АКШда Тенгиз Сыдыков үч жылга кесилди
Виржиния штатынын Чыгыш округунун соту Кыргызстандын жараны Тенгиз Сыдыковду "курал аткезчилигине аралашкан" деген негизде үч жылга эркинен ажыратты. Сыдыков өзүнө тагылган айыптардын бирин мойнуна алгандан үч ай өткөн соң, 11-январда судья Т. Эллис өкүмүн чыгарган. Соттун өкүмүндө айыпкер Филадельфия штатынын Маршан өрөөнүнө жакын жердеги түрмөлөрдүн биринде 36 ай жазасын өтөй турганы жазылган. Сыдыковго тагылган айыптар боюнча 20 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн болчу. Ал башында коюлган айыпты толук четке какканы белгилүү. Читать дальше...