөнүндө жарлыкка кол койду. “Мамлекет башчы Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнүнө байланыштуу Конституциянын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүн кызматтан кетирди”, - деп жазылган президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жиберген кабарда. Жарлыкка ылайык, премьер-министр... Читать дальше...

Арменияда демонстрация да, кармоо да уланууда

Azattyk.org 

Арменияда Серж Саргсяндын жана анын Республикалык партиясынын башкаруусуна каршы жүрүштөр уланууда. Нааразылык акциясынын жетинчи күнүндө тактика өзгөрдү.  "Бүгүн биз көчөлөрдү тоспойбуз. Жол жээктей басабыз жана Сержге (Саргсян) каршы айдоочуларды сигнал берүүгө чакырабыз", - деди миңдеген элди баштап жүргөн оппозиция лидери, депутат Никол Пашинян.  Ага чейин эл борбор калаадагы негизги жолдорду ээлеп, жүрүш жасап жаткан. Андан тышкары демонстранттар өкмөттүк мекемелердин имараттарын дагы тороп жатышат. Читать дальше...

Новости России
Москва

«Он карабкался за каждую ниточку»: подросток выпал из окна больницы в Москве и погиб


Ысык-Көлдө автожарыш уюштургандарга айыппул салынды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында автоунаалардын жарышын өткөргөн эки айдоочуга үч миң сомдон айыппул салынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ысык-Көл облустук бөлүмү кабарлады. Алардын автоунаасы да штрафтык автотурукка токтотулду. Буга чейин Кара-Ой айылынын тургундары “Субару” жана “БМВ” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын айдоочулары жарыш уюштуруп, жарандарга коркунуч келтиргенин билдиришкен болчу. Алар айдоочуларга карата чара көрүүнү өтүнүшкөн. (ErN)

Словак журналистинин өлүмүн эл аралык тергөө тобу иликтейт

Azattyk.org 

Словакиялык журналист Ян Куциактын өлтүрүлүшүн эл аралык тергөө тобу иликтейт. Тиешелүү макулдашууга Гаагада Словакиянын, Италиянын, ошондой эле Европол менен Евроюсттун өкүлдөрү кол коюшту.   Журналист Ян Куциак Коррупцияны жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөөчү эл аралык борбор менен кызматташчу. Ал словак премьер-министри Роберт Фицого жакын ишкерлер жана аткаминерлер мафия менен тыгыз байланыштагы италиялык ишкерлер менен табакташ экенин жазып чыккан.  Куциактын жана анын сүйлөшкөн кызынын... Читать дальше...

Торалиева: Исаковдун ишин жөнөкөй адамдар жогору баалады

Azattyk.org 

Сапар Исаковдун ишин жөнөкөй жарандар, жаштар, ишкер чөйрө, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдун жигердүү мүчөлөрү колдоду. Бул тууралуу пикирин өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси Гүлнара Торалиева өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. "Шайлоонү өткөрүүдө, кыргыз-казак чек арасындагы кризис маалында, Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкта ал эң мыкта адамдык жана кризис-менеджерлик сапаттарын көрсөтө алды. Ал өзүнүн айланасына прогрессивдүү жаш адистерди топтой алды жана кыска убакыт ичинде “Таза коомдун” алкагында... Читать дальше...

Трамп менен Кимдин жолугушуусу үчүн тогуз шаар каралууда

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Тайландда, Сингапурда, Монголияда же Европа өлкөлөрүнүн биринде жолугушу ыктымал. Бул тууралуу "Bloomberg" агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирүүдө. Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен июндун башына белгиленген жолугушуу үчүн беш шаарды караштырып жатканын айткан. Лидерлер Түндүк Кореядагы өзөктүк куралды жоюу маселелерин талкуулоого ниеттенүүдө. "Bloomberg" булагынын маалыматында, жолугуу өтүшү ыктымал деп эсептелген шаарлар Прага... Читать дальше...

Бишкектин 84 гектары кимге "жем" болгон?

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын аймагынан 80 гектардан ашуун жер тилкесинин ижара берилиши шек жаратууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, депутаттар "шаар бийлиги жер тилкелерин мыйзамсыз бөлдү" деп айтып чыгышты. Баш калаанын жетекчилиги болсо тилкелер мыйзамдын негизинде ижара берилгенин билдирди.

Ошто Сулайман-Тоодон секирип каза болгон аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталды

Azattyk.org 

Ош шаарында Сулайман-Тоодон секирип каза болгон аялдын өлүмү боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Райхан Абдрахакова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя кечээ 18-апрелде кечкисин болгон. Милицияга жергиликтүү тургундар тоонун чыгыш тарабынан белгисиз адам секирип кеткенин кабарлашкан. Милиция барып караган учурда тоонун алдынан 36 жаштагы келиндин сөөгү табылган. Тергөө учурунда аял Ош шаарынын тургуну экени, буга чейин мээсине суу толуп... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Новак Джокович будет вторым сеяным на Уимблдоне, Карлос Алькарас — третьим






Предсказание отрубленной головы. Как умер директор Музея кочевых культур

Стас Барецкий поджег себя на съемках боевика

Большинство россиян считают, что сбережения надо хранить в национальной валюте

Секс-работникам в Бельгии позволят заключать трудовые контракты