“Нооруз 2021” көк бөрү мелдеши башталды
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына карата көкбөрү боюнча мелдеш башталды. Мелдеште командалар жогорку жана биринчи лигаларга бөлүнүп күч сынашып жатат. Жогорку лигада алты команда: "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн", "Жаш күч", "Мурас" жана "Ала-Тоо" катышууда. Учурда алар эки тайпага бөлүнүп күч сынашууда. Мелдештин биринчи күнүндө "Сары-Өзөн" командасы "Жаш күч" командасын 11:6 эсебинде утуп алды. Экинчи оюнда болсо "Достук" менен "Ала-Тоо" командалары беттешип, 7:2 эсебинде "Достук" командасы жеңишке жетти. Читать дальше...