Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнүн жетинчи айлампасы башталды
![Айыл чарбасына жеңилдетилген насыя берүүнүн жетинчи айлампасы башталды](https://gdb.rferl.org/E5CFDF3F-67FB-48A2-B333-860B9C787731_cx0_cy6_cw0_w800_h450.jpg)
«Айыл чарбасын каржылоо - 7» долбоору ишке ашырыла баштады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Долбоордун алкагында быйыл да жазгы талаа жумуштарына, мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү багыттарына насыя берилет.
Сүт, эт, жүн, бал, балык, жашылча (сарымсак, пияз, томат), картөшкө, жемиш (уруктуу, данектүү), мөмө (малина, кулпунай, карагат), техникалык өсүмдүктөр (пахта, тамеки), төө буурчак сыяктуу артыкчылыктуу багыттарды каржылаш үчүн жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү тармагы үчүн акыркы пайыздык үстөк жылына 6% өлчөмүндө белгиленген.
8% үстөгү бар насыялар бак өстүрүүчүлөргө, ургаалдуу токойчулук менен алектенгендерге, күнөсканаларга жана башка чарбаларга берилет. 10% үстөгү менен насыялар мал чарбачылыгына өсүмдүк өстүрүүгө берилет.
«Айыл чарбасын каржылоо» долбоору 2013-жылдан башталган. Былтыр “Айыл чарбасын каржылоо - 6” долбоорунун алкагында дыйкандар менен фермерлерге 5,6 млрд. сомдон ашуун суммада жеңилдетилген насыялар берилген. (ErN)