Өзбекстанда Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы иштен кетти
Бир катар өзбек маалымат каражаттары Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев 11-февралда иштен кеткенин жазып чыгышты. Коңшу өлкөнүн башкы чекисти ээлеген кызматынан ден соолугуна байланыштуу кеткени кабарланды. Gazeta.uz интернет басылмасынын маалыматына караганда, 52 жаштагы Абдуллаев акыркы жылдары омурткасына эки татаал, ошондой эле көзүнө да операция жасатканын жазды. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы болуп өлкөнүн мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант, 59 жаштагы Абдусалом Азизов дайындалды. Читать дальше...