Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 30.03.2021

Депутат айрым кара жолдордо 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатууга уруксат берүүнү сунуштады. Мындай маселени депутат 30-марттагы Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү бул боюнча өкмөттүн токтому чыкканына карабай, эмне үчүн ишке ашпай жатканына кызыкты. “Азыр 90 менен жүргөн эч ким жок. МАИлерге гана айып төлөп жатабыз. Бишкектен Нарынга... Читать дальше...

Акматова: Эмдөө алган 100 кишинин абалы канааттандырарлык

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айнура Акматова Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө алган 100 киши жана министрдин абалы канаттандыраарлык экенин маалымдады. Акматова бул тууралуу 30-мартагы брифингде билдирген. Анын айтымында, вакцина сайылган Бишкек, Чүй, Ош аймагындагы жарандардын көпчүлүгү медицина кызматкерлери. 29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп вакцина сайдырган. Читать дальше...

Ооган президенти шайлоо өтө турган шартта кызматтан кетээрин айтты

Azattyk.org 

Ооганстандын президенти Ашраф Гани 30-марттагы чөлкөмдүк саммитте өз өлкөсүндөгү эрте шайлоону "бекем" колдой тургандыгын жана бийликти шайланган мураскорго өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты. Президент Гани Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн «Азиянын жүрөгү – Стамбул жүрүмү» аттуу тогузунчу саммитте чыгып сүйлөдү. Гани мырза бул отурумда: "Мен... шайлоону мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүнү кызуу колдойм. Менин эң чоң сыймыгым – бул шайланган мураскорума ыйгарым укуктарды тапшыруу болмокчу", – деп билдирди. Читать дальше...

Ош областы, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын элине КАЙРЫЛУУ

PR Kyrgyz 

Урматтуу Кызыл-Кыштак айыл аймагынын эли! Мен Кызыл-Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкан жана шеригим Ишкаван айылынын тургуну Мирзакаримова Гулнара сизге кайрылып жатабыз. Жер ала албай жоош элибиз катары көптөгөн жылдар бою кезекте туруп, жер бер десек, коррупционер Капаров жер жок деп, миңдеген жерлерибизди сатып, эбегейсиз байыды, артымда Матраимовдор турат! - деп бизди шылдындап, басмырлап, опузалады. Үй-жай куруу үчүн жер тилке алууга 1998-2010 жылдан бери ондогон жылдар кезекте турган Кызыл-Кыштактын карапайым айыл эли... Читать дальше...

COVID-19: АКШ эмдөөнү тездетти

Azattyk.org 

АКШнын бийлиги коронавируска каршы каршы эмдөө жигердүү жүрүп жатканына карабастан чектөөлөрдү тезинен токтотуу жаңылыш кадам экенин эскертти. 29-марттагы билдирүүсүндө Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден 19-апрелге чейин өлкөдөгү жашы жеткен курактагы адамдардын 90 пайызы вакцина алууга мүмкүнчүлүгү болорун жарыялады. АКШ өкмөтүнүн маалыматы боюнча, азыркы тапта 93 миллиондон ашык адам же калктын 28 пайызы вакцинанын бир дозасын сайдырды. Ал эми америкалыктардын 15 пайыздан ашууну толугу менен эмделди. Читать дальше...

Балыкчыда ЖЭБге көмүр тарткан айдоочулар кызмат акыны көтөрүүнү суранууда

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) көмүр ташып иштеген айдоочулар кызмат акыларын жогорулатууну суранып жатышат. Бул тууралуу Балыкчы мэриясынын аппарат жетекчиси Тилек Курманалиев "Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, айдоочулар өлкөдөгү товарлардын кымбаттоосуна байланыштуу жаңы сезонго тендерде көмүр ташуунун баасын жогорулатып берүүнүн өтүнүп жатышат. "Кыргыз көмүр" ишканасы Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үчүн тендер жарыялап, аны уткан ортомчу ишканалар айдоочулар менен келишим түзөт. Читать дальше...

Орусияда жергиликтүү тургун Россгвардияга ок атты

Azattyk.org 

Подмосковьенин Мытищисинен алыс эмес Новые Вешки коттедждер айылында куралчан адам Россгвардиянын кызматкерлерине ок чыгарды. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги ыкчам кызматтардагы булактарына таянып жазды. Таратылган маалымат боюнча белгисиз куралчан киши үйлөрдүн биринде жашырынып, коргонгон. Аталган айылды Россгвардия менен Федералдык коопсуздук кызматы курчоого алды. “112” телеграм-каналы аталган киши мыйзамсыз курал сатууга шектелген деп маалымдады. Ага полиция келген учурда ал күч түзүмдөрүн карай ок чыгарып... Читать дальше...



Калктын ден соолугун жалгыз саламаттык министри оңдой албайт

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык директору Ханс Клюге Бишкекке келген маалда "Азаттык" радиосуна эксклюзивдүү маек курду. Ал саламаттык сактоонун мамлекет жана адамдар арасындагы орду, пандемиянын сабактары, аялдардын саламаттыкты сактоодогу ролу сыяктуу бир катар маселелерге токтолду.

Башкы прокурордун орун басары кызматтан кетти

Azattyk.org 

Башкы прокурордун орун басары Жамиля Жаманбаева өз арызы менен кызматтан кетип, анын ордуна Рысбек Альчиев дайындалды. Тиешелүү буйруктарга президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады. Рысбек Альчиев буга чейин Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары болуп иштеген. Башкы прокурордун беш орун басары бар. Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү, экс-депутат Курманкул Зулушев өткөн жылдын 21-октябрында башкы прокурор болуп дайындалган. Бир айдан кийин анын төрт орун басары алмашкан. Читать дальше...

Казакстан: БУУнун адам укуктары боюнча комитети гезиттин жабылышын мыйзамсыз деп тапты

Azattyk.org 

БУУнун адам укуктары боюнча комитети Казакстандын соту 2014-жылы жапкан оппозициялык "Правдивая газета" («Чынчыл гезит») басылмасы боюнча сот чечимин карады. Бул тууралуу аталган басылманын кызыкчылыгын комитетте коргогон укук коргоочу Гүлмира Биржанова “Азаттыктын” Казак кызматына кабарлады. "Правдивая газета" басылмасынын башкы редактору - журналист, маркум Розлана Таукина болчу. Ал 2014-жылы сотто басылманын кызыкчылыгын коргогон. Соттун гезитти жабуу чечиминен соң, Таукина айым БУУнун адам... Читать дальше...

Суэц каналында жүк ташуучу кемелердин тыгыны жоюлду

Azattyk.org 

Суэц каналы аркылуу өтүп баратып, дүйнөнүн эң негизги деңиз соода өткөөлүн бөгөп калган контейнер ташуучу ири кеме жүгүнөн бошотулаары менен башка жүк ташуучу кемелердин кыймылы жеңилдеди. Суэц каналында бир нече күндөн бери тыгында турган 37  кеме бир түндө ал жактан жылдырылып, суу каналы аркылуу өткөн соода жолу толук ачылды. 30-мартта аталган суу каналы аркылуу буга чейин кысыкка кире албай Кызыл деңизде кезекте турган дагы 130 кеменин өтүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Египеттин (Мысыр)  Суэц каналынын башкармалыгы шейшембиде кабарлады. Читать дальше...

Өкмөт өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын көбөйтүү аракетинде

Azattyk.org 

Экономика жана финансы министрлиги өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын толтуруу максатында 318,4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Нурила Батыралиева "Азаттыкка" билдирди. "Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 290,3 млн. сом, аны менен чогуу "Азык-түлүк" программасы боюнча чыгашаларга 220 млн. сом каралган. Булардан тышкары учурда кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын толтуруу үчүн 318,4 млн. сом бөлүндү. Ошондой эле министр күнүмдүк керектелүүчү товарларды кымбаттатпай... Читать дальше...

БУУнун өкүлү Герман президент Жапаровго адам укуктары боюнча кеңеш түзүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман менен 30-мартта жолугуп, өлкөдөгү коомдук-саясий процесстерди жана эпидемиологиялык кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык Кыргызстандын мамлекет башчысы өткөн жылдын октябрь окуялары өлкө тарыхындагы бурулуш баскычтардын бири болгонун, учурда кырдаал турукташып, укуктук талаага кайтып келгенин билдирди. Жапаров Конституциянын... Читать дальше...

Сузак: Селден 90дон ашуун кой өлдү

Azattyk.org 

Эки күндөн берки тынымсыз жаандан Жалал-Абадда сел жүрдү. Үйлөрдү, короолорду, имараттарды суу каптап, жолдорду алып кетти. Сузак районунун тургуну ылай суудан улам анын короосундагы 90дон ашык козу-кой өлгөнүн айтууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селдин чыгымы эсептелип жатканын билдирди.

Ташиев: Талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстанга жазылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн - 30-мартта Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу учурунда талаштуу 13 миң гектар жер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин билдирди: “Орто-Токой суу сактагычынын 800 гектар жери Кыргызстандын аймагында турат. Анын 95%ын Өзбекстан колдонот. 5%ын гана Кыргызстан алат. Демек, ошол 800 гектардын ордуна Өзбекстан Кыргызстанга башка жер бериши керек деген талапты койдук. Буга чейин 200 гектар жерди берген экен. Калганын дагы бересиңер десек... Читать дальше...

Ташиев: Чечме боюнча чечим кабыл алынган жок

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы, кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагы боюнча аягына чейин бир чечим кабыл алынган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 30-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун эли менен жолугушууда билдирди. "Кадамжай районунун Бирлик айылында Чечме деген булак бар. Билесиздер, былтыр ошол жерде чоң жаңжал чыгып, эки эл кагылышып кеткен. Ошол боюнча аягына чейин чечим кабыл алынган жок. Бүгүн барып көрүп келдим, Чечме булак эки сотых жер экен. Читать дальше...

Орусия “Sputnik Light” вакцинасын каттоо тууралуу арызды кароодо

Azattyk.org 

Коронавирус илдетине каршы Орусияда өндүрүлүп, дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө таркатылып жаткан “Sputnik V” вакцинасынын жеңилдетилген түрү – “Sputnik Light” эмдөө затын расмий каттоодон өткөрүү үчүн анын өндүрүүчүлөрү расмий бийликтерге арыз беришти. Дүйнөгө өз вакцинасын жигердүү сунуштаганына карабастан, өз калайыгын эмдөө жаатында Орусия дагы эле артта калып келет. Жаңы вакцинаны расмий каттоо тууралуу арыз Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги 29-мартта өлкөдө өндүрүлүп жаткан жаңы вакцинаны ... Читать дальше...

Новости России
Москва

5 фактов, которые необходимо знать о СЭЙН и Wimmortal и их релизе «Старик и воля».


Бишкектиктерге асман, Айды убадалаган партиялар

Azattyk.org 

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоонун үгүт иши кызуу жүрүп жатат. Өзгөчө Бишкекте саясий өнөктүк Жогорку Кеңештин шайлоосунан кем калышкан жок. Партиялар добуш топтоо үчүн эч нерседен тартынбай, кабат-кабат убадалар айтылып турган чак. Талапкерлер борбордун ылай баскан жаңы конуштарын түрө кыдырып, шаардыктарга кат-кат убадаларды беришүүдө. Көпчүлүгүнүн программалары бири-бириникине үндөш. Көбү борбордо экологиялык маселени чечүү, Бишкекти түтүн-ыштан арылтуу, коомдук транспортту жакшыртуу тууралуу маселелерди көтөрүп чыгышты. Читать дальше...

Былтыр коронавирус күчөп турганда жол эрежесин бузган ыктыярчылардын айып пулдары жоюлду

Azattyk.org 

Пандемия учурунда элге медициналык жардам көргөзгөн ыктыярчылардын кайрылуусунда айтылган 670 жол эрежесин бузуулардын айып пулдары жокко чыгарылды. Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы таратты. Ага ылайык “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында мониторинг борборунун комиссиясы 7 миң 777 жол эрежесин бузган учурларды кайра карап чыккан. Анын ичинен жол эрежелерин бузган 2 миң 43 чечим өзгөртүүсүз күчүндө калтырылды. Ал эми 5 миң 734 жол эрежесин бузуу өндүрүштөн кыскартылып... Читать дальше...

13 жаштагы секелекти зордуктагандарга сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук соту 13 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган үч кишиге өкүм чыгарды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева билдирди. Маалыматка ылайык, К.у.Ж. жана С.у.Э. Жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүгү ("Зордуктоо") менен күнөөлүү деп табылды. Алардын ар бири 15 жылга эркинен ажыратылып, жабырлануучуга 100 миң сомдон моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирилди. Үчүнчү айыпталуучу К.У. Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-2-пункту... Читать дальше...

Муфтий шайлоо боюнча курултай 29-майга жылды

Azattyk.org 

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайынын мөөнөтү жылып, 29-майга белгиленди. Аалымдар кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиргендей, мындай чечим муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулунун сунушун эске алуу менен кабыл алынды. Досбол уулу буга чейин 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон. Буга... Читать дальше...

Аба ырайы: Жаан, кар жаайт. Сел жүрүү коркунучу бар

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт.  Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлүп жатат. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Бийликти сындаган тажик активисти Орусиядан депортацияланды

Azattyk.org 

Орусиядан депортацияланган укук коргоочу Иззат Амон Дүйшөмбү шаарынын аэропортунан кармалды. Бул тууралуу билдирген анын жакын туугандары эки күндөн бери кайсы жакта кармалып турганын билбегенин айтышты. Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги булактар ал учурда министрликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгында отурганын жана убактылуу кармоо жайына которула электигин билдиришти. Иззат Амондун уулу Мухаммадюсуф Холов 29-мартта “Азаттыктын” тажик кызматына атасы менен жолугушуу аракетинен майнап чыкпаганын айтты. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде






Песков призвал быть оптимистами при оценке отношений России и Армении

Психолог Базарова назвала симптомы выгорания у детей

Политолог Мартынов: ЕАЭС дал мощный импульс для развития экономик стран-участниц

Лидеры каких стран приехали в Москву на парад Победы