Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Октябрь
2020

Беларус: оппозициячыл Колесникова Лукашенко менен жолугушуудан баш тартты

0
Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова Александр Лукашенко менен жолугушуудан баш тарткан. Бул жолугушуу Беларустун Коопсуздук комитетинин тергөө абагында 10-октябрда өткөн.


Колесникованын жолугушуудан баш тартканы жөнүндө анын адвокаты «Эхо Москвы» радиосуна билдирди. Анын айтымында, оппозициячыл саясатчы кармалып турган Жодино шаарындагы тергөө абагына эки «сыпайы адам» келип Лукашенко менен жолугушууну сунуш кылган. Мария Колесникова бул сунуштан баш тартып, ал үчүн «Жодинодогу тергөө абагында тынчыраак» экенин билдирген.


Ошондой эле саясатчы Александр Лукашенко менен жолугушуудан майнап чыгарына күмөн санайт.


Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган түмөндөгөн эл толкуну ушул күнгө чейин басыла элек. БШК анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.


Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникова 7-сентябрда кармалып, эки тилектеши менен бирге бийлик тарабынан Украинага күчтөп чыгаруу аракети болгон. Колесникова чет өлкөгө кетпей турганын билдирип, паспортун тытып жиберген соң Беларустун аймагында калган. Ошондон кийин камакка алынган болчу.



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Андреева — вторая самая юная теннисистка, выигравшая стартовые матчи на шести турнирах WTA-1000 подряд






Вечер памяти Алексея Фатьянова, или Литературно-музыкальный салон «Я не хочу судьбу иную» состоится в ДК «Щербинка»

Суд запретил Митрошиной пользоваться интернетом под домашним арестом

"Бассейн" с Делоном и день сурка по-русски: что сейчас идет в кино

Защитит от мошенничества: россиянам порекомендовали срочно обновить Telegram