Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 01.03.2021

Пашинян парламенттик эрте шайлоого барууга макул

Azattyk.org 

Арменияда саясий кризис чыңалууда. Марттын алгачкы күнүндөгү кырдаал күрөштөгү "ит жыгылыш" абалды элестетип турду. Кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт башчы Н.Пашинян парламенттик эрте шайлоого баруудан качпай турганын айтты. Оппозиция анын  жана ал жетектеген өкмөттүн дароо кызматтан чегиинишин талап кылып жатат. Дүйшөмбүдө (1-мартта) кечке маал Армениянын борбору Еревандын чордонунда чогулган тарапташтарынын алдына чыккан армян премьер-министри Никол Пашинян өкмөттүн катачылыктары үчүн элден кечирим сурап... Читать дальше...

Түркияда карантин чектөөлөрү четинен алына баштады

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-марттагы элге кайрылуусунда, коронавирус пандемиясынан улам киргизилген коменданттык саат жана карантин чектөөлөрү өлкөнүн айрым аймактарында алына тургандыгы айтылды. Түркиянын 81 облусу коронавирусту жуктуруп алгандардын жана оор бейтаптардын абалына жараша, жеңил, орто, кооптуу жана өтө кооптуу деген категориялардагы аймактарга бөлүнөөрү кабарланды. Буга жараша кооптуу жана өтө кооптуу аймактарда катаал пандемия чектөөлөрү сактала бермекчи, ал... Читать дальше...

Вашингтондун Ооганстанда тынчтык орнотуу аракети активдешти

Azattyk.org 

АКШ ооган өкмөтү жана талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууда. АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө Ооганстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.  Халилзад Кабулда бул мамлекеттин Улуттук элдешүү кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен жолукту. «Тынчтык процессин өнүктүрүү жана тездетүү, Дохада кабыл алынган келишимге АКШнын жаңы администрациясынын баасы - сүйлөшүүлөрдүн башкы өңүтү болду», деп билдирди Абдулланын басма сөз катчысы Фрайдун Хвазун. Халилзад Кабулдан соң... Читать дальше...

Алиярбек Абжалиев деген ким? (Өмүр баяны)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин сайтында жайгашкан өмүр баяны тууралуу маалымат: 1967-жылдын 5-ноябрында Ош шаарынын «Жапалак» айыл аймагында туулган. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика жана материалдык жабдууну үнөмдөө жана пландаштыруу адистиги боюнча аяктаган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. 2005-2007 жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер адистиги боюнча толук курсту бүтүрдү. Читать дальше...

Самат Кылжыев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Өкмөт аппаратынын мурдагы башчысы, радио жыштыктар чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынган Самат Кылжыев үй камагына чыкты. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту 25-февралда кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Өкмөттүк аппараттын мурдагы башчысы Самат Кылжыев былтыр 11-ноябрда радио жыштыктарды сатуудагы коррупцияга айыпталып кармалып, Улутук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. 2020-жылдын май айында мамлекеттин карамагындагы... Читать дальше...

БУУ: Баяндамачылар Навальныйдын ууландырылышы боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешинин кызматкерлери орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды ууландыруунун жагдайын аныктоо үчүн эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырышты. Кеңештин атайын баяндамачылары Аньес Калламар жана Айрин Хандын бидирүүсүндө “Навальныйды ууландыруунун бардык жагдайларын жана фактыларды ачыкка чыгаруу үчүн тезинен эл аралык иликтөө жүргүзүү керек”, - деп айтылат. Калламар - БУУнун соттон тышкаркы иштер боюнча атайын баяндамачысы, ал эми Хан - сөз эркиндиги жаатындагы адис. Читать дальше...

Бирма: Хунта камактагы жарандык лидер Аунг Сан Су Чжиге дагы эки айып такты

Azattyk.org 

Аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кулатылган Бирманын (Мьянма) иш жүзүндөгү жарандык лидери Аунг Сан Су Чжиге дагы эки айып тагылды. 1-мартта Су Чжинин үстүнөн буга чейин тагылган айыптар боюнча сот жүрүмү баштады. Өлкө борбору Нейпьидодогу соттук жүрүмгө Бирманын жарандык лидери видеобайланыш аркылуу катышты. Сот отуруму өлкөдө аскердик төңкөрүшкө каршы демонстрациялар күчөп турган учурда баштады. 28-февралда полиция нааразылык чараларына чыккандарга ок ачып, кеминде 18 киши набыт кетти. Читать дальше...

Жээнбековдун кудасы Абжалиевдин башына кара булут топтолду

Azattyk.org 

Орусияда күйүүчү май кымбаттап, Казакстандан мунай экспорту токтогону үчүн Кыргызстанда бензинге баа көтөрүлдү. - Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге каршы УКМК териштирүү баштады. Депутаттын өзү муну "Азаттыкка" "куру доомат" деп баалады - Арменияда саясий кризис уланууда. Ереванда премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасын талап кылгандар өкмөт имаратына кирип барышты. Пашинян өз тарапкерлерин жүрүшкө чакырды.



АКШнын атайын чабарманы Халилзад дүйшөмбүдө Кабулга барды

Azattyk.org 

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө Кабулга барды. Ал 1-мартта Ооганстандын улуттук элдешүү жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Абдулла твиттердеги баракчасына “Биз тынчтык жараянды, Дохадагы сүйлөшүүлөрдү жана алдыдагы кадамдарды талкууладык. Токтоосуз түрдө зомбулукту токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүү чакырыгыбызды кайталадык”-деп жазды. Халилзад Кабулдан соң “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Катарга бет алганы кабарланды. Читать дальше...

Партиялардан документтерди кабыл алуу аяктоодо

Azattyk.org 

2-мартка караган түнү, саат 00:00дө шаардык кеңештерге шайлоого катышуучу партиялардан керектүү документтерди кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, анын ичинде шайлоого катышуучу партиялардын арыз, курултайында бекиткен талапкерлеринин тизмеси, талапкерлер тууралуу документтерди, шайлоо күрөөсүн аймактык шайлоо комиссияларына тапшырат. Аймактык шайлоо комиссиялары партиялардын документтерин 24 саат ичинде текшерип... Читать дальше...

Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясы саясий партияларга эскертүү берди

Azattyk.org 

Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) шаардык кеңешке шайлоого катышууну көздөгөн саясий партияларга кайрылды. Комиссия анда партияларга шайлоого чейин эле алдын ала үгүт иштерин жүргүзүп, шайлоо мыйзамдарын бузбоого чакырган. Кайрылууда шайлоо мыйзамдарынын 23-беренесине ылайык үгүт иштери партия, талапкерлердин баары катталып бүткөн күндөн тартып добуш берүүгө бир сутка калганга чейин жүргүзүлөрүн, андан мурда жүргүзүлгөн үгүт иштери мыйзамсыз болору эскертилет. Ага ылайык: - кайсы бир партияга... Читать дальше...

Муфтият иши: Динде тирешүү жок, жакшылыкта жарышуу бар

Azattyk.org 

Кыргызстанда муфтийдин кызматтан кетүүсү бул ирет да чыр менен коштолду. Учурда муфтийлик кызматка талапкерлердин арызы кабыл алына баштады. Муфтиятта чырлуу окуялар кайталанбашы үчүн кандай өзгөрүүлөр керек? Дегеле дин чөйрөсүндөгү азыркы абал кандай? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына катышкан адистердин пикирлеринин урунттуу жерлерин сунуштайбыз. Берүүгө Муфтияттын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдинов, Ислам университетинин проректору, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев... Читать дальше...

Алиярбек Абжалиев: Мага куру доомат коюлуп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалады. Депутат бул тууралуу 1-мартта “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, ал 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген эмес: “Мунун баары калп, куру доомат. Дубай, Түркияда үйлөрү бар дептир, үй эмес, бир кышым жок. Болсо алып алсын. 2005-жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеген жокмун. Жеке... Читать дальше...

Күйүүчү майдын баасы чөнтөктү какмай болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы акыркы эки айда 14 пайызга, башкача айтканда 10 сомго жакын кымбаттады. Бул айдоочулардын чөнтөгүнө зыянын тийгизүүдө. Мунай сатуучу компаниялар баанын көтөрүлүшү Орусиядан көз каранды болуп жактанын билдирүүдө. Күйүүчү майдын баасынын кымбаттыгы айрыкча Баткен облусунда сезилди. Ушул тапта АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 40-45 сомду чапчып турат. Баткен шаарынын тургуну Абдулашим Гапаров жазгы талаа иштери башталганда, мындай кымбатчылыкты эл көтөрө албай жатканын айтууда. Читать дальше...

Алиярбек Абжалиевге карата териштирүү башталды. Депутат ишти "куру доомат" деп баалады (Мүлктөрүнүн фотосу)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 1-мартта билдирди. Абжалиев "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек саналууда. "Абжалиев менчик ишканалардын кызыкчылыгын алдыга сүрөгөн. Читать дальше...

Франциянын экс-президенти Саркози үч жылга кесилди

Azattyk.org 

Францияда сот мурдагы президент Николя Саркозини үч жылга эркинен ажыратты. Ага "Коррупция" жана "Кызмат абалынан аша чабуу" беренелери боюнча айып тагылган. Париж сотунун токтомуна ылайык, экс-президент жазанын бир жылын абакта, эки жылын шарттуу түрдө өтөшү керек. Эми Саркози чечимдин үстүнөн апелляция берүүгө 10 күндүк убактысы бар. Тергөөнүн маалыматы боюнча, 66 жаштагы Саркози президент кезинде судья Жильбер Азибергди кызматтан көтөрүү жана Монакодон “ыңгайлуу жай” табууну убада кылып, миллиардер... Читать дальше...

Депутат Абжалиевдин мүлкү делген имараттар

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата Кылмыш кодексинин 308-1-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

Жарандык коом: Куугунтук болуп жатат

Azattyk.org 

Укук коргоочулар президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кыргызстанда оппозициячыл маанайдагы жарандарды куугунтуктоого жол берилбестиги боюнча позициясын ачык билдирүүгө чакырды. Алар жарандык активисттерди кысымга алуу боюнча акыркы окуяларга тынчсыздануусун билдирип, алар тез арада териштирилиши керектигин билдирди. Токтогазиеваны ким издеди? Бул билдирүү конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылгандан көп өтпөй жасалды. Читать дальше...

Франциянын мурдагы президенти Саркози абак жазасына кесилди

Azattyk.org 

Дүйшөмбү күнү Франциянын мурдагы президенти Саркози жемкорлукка байланыштуу кылмыш иши боюнча шарттуу эмес, нагыз абак жазасына кесилди. Ал башка кылмыш иштери боюнча да жооп берип жатат. Париждеги сот дүйшөмбү күнү (1-мартта) Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини (Nicolas Sarkozy) жемкорлукка аралашкан жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген доолор боюнча күнөөлүү деп таап, нагыз абактык жазага кескенин Франциянын радиосу жана башка булактар билдирди. Ал үч жылга эркинен ажыратылды... Читать дальше...

Новости России
Москва

Как сэкономить на ставке. «Выберу.ру» составил рейтинг ипотек на вторичку за апрель 2024 года


Текбол Кыргызстанга келди

Azattyk.org 

Бишкекте текбол боюнча алгачкы мелдеш өтүп, ага 32 спортчу катышты. Текбол - футбол менен стол теннистин айкалышынан пайда болгон спорт түрү. Оюнда футбол тобу менен колдонулат. Бул оюн футболдук чеберчиликти артырып, концентрацияны жакшыртат. Мындан улам Европанын бир катар футбол клубдары, анын ичинен “Реал”, ПСЖ жана “Аяск” футбол клубдары текболду өзүнүн машыгуу программасына киргизген.

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Израил кемеге кол салуу үчүн Иранды айыптады

Azattyk.org 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өткөн аптадагы Оман кысыгындагы жүк ташуучу кемесине кол салууга Иранды айыптады. Ал 1-мартта мамлекеттик радиодогу маегинде “чынында Ирандын операциясы болчу. Бул айдан-ачык”,-деп билдирди. Нетаньяху Иранды "Израилдин душманы" деп белгилеп, кол салууга жооп кайтарыларын билдирди. Ал эми Иран болсо бул кол салууга тиешеси жоктугун ырастоодо. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде "Израил Иранды күнөөлөнү адатка айландырганын" билдирди. Читать дальше...

Дубалга жан киргизген Иса

Azattyk.org 

Караколдук жаш сүрөтчү Иса Султанбеков тамдын бооруна Кыргызстандын жаратылышын түшүрүп, портреттерди да келтире тарткан сүрөтчү. Анын эмгегин баалагандар улам күн санап көбөйүүдө. 23 жаштагы жаш талант азыр үйдө киреше тапкан жалгыз адам. Апасы жана бир тууган иниси оорулуу. Бирок тагдырдын сыноосуна сынбаган Иса Пабло Пикассо, Сүймөнкул Чокморов өңдүү сүрөтчүлөрдүн жолун жолдогусу келет.

Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алууну көздөп жатат

Azattyk.org 

Кыргыз бийлиги Казакстан жана Өзбекстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Казинформ» агенттигине курган маегинде билдирди. 1-мартта жарыяланган маекте президент аймактагы сугат маселесин чечүүнүн жолдору тууралуу айтты: "Биз азыр Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын импорттоону караштырып жатабыз. Казакстан Республикасы 900 млн.- 1 млрдга жакын квт электр энергиясын бизге сатууга даяр экенин айтты. Өзбекстан менен да макулдашуулар жүрүп жатат. Читать дальше...

Каратаев: Сарыкка каршы эмдөө үчүн 5 миллиарддан ашык сом керек

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жарандарды сарыктын В түрүнө каршы эмдөө үчүн жалпы 5 миллиард сомдон ашуун каражат талап кылынат. Маселе бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде талкууланды. Жыйында баяндама жасаган министрдин орун басары Мадамин Каратаев аталган программанын алкагында жети багыт боюнча иш жүргүзүлүп жатканын билдирди: "Бул жаатта көйгөйлөр көп. Биринчиден, гепатиттин "В", "С" түрлөрүнө каршы вакцина алуу үчүн 5 млрд. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






Соотечественники в Португалии провели акцию «Бессмертный полк»

Гитлер в начале войны собирался применить химическое оружие

Парковка в Москве будет бесплатной с 9 по 11 мая

Ямальцы посоревнуются в спасении людей