Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2023

Новости за 03.02.2023

Былтыр Кыргызстанда 45 миңден ашуун кылмыш иши катталган

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы өлкөдө күч түзүмдөрү тарабынан 45 миң 96 кылмыш иши катталып, анын 42 миң 498и милиция кызматкерлеринин кароосуна берилген. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган жалпы жыйынында айтылды. Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов катталган кылмыш иштеринин дээрлик 60% бети ачылганын айтты. "2022-жылы калктын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында биз таасирдүү иш алып бардык. Милициянын ишин жакшырта алдык... Читать дальше...

ИИМ: Жүзүнөн тааныган камера аркылуу үч айда 171 адам кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку үч айда адамды жүзүнөн тааный ала турган видео байкоонун жардамы менен милиция 171 адамды аныктап, кармаганын бүгүн 3-январда “Биринчи радиого” курган маегинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Батырбаев билдирди. Анын айтымында, мурда орнотулган айрым камераларда адамды жүзүнөн аныктоочу функция тест режиминде былтыркы жылдын ноябрь айынан бери иштеп жатат: “Кармалгандардын 144ү издөөдө жүргөн кылмышкерлер, 27си дайыны табылбай жаткан адамдар. Читать дальше...

Эсеп палатасы: "Кумтөр" "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингине 1,9 млн доллар короткон

Azattyk.org 

"Кумтөр" компаниясынын 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки ишмердигинин аудиттик отчету чыкты. Эсеп палатасы бул отчетту расмий интернет баракчасына жарыялады. Анда 2022-жылдын январь айынан июнь айына чейин "Кумтөр" компаниясы "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингин каржылоого 1,9 млн. доллар короткону аныкталган. Бул каражаттын басымдуу бөлүгү - 1 млн. 148,3 миң доллар чет элдик адистердин айлыгына кеткен. Жаңы кеңсенин ижарасына 100,5 миң доллар, жергиликтүү адистердин маянасына 407,6 миң доллар... Читать дальше...

Таласта Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы үй камагына чыгарылды

Azattyk.org 

Таласта жемкорлукка шек саналып кармалган Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Садык Бекназаров 2-февралда шаардык соттун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустук соттун басма сөз кызматы билдирди. Мекемеден билдиргендей, Бекназаровдун үй камагына чыгышына УКМКнын өтүнүчү себеп болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бюджеттен бөлүнгөн акчаны "кымырып алган" деген шек менен кармалганын билдирген. Читать дальше...

Ысык-Ата: Төрөт үйүндөгү эне өлүмүнөн улам төрт кызматкер иштен алынды

Azattyk.org 

Ысык-Атада 19 жаштагы келиндин төрөт учурундагы өлүмү үчүн “ыкчам сапаттуу акушердик жардам көрсөткөн эмес, жумушун талаптагыдай аткарган эмес” деген негизде төрөт үйүнүн төрт кызматкерин иштен алуу чечими чыкканын 3-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Алар – Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) директору Р.Мукаева, директордун орун басары Н.Сабырова, төрөт бөлүмүнүн башчысы А.Бегалиева жана №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.Маматалиев (ал санавиация аркылуу чыгуудан баш тарткан). Читать дальше...

Талас: Жемкорлукка шек саналган вице-мэр жана кеңеш төрагасы үй камагына чыкты

Azattyk.org 

2-февралда Талас шаардык соту коррупцияга шек саналып кармалган шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбековду үй камагына чыгарганын 3-февралда "Азаттыкка" облустук соттун басма сөз катчысы Нурдин Байжигитов билдирди. 1-февралда шаардык сот вице-мэр Максат Байжигитовду да үй камагына чыгарган. Кармалгандарды үй камагына чыгарууга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өтүнүчү себеп болгон. Буга чейин шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Марат Долдоев жана шаардык... Читать дальше...

Нарында компьютердик томография иштеп баштады

Azattyk.org 

Нарын облустук бириктирилген ооруканасында компьютердик томография иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Диагностикалык аппараттын жардамы менен мындан ары Нарын облусунун тургундары Бишкекке убара болуп келип отурбай, баш сөөк, мээ, өпкө жана башка бардык органдарын томографиядан өткөрө алышат. Монополияга каршы мамлекеттик кызматтын буйругу менен бекитилген прейскурантка ылайык, бир органды томографиядан өткөрүү баасы оорунун татаалдыгына жараша 2663-2983 сомго чейин болот. Читать дальше...

Депутат Транспорт министрлиги карызы боюнча 1-орундагы мекеме экенин айтты

Azattyk.org 

Транспорт жана коммуникация министрлиги карызынын көптүгү боюнча өлкөдө биринчи орунда турган мекеме экени бүгүн 3-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтылды. Депутат Алишер Козуев аткарган иши үчүн акысын министрликтен беш жылдан бери ала албай жүргөн ишканалар бар экенин билдирди: “Кайсы жерге барбайлы, жол көйгөйү айтылып келет. Коомчулукта транспорт министрлигин алынган кредиттер жана коррупциялык схемалар боюнча айыптап жүрүшөт. Мында министрликтин жетекчилеринин күнөөсү бар. Читать дальше...



ФИФАнын машыктыруучусу кыргызстандык жеткинчектерди тарбиялай баштады

Azattyk.org 

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) машыктыруучусу Даниэл Лимонес Кыргызстандагы футболго кызыккан таланттуу өспүрүмдөрдү машыктыра баштады. Испаниялык Лимонес Бишкекке FIFA Talent Coaching программасынын алкагында келген. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмеси 2-февралда расмий интернет баракчасында кабарлады. Лимонес февраль айынан июлга чейин эки өспүрүмдөр командасын машыктырат. УЕФА PRO лицензиясы бар машыктыруучу Испаниядагы "Атлетико Мадрид" академиясынын координатору, Пакистандын футбол... Читать дальше...

Казакстандын түштүгүндө суу ташкындан 200өй адам эвакуацияланды

Azattyk.org 

Казакстандын түштүк аймагындагы Түркстан облусунда бир катар шаар-кыштактарда суу ташкындап, жалпысынан 204 адам эвакуацияланганын өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси 3-февралда билдирди. Жергиликтүү тургундардын 200дөй мал-жандыгы да коопсуз жактарга чыгарылды. Ондогон калктуу конуштарды суу каптап, жол кыймылы токтоп, ушу тапта куткаруучулар суунун андан ары жайылышына жол бербөө аракетин көрүп жатышат. 2-февралда Түркстан облусунда тез эриген кардын жана нөшөр жаандын айынан бир катар райондордо суунун деңгээли көтөрүлгөн. Читать дальше...

Лавров ЖККУ аскерлерин БУУнун уруксатысыз эле жайгаштыра алчу норма даярдалып жатканын айтты

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) аскерлерин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешинин уруксатын албастан эле жайгаштыра алчу норма даярдалып жатканын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 2-февралда жергиликтүү басылмаларга курган маегинде билдирди. Анын айтымында, ушу тапта ЖККУнун уставына тийиштүү өзгөртүүлөр даярдалууда. Лавров өзгөртүү Казакстандын сунушу боюнча даярдалып жатканын, азыркы келишимде ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү БУУнун Коопсуздук кеңешинин макулдугу... Читать дальше...

"Шоро" байке мекенчил, намыскөй эле

Azattyk.org 

3-февралда Кыргызстандын борборунда даңазалуу кыргыз ишкери жана демократ коомдук ишмери Таабалды Эгембердиев (1950–2015) тууралуу жаңы кош китептин бет ачары жана башка эскерүү чаралары өтөт. Буга байланыштуу режиссер Нурбек Эгендин 2015-жылы ишкер тууралуу "Азаттыкка" жазган блогун сунуштайбыз. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, 1995-жылдын жайы эле. Москвадан институттун биринчи курсун бүтүп, каникулга келгем. Ала-Тоону, дос-тууганды сагынып, мүмкүнчүлүк болбосо да бат-бат келгим келип турчу. Ошондо эл азыркыга караганда чөнтөгү жука... Читать дальше...

CPJ уюму "Клоопко" басымды токтотууга чакырды

Azattyk.org 

"Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды. «Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Ефимов: свыше 770 тыс кв м жилья для программы реновации возведут в девяти проектах КРТ

Сотрудники столичного ОМОН «Авангард» почтили память боевых товарищей

Стадион «Авангард» в Коломне капитально отремонтировали более чем наполовину

Росгвардия приняла участие в обеспечении безопасности при проведении футбольных матчей в Москве