Орусияда оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциялары болду
Москвада жана Орусиянын башка шаарларында оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциялары өттү. Маркум 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде киши колдуу болуп өлгөн. Башкалаада акыркы маалыматтарга караганда жөө жүрүшкө 10 миңдей киши катышты. Полиция азырынча өз сандарын айта элек. Акцияны бир катар оппозициялык уюмдар уюштурушкан. Жүрүштө «Орусия эркин болот», «Орусия Путинсиз» деген ураандар жаңырып турду. Ошондой эле саясий туткундарды бошотуу талаптары айтылып жатты. Жүрүштөн... Читать дальше...