Өзбекстан 100 миң сумдук акчаны жүгүртүүгө чыгарат
Өзбекстандын Борбордук банкы 25-февралдан тарта 100 миң сумдук акчаны жүгүртүүгө чыгарат. Жаңы банкнотага азиздер колго кармаганда дароо сезиле турган белги коюлган. 100 миң сомдук банкнота өзбек окумуштуусу Мирзо Улугбекке жана анын астрономия илиминдеги жетишкендиктерине арналган. Атайын корголгон кагазга басылган акчанын көлөмү 144×78 миллиметр. Анын оң жак бетине Мирзо Улугбектин эстелигинин сүрөтү түшүрүлгөн. Ошондой эле сол жак чекесинде азиздер үчүн атайын белги коюлган. 15-февралда... Читать дальше...