Венесуэланын генералы оппозиция лидери Хуан Гуайдону президент катары тааныды
Венесуэланын аскер-аба күчтөрүнүн генералы Франсиско Яньес оппозиция лидери Хуан Гуайдону өлкөнүн "мыйзамдуу президенти" деп тааныды. Ал мындай кадамга барган биринчи генерал болуп калды. Яньес мамлекет башчысы Николас Мадуронун легитимдүүлүгүн четке каккан. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги кабарлады. 2-февралда тараган видеодо генерал башка аскер адамдарын да Гуайдо тарапка өтүүгө чакырган. «Мен Куралдуу күчтөрдүн 90 пайызы диктатор менен эмес, Венесуэланын эли менен экенин билем» деди Франсиско Яньес. Читать дальше...