Кремль Суваналиев Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө саларына ишенет
“Кырдаал тартипсиздикке жана башаламандыкка окшойт. Бул учурда Коопуздук кеңешинин катчысынын орун басары жана УКМКнын төрагасынын милдетин аткарып жаткан адамдын аракеттери кырдаалды турукташтырууга жардам берет деген үмүттөбүз”,-деп Песковдун айтканын “ТАСС” агенттиги жазды.
Буга чейин кабарлангандай, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда өзүнүн колдоосун билдирген.
Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Парламенттик шайлоого катышканына байланыштуу кызматынан убактылуу кетип, өлкөдө саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.
Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда түшкө чейин билдирген.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандар президент жана парламент отурган имаратты ээлеп алган 6-октябрдан бери өлкөдө саясий кризис уланууда.