Келгиле, "Футбол сулуусу" болчу селкилерди тандайбыз
Жеңүүчү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тандалат
Жеңүүчү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен тандалат
Бишкекте “Өзүңө Кыргызстанды ач: тендициялар, мүмкүнчүлүктөр жана инновация” деген туристтик форум өтөт. ЮСАИДдин маалыматына караганда, форумда негизинен Кыргызстандын көчмөн маданияты, кол өнөрчүлүгү көрсөтүлөт, салбурундун элементтери тартууланып, мастер-класстар уюштурулат. Мындан сырткары ат спорту, велотрект жана жөө жүрүүнү сүйүүчүлөр үчүн 50дөн ашуун машруттук карта сунушталат. Форум 27-28-апрелде "Хаят" мейманканасында болот. Расмий маалыматка караганда, 2016-жылы Кыргызстанга 3,8 миллион чет элдик турист келип кеткен. Читать дальше...
Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупциялык иштерге шектүү катары мурдагы жогорку кызмат адамдары камакка алына баштады.
Боксчу Акжол Сулайманбек уулу Россияда WBA Asia титулуна ээ болду
Башкы прокуратуранын соттордун ыйгарым укуктарын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы, 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган Улан Чалбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 313-1-беренеси (“пара алуу”) боюнча айыбы угузулду. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында кармалып турмай болду. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Читать дальше...
Стамбул шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын расмий ачылышы өттү. Ачылышка Түркиянын жана Кыргызстандын расмий өкүлдөрү, жазуучунун уулу Аскар Айтматов, студенттер жана Айтматов таануучулар келишти. Иш-чара Айтматовдун чыгармаларынан сахналаштырылган театралдык оюн менен коштолду.
Арменияда нааразылык акцияларын баштап жүргөн оппозициялык депутат Никол Пашинян кармалды. Анын алдында депутат менен премьер-министр Серж Саргсяндын жолугушуусу үзгүлтүккө учураган. Мурдагы президент Саргсяндын өкмөт башчылыкка дайындалышына каршы чыгуулар 10 күндөн бери токтобой келатат.
Ички иштер министрлигинин Ош шаардык баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери баңгизат алып жүргөн Аравандын тургунун колго түшүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Кармалган 42 жаштагы жарандын чөнтөктөрүн кароо учурунда жанынан 7 граммдай баңгизат алынган. Андан ары соттун чечими менен шектүүнүн үйү тинтүүгө алынып, бөлмөлөрдүн бириндеги жашыруун сандыктан тасмага оролгон, атайын жыты бар порошок салынган төрт таңгак табылган. Экспертизага ылайык, ал апийим болуп чыккан. Читать дальше...
Жекшемби күнү кечинде "Telegram" мессенжеринин колдонуучулары Орусиянын Роскомнадзор ишканасынын чектөөсүнө каршы нааразылык акциясын өткөрдү. "Telegram" орусиялык өзүнүн колдонуучуларын үйдүн терезелеринен сыртка кагаздан жасалган учактарды учурууну сунуштады. Бул сунуш мессенжердин расмий аккаунтунан таратылган. Ал билдирүүдө каршылык "Телеграмдын" Орусияда чектөөгө алынганынын жети күндүгүнө карата өткөрүлүп жатканы айтылган. Орусиянын атайын кызматы (ФСБ) "террористтер да сүйлөшүү үчүн колдонот"... Читать дальше...
Мелдештин байге фондусу 420 миң сомду түзөт
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, АКШ Тегеран менен болгон көп тараптуу макулдашуудан чыгып кетсе, Ирандын өзөктүк куралы боюнча Франциянын “Б планы” жоктугун билдирди. Ошондуктан француз президенти Вашингтонду дагы бир жаңы келишим табылганга чейин макулдашууда кала берүүгө чакырды. Келерки аптада Макрон менен Трамп Тегеран менен болгон өзөктүк келишимди талкуулайт. 2015-жылы жетишилген бул келишим Иран, АКШ жана дүйнөнүн ири беш ири державасынын ортосунда болгон. Ал Тегерандын өзөктүк курал программасын өнүктүрүүсүнө чек коюп... Читать дальше...
Кыргызстанда зомбулукка кабылган жарандар үчүн атайын мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Айкын багыт” коомдук фондунун директору Мунара Бекназарова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте укук коргоочулар менен эл аралык IT адистер бул багытта жолугушуулары өткөрүшкөн. "Тез жардам" деп аталган жаңы тиркемени ар бир жаран өзүнүн чөнтөк телефонуна жүктөп алса болот. Бекназарова буга чейин тиркеменин актуалдуулугу тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген: - Ала качуунун, зордуктоонун... Читать дальше...
Бишкек шаардык кеңешинин атайын депутаттык комиссиясы борбордо 84 гектар жер тилкеси ижарага берилип кеткени боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутат Канатбек Мүзүралиев “Азаттыкка" билдирди. Депутат Бишкек шаарында акыркы жылдары курулган көп кабаттуу үй 104 пайдаланылууга берилгени турганын, алардын канчасы жеке менчик жерге, канчасы муниципалдык жерге курулганы да такталышы керектигин айтты. Бишкектин 84... Читать дальше...
Ош облустук соту бул боюнча ишти 26-апрель күнү карай турганын жабырлануучу кыздын адвокаты Аваз Мирзаев билдирди. Анын айтымында, жабыркаган кыздын жакындары Өзгөн райондук сотунун чечимине нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар облустук соттон шектүүнү өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүп жатышат. Кыздын жакындарынын билдиришинче, 16 жаштагы кызды өгөй атасы мурда эле зордуктап жүргөн. Бул тууралуу секелектин боюна бүтүп, былтыр күздө төрөгөндөн кийин белгилүү болгон. Читать дальше...
Кыргызстанда китеп басып чыгаруу үчүн “Ашар” акциясы башталды. Бул тууралуу саамалыкты уюштуруп жаткан “Жарандык агартуу академиясы” коомдук бирикмесинен билдиришти. Пикирлештерден жана ыктыярчылардан түзүлгөн топ ашар же краудфандинг ыкмасы аркылуу акча чогултуп окурмандарга керектүү, кызыктуу, маанилүү жана актуалдуу китептерди чыгарганы турушат. Алар алгачкы Жеффри Лили аттуу америкалык публицист-жазуучунун Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов жана кыргыз журналист Азамат Алтай тууралуу жазылган... Читать дальше...
Армениянын Башкы прокуратурасы жекшемби күнкү нааразылык акциясынын учурунда кармалгандардын арасында оппозициялык депутаттар Никол Пашинян, Сасун Микаелян жана Арарат Мирзоян кармалганын ырастады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирүү таратты. Анда эл өкүлдөрү полициянын чакырыгына карабай мыйзамсыз акция уюштурганы үчүн кармалганы маалымдалган. ТАСС агенттиги кабарлагандай, депутаттар кармалганы тууралуу маалымат мыйзамга ылайык Армения парламентинин спикери Ара Баблоянга билдирилди. Читать дальше...
Дүйнөдөгү эң кары киши деп эсептелген жапониялык Наби Тажима аттуу аял ооруканада көз жумду. Маркум 1900-жылы 4-августта туулган. Анын 160тай урпагы бар. Эми АКШда жайгашкан Геронтология изилдөө тобунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эң улгайган адам деген наам дагы бир жапониялык аял – Чио Йошидага өттү. Ал азыр 116 жашта. 18-апрелде дүйнөдөгү эң улгайган киши деп саналган 121 жаштагы чилиялык керебеттен кулап каза болгон.