Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Октябрь
2020

Песков Навальныйдын артында Батыш турат деп билдирди

0
Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Алексей Навальныйдын артында АКШнын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат деген маалымат бар экенин билдирди. Бул тууралуу Песков «Коммерсант FM» радиосунун суроосуна жооп берип жатканынын билдирди. Кремлдин өкүлү буга чейин боло келгендей эле Навальныйдын атын атабай, «бейтап» деп атады.


Ага чейин Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин оппозиционерди «Батыштын атайын кызматтары менен кызматташат» деп айыптаган.


Орус аткаминерлинин мындай реакциясы Алексей Навальныйдын өзүн «ууландыруунун артында Орусиянын президенти Владимир Путин турат» деп айтканы «Der Spiegel» аттуу немис журналына жарык көргөн соң болуп отурат.


Анда оппозиционер: «Бул кылмыштын артында Путин турган деп бышыктайм, болуп өткөн окуя боюнча менде андан башка версия жок», - деп билдирген.


Ал Орусияга кайтууга даярдык көрүп жатканын, бийликтин опузасынан улам артка чегинбей турганын кошумчалады.


Эми болсо Песковдун айыптоосунан соң Алексей Навальный Кремлдин өкүлүн сотко берерин жарыялады.


Кремлдин башкы каршылашы 44 жаштагы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген.


Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган. Оппозиционер клиникада 32 күн жатып, анын ичинде 24 күн реанимация бөлүмүндө дарыланган.


Навальный ооруканадан 23-сентябрда чыккан жана Германияда болуп, дарылануусун улантарын билдирген.


Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Алексей Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын кабарлашкан.


Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет жана Берлинди «бул ишти иликтөөдө Москва менен кызматташпай жатат» деп күнөөлөгөн.


Буга чейин Навальный ооруканада жатканда Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолукканы жөнүндө «Der Spiegel» журналы жазып чыгып, кийин бул маалымат ырасталган болчу.




 



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева одержала победу над Кларой Таусон на турнире WTA 1000






Мишустин подписал постановление о создании ОЭЗ «Большой Серпухов»

Экс-министр Улюкаев отозвал прошение о снятии с него судимости

Митрошина заплатила 666 млн рублей для погашения налоговой задолженности

На Сходненской улице появится новый дом по реновации