Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Октябрь
2020

Песков: Жээнбековго башпаанек берүү маселеси азырынча күн тартибинде жок

0
8-октябрда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы абал боюнча комментарий берди. Ал кабарчылардын: «Эгер кыргыз лидери өлкөдөн чыгып кетсе, Москва ага башпаанек береби?» - деген суроосуна:


«Азыр бул тууралуу кеп жок. Күн тартибиндеги суроолорду карайлы», - деп жооп бергенин ТАСС агенттиги жазды.


Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков ушул тапта Бишкекте экенин анын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева «Азаттыкка» 7-октябрда билдирген. Анын айтымында, мамлекет башчы бул күндөрү эч жакка кеткен эмес.


Казакстан, Түркия, Кытай, Орусия Кыргызстандагы соңку окуяларга реакциясын билдирип, кырдаал тез арада жөнгө салынарына ишеним билдиришти.  




Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.


Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина за 26 минут оформила разгром на турнире за 4 миллиарда






Танцы с молотом

Москвичам грозит до 10 лет за мошенничество с поставками в нижегородские детсады

Закупки Газпрома. 9 марта 2025 г. Техническое обслуживание и текущий ремонт и др. услуги

Землепользователям Москвы напомнят о необходимости использования участков по целевому назначению