Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Март
2021

Новости за 18.03.2021

Сох иши: Эки киши 5 жылга кесилип, 20 киши эркинен шарттуу ажыратылды

Azattyk.org 

18-мартта Өзбекстандын Фергана облустук соту былтыр майдагы Сох окуясы боюнча айыпталган 22 кишиге өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын экөө беш жылга абакка кесилди. Ал эми дагы 20 киши эки жылдан беш жылга чейин шарттуу түрдө соттолду. Ошондой эле айыпталуучуларга Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын пайдасына 10 миллиондой сум (950 доллар) айыппул салынганганы кабарланды. 2021-жылдын 18-мартында Өзбекстандын Фергана облустук соту былтыркы "Сох окуялары" боюнча айыпталып жаткан 22 кишиге карата өкүмүн жарыялады. Читать дальше...

Кремль Путин тууралуу сөзү үчүн Байденди сындады

Azattyk.org 

Кремль АКШнын президенти Жо Байденди "эки тараптуу алаканы жакшыртууга каалоосу жок", деп айыптады. Вашингтон менен Москванын алакасындагы кризисти Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин Владимир Путиндин дарегине катуу сын айтканы тереңдетти. 17-мартта Байден "ABC News" каналына берген интервьюсунда журналисттин "Орусия президенти Владимир Путин киши өлтүргүчпү?” деген суроосуна “ооба” деп жооп кайтарган. Ал орус бийлиги АКШдагы шайлоого кийлигишүү аракети үчүн жакын арада жооп бере турганын айткан эле. Читать дальше...

Коронавирус: Болгарияда карантин чаралары киргизилет

Azattyk.org 

Болгария коронавирус жайылып жатканына байланыштуу бала бакча, мектеп, ресторан жана соода борборлорун 10 күнгө жабат. Мындай чара өлкөдөгү ооруканаларда бош орундар аз калганынан улам көрүлүүдө. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Костадин Ангелов 22-марттан тартып театр, кинотеатр жана машыгуу залдары жабыларын, 15тен ашык адам бир имараттын ичине чогулушуна тыюу салынарын билдирди. Бойко Борисов жетектеген өкмөт 4-апрелге белгиленген шайлоонун алдында жарандардын саламаттыгын коргоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын жарыялады. Читать дальше...

Эрлан Бекчоро уулу суракка чакырылды

Azattyk.org 

Журналист, жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 19-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" ал өзү маалымат берип, суракка чакырылышына "Ханституцияга каршы" кыймылынын имаратын ижарага алууда расмий тарап катары келишимге кол койгону себеп болушу мүмкүн дейт. "Кыймылдын имаратын ижарага алууда мен расмий тарапмын. Балким ушундан улам чакырылып жатсам керек. Негизи буга чейин деле атайын кызматтын өкүлдөрү аңдып жүргөндөй болгон". Бекчоро уулунун сурагы 19-мартта 10:30да башталат. Читать дальше...

Вирус сынаган кыргыз медицинасы

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус илдети катталганына туура бир жыл болду. Илдет былтыр 2020-жылдын 18-мартында катталгандан бери оору 87 143 кишиге жугуп, 1485 киши илдеттен каза болду. Алардын 104ү медицина кызматкерлери. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу. Эпидемиологиялык абал курчугандан баштап Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасына COVID-19 менен ооруган жети миңден ашуун бейтап түшкөн. Клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 18-мартта өткөн брифингде буларды айтты: "Биздин ооруканада... Читать дальше...

Зайырбек акындын өмүрү сахнада

Azattyk.org 

Акын жана "Азаттык" радиосунун журналисти, маркум Зайырбек Ажыматовдун өмүр таржымалына арналган "Жүрөктөгү бороон" аттуу спектакль 18-мартта Бишкектеги Чыңгыз Айматов атындагы орус драма театрынын сахнасында коюлду. Пьесанын сценарийин акын Сайра Батыркулова жазып, "Учур" жаштар театры сахналаштырган.

Кургак учук жуктурган аскерлердин саны он бешке жетти

Azattyk.org 

Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү Бишкектеги аскердик бөлүктөрдөн кургак учук жугуп, ооруканага жаткан аскерлердин саны 15ке жетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык кургак учук боюнча диспансердин башкы дарыгери Тамара Баялиева билдирди. "Бишкектеги Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү № 97632 аскер бөлүгүнөн 14 адам, № 7412 аскер бөлүгүнөн бир кишиден кургак учук аныкталды. Инфекцияны жуктургандар бизге келгиче невролог, терапевт сыяктуу дарыгерлерге да кайрылган экен. Азыр абалдары туруктуу, дарыланып жатышат. Читать дальше...

Сузакта зордук-зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү

Azattyk.org 

18-мартта Сузак районунда өспүрүмдөрдүн зомбулукка каршы жөө жүрүшү өттү. Жүрүштү өткөрүү демилгесин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы көтөргөн. Сузак жана Ырыс айыл аймактарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары колдоруна ар түрдүү жазуулар бар плакаттарды көтөрүшүп, эки чакырымдай аралыкты басып өтүштү. Уюштуруучулар жөө жүрүш кылмыштуулуктун жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу максатында өткөнүн билдиришти. Жүрүш Жалал-Абаддын кире беришиндеги... Читать дальше...



Коронавируска байланыштуу Бишкекте Нооруз белгиленбейт

Azattyk.org 

Бишкекте быйыл 21-март - Ноорузга арналган массалык иш-чараларга чектөө киргизилип, салтанаттар өткөрүлбөй турган болду. Шаардык мэрия билдиргендей, мындай чечим коронавируска байланыштуу кабыл алынды. Бишкектин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматына караганда, башкалаада быйыл январдан 18-мартка чейинки аралыкта 2551 кишиден коронавирус жана пневмония аныкталды. Чектөөлөргө Европада коронавирустун жаңы штаммдары жайылып, коңшу мамлекеттер карантиндик чараларды күчөтүп жатышы да себеп болду. Читать дальше...

Сох окуясы үчүн айыпталган 22 адамга өкүм чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстандагы Фергана облустук соту былтыр майдагы Сох окуясы үчүн айыпталган 22 адамга өкүм чыгарды. Айыпталуучулардын экөө беш жылга эркинен ажыратылды. Ал эми дагы 13 адам эки жылдан беш жылга чейин шарттуу түрдө соттолду. Ошондой эле айыпталуучуларга Фергана облустук ички иштер башкармалыгынын пайдасына 10 миллиондой сум (950 доллар) айып салынганы кабарланды. Буга чейин прокуратура тогуз адамды 10 жыл эки айга эркинен ажыратуу, дагы 13 адамды алты жылга шарттуу түрдө соттоону сураган. Былтыр... Читать дальше...

Кымбатчылык каары: Кышы кычыраган Нарын алдыда

Azattyk.org 

Бишкектеги 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды. Базар баасын көзөмөлдөө үчүн Кыргызстан суу май менен кумшекерди четке чыгарууга тыюу салды. Өзбек прокуратурасы Сох окуясы үчүн айыпталгандарды 10 жылга кесүүнү сурады.

Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт

Azattyk.org 

Арменияда 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Никол Пашинян оппозициядагы “Гүлдөгөн Армения” фракциясынын лидери Гарик Царукян менен жолуккан соң билдирди. Премьер-министр жолугушууда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоо саясий кризистен чыгуунун эң жакшы жолу деген жыйынтыкка келгенин билдирди. Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келет. Читать дальше...

Өзбекстанда Сох окуясы боюнча тогуз адамды он жылга кесүү сунушталды

Azattyk.org 

Өзбек прокуратурасы былтыр майдагы Сох окуясы үчүн айыпталган тогуз адамды 10 жыл эки айга эркинен ажыратууну сурады. Ал эми окуя боюнча айыпталган дагы 13 адамды алты жылга шарттуу түрдө соттоо сунушталды. 18-мартта Фергана облустук соту өкүм чыгарары күтүлүүдө. Былтыр 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Чырдашкандарды тынчытуу үчүн Сохко барган Фергана облусунун ошол маалдагы акими Шухрат... Читать дальше...

Орусиядан Тамчыга авиакаттамдар кайра жанданат

Azattyk.org 

Екатеринбург-Тамчы авиакаттамын жандантуу боюнча Орусия менен макулдашууга жетишилди. Ага ылайык, Екатеринбургдан Бишкек жана Ош шаарларына аба каттамдарды көбөйтүү аракети көрүлө турганын Тышкы иштер министрлиги билдирди. "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы Екатеринбургдан Тамчыга "Урал аба жолдору" компаниясынын алгачкы чартердик рейси 21-мартта келерин ырастады. 20-мартта Москвадагы Жуковский аэропортунан да Тамчыга чартердик биринчи рейс ишке ашырылмакчы. Былтыр коронавирус... Читать дальше...

Активисттердин камалышы өткөн тарыхты эске салды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен Тилекмат Кудайберген уулу бир айга №1 тергөө абагына камалды. Ал Жетим-Тоонун казылышына жана Конституциянын өзгөртүлүшүнө каршы чыккандардын бири. Бул бийликке сын айткан активисттерге кысым болуп жатабы деген талкууну күчөттү. “Мен эмес, хакер жазды” Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу Кылмыш кодексинин «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык» жана «Массалык башаламандык» деген эки берененин негизинде айыпталууда. Анын адвокаты Амантур Абдрахмановдун айтымында... Читать дальше...

G7 Крымдын аннексияланышын кайрадан айыптады

Azattyk.org 

“Чоң жетиге” кирген өлкөлөр жана Евробиримдик Украинанын аймактык бүтүндүгүн, эгемендигин коргоого айныксыз колдоо көрсөтөрүн бекемдешти. Мындай билдирүүнү Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, АКШ жана Евробиримдиктин башкы дипломаттары Орусия Крымды аннексиялап алышынын жети жылдыгын белгилеп жаткан учурда таратты. Анда Орусиянын Крымды убактылуу басып алышын жана ал жактагы адам укуктарынын бузулушун, крым татарларына куугунтукту айыптай турганы айтылат. “Чоң жети” Орусиянын... Читать дальше...

19-мартта өлкөдө күн ачык болот

Azattyk.org 

19-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден жетиши күтүлөт, күндүз Чүй облусунда кээ бир рйондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…2, күндүз 17…22; Таласта түнкүсүн -4…1, күндүз 16…21; Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23; Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7; Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22... Читать дальше...

Кыргызстан "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын алууну токтотту

Azattyk.org 

Кыргызстан британиялык "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 18-мартта Бишкекте өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан дүйнөлүк вакцинация боюнча COVAX программасына кирген. "Биз "AstraZeneca" чыгарган вакцинаны ала турган болгонбуз. Аны -18, -20 градуста сактаса болот экен. Мындай муздаткычтар бизде бар, жетпегендерин сатып алып жатабыз. Март айында бул вакцинаны алып, эмдөөнү баштамакпыз. Читать дальше...

Новости России
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о комфортных автопутешествиях


Фарид Ниязов: Тергөө мени мыйзамсыз камап, башаламандык уюштургандарды калкалап жатат

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов 18-мартта адвокаттары аркылуу билдирүү таратты. Анда ал күнөөсү жок болсо деле тергөө абагында камакта отурганын айтып, Бишкек шаардык сотунун бүгүнкү чечимин саясий деп баалаган. 9-октябрда борбор шаарда болгон башаламандыкка айыпталгандардын баары үй камагына чыгып, бирок, өзүнүн абакта кармалып жатышына нааразылык билдирген. "Соттор, прокурорлор, тергөөчүлөр да акылга сыйбаган мындай чечимди өзү билип чыгармак эмес. Адвокаттар биздин күнөөсүз экенибизди ишенимдүү далилдеп жатышат. Читать дальше...

Тихановская АКШны Лукашенко бийлигине карата санкцияны күчөтүүгө чакырды

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановская АКШны Александр Лукашенкого карата санкцияларды кеңейтүү менен басымды күчөтүүгө чакырды. Бул тууралуу Тихановская 17-мартта Кошмо Штаттардын Өкүлдөр палатасынын тышкы иштер боюнча комитетининин жыйынына видео байланыш аркылуу катышкан учурда билдирди. Анын айтымында, жаңы санкциялар “Лукашенконун капчыгына айланып, режимди колдоп жаткан Беларустагы соттор, мамлекеттик ишканалар, коопсуздук кызматкерлери, олигархтар, билим берүү жана спорт ишмерлерине багытталышы керек. Читать дальше...

Диний сабырсыздыкты билим жеңет

Azattyk.org 

Диний радикалдык агымдардын жайылуусуна билим берүү менен гана чек коюлабы же башка иш-аракеттер да зарылбы? Дин тутунгандар менен дүйнөбий көз караштагы адамдардын ортосундагы ажырым, бири-бирине сабырсыз мамиле кылуу деле радикализмдин тамыр жайышына өбөлгө түзүшү мүмкүнбү? “Биз жана дин” түрмөгүндө ушул жана башка суроолордун тегерегинде сөз кылдык. Эксперт Канатбек Мурзахалиловдун суроолоруна теолог Уланбек Калмурза уулу жооп берди. - Акыркы жылдарда динди карманган адамдардын саны туруктуу өсүп жаткандыгын тажрыйба өзү көрсөтүп келет.

Коронавируска ишенбеген Танзаниянын президенти вирус жугузуп каза болду

Azattyk.org 

Танзаниянын президенти Жон Магуфули 61 жашында каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн вице-президенти мамлекеттик телеканалдан жарыялады. Магуфули март айынын башынан бери эл алдына чыкпай калган. Оппозициянын өкүлдөрү президент коронавирус жуктуруп алып, коңшу Кенияда дарыланып жатканы тууралуу маалымат тараткан. Танзаниянын өкмөтүнүн өкүлдөрү "анын саламаттыгы жайында, элге чыкпай иштеп жатат" деп айтып келген. Жон Магуфули коронавируска байланыштуу өлкөсүндө карантин киргизбей, беткап тагынуудан баш тарткан. Читать дальше...

Ооганстан: Маалымат министрлигинин кызматкерлери түшкөн автобус жардырылды

Azattyk.org 

Ооганстандын башкааласы Кабулда автоунаа жардырылып, андан кеминде үч адам каза болду, ондон ашык адам жараат алды. Полициянын маалыматы боюнча, 18-мартта эртең менен Маалымат жана технология министрлигинин кызматкерлерин жумушка алып бараткан автобуска кол салуу болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Бул окуя Москвада Ооганстанга тынчтык орнотуу боюнча жолугушуу башталган учурда туш келди. Жолугушууга ооган өкмөтүнүн жана “Талибан” кыймылынын, Орусиянын, АКШнын, Кытайдын, Пакистандын өкүлдөрү катышары айтылган. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Александр Зверев

Александр Зверев раскритиковал график соревнований в туре






Конкурс проектов «Бюджет для граждан» проходит в Подмосковье

Появились кадры с возвращающимся в Россию генералом Суровикиным

Туроператоры сообщили о росте спроса на летние туры по России до 40%

В Московском СВУ открыли звезду в честь Героя РФ Андрея Волоскова