Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 09.02.2019

Ноокаттын жыттуу алмасы Москвада

Azattyk.org 

Кыштын кыраан чилдесинде Москвадан Ноокаттын алмасын табасың десе эч ким ишенбейт. Бирок ишкер Эшмырза Идаев төрт жылдан бери Ноокаттын алмасын Орусиянын баш калаасына ташып, журтташтарды тааныш даам менен сүйүнтүп келет.

Укук коргоочу мурдагы министр камалса ачкачылык жарыяларын билдирди

Azattyk.org 

Укук коргоочу, жарандык активист Рита Карасартова мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев камалса, ачкачылык жарыялап, Ак үйдүн алдына чыгарын “Азаттыкка” билдирди. - Иштен алынган министрлерге кылмыш иши козголуп, камай беришкени туура эмес. Батыралиевдин учурунда саламаттык секторунда бир топ жакшы реформалар болду. Ал дары мафиясынын жолун бууганга аракет кылып, канча жылдан бери чечилбей келе жаткан гемодиализ проблемасын чечти. Өлкөдө менчик ооруканалардын курулушуна шарт түздү. Читать дальше...

"Коопсуз шаар" 12-февралдан тартып иштей баштайт

Azattyk.org 

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.  Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды. Мониторинг борбору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Читать дальше...

Ош: көмүскө сатылган сымап

Azattyk.org 

Ош шаарында жүз килограммдан ашуун сымапты алып жүргөндөр кармалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

Аң-сезим өзгөрмөйүнчө кыйноо жоюлбайт

Azattyk.org 

Жабык жайлардагы, кылмыш тергөөдөгү кыйноолордун, өлүмдөрдүн санын азайтуу багытында Кыргызстан Түндүк Ирландиянын тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Буга көмөк берип жаткан "Эл аралык түрмө реформасы" уюмунун өкүлү Елена Рысаева жана уюмдун эксперти, профессор Паулин МакКейб “Азаттыктын” студиясына келип Кыргызстандагы абал, кызматташтык тууралуу пикирлери менен бөлүштү.

Рая Шаршенованын кыргыз киносуна салымы

Azattyk.org 

Кыргыз кинематографиясы 1941-жылдан башат алат. Бирок Рая Шаршенова эже 1960-жылдарга чейин тасмадагы кадрлардын керектүүсүн кесип алып, кайра жалгаштырып, фильмге сюжеттик линия берген.



"Искусствону аудио менен тааныйбыз..."

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде биринчи жолу инклюзивдик арт-аянтчасы ачылды. Долбоордун максаты - азиз адамдардын искусство менен таанышуусуна мүмкүнчүлүк түзүү. Анда көрүү жөндөмүнөн ажыраган адамдар ар бир картина тууралуу аудио түрүндө үч тилде маалымат алышат. Долбоор "Сорос-Кыргызстан" фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

Тажикстанда мечиттер кайра ачылышы мүмкүн

Azattyk.org 

Тажикстанда мурда жабылган мечиттердин кайсынысы кайра ачыларын аныктай турган атайын комиссия түзүлдү. Бул комиссия кайсы аймакка канча диний жай керек экенин да тактап чыкмакчы. Мындан бир канча жыл мурда тажик бийлиги жүздөгөн мечиттерди жаап салган.

10-февралга карата аба ырайы

Azattyk.org 

9-февралдан 11-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 10-февралда өлкө аймагында түнкүсүн кар жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Читать дальше...

Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер ат салышат

Azattyk.org 

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого 44 талапкер катыша турганын жарыялады.  Азыркы президент Петро Порошенко өз талапкерлигин экинчи ирет коюп, Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго болгон интеграциясын илгерилете турганын убада кылууда. Жакын арада эле жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй 31-мартка мерчемделген президенттик шайлоодо Петро Порошенконун эң эле күчтүү атаандаштары Юлия Тимошенко жана куудул Владимир Зеленский болмокчу. Читать дальше...

"ТЭЦ-2" конушунун тургундары жерин мыйзамдаштырууну талап кылууда

Azattyk.org 

"ТЭЦ-2" жаңы конушунун 200дөй тургуну чогулуп, алардын 2005-жылы алган жер тилкелери мыйзамдаштырылбай жатканын айтып, өлкө жана шаар бийлигине кайрылуу жасашты. Алардын бири Абдырахман Дүйшөналиев бул тууралуу "Азаттык" радиосуна билдирди: - 2005-жылы Ленин райондук администрациясы тарабынан токтомдор чыгып, "ТЭЦ-2" жаңы конушунун элге үй салуу үчүн жер участкалары берилген. Бүгүнкү күндө аталган конушта миңге жакын үй салынып, эл жашап жатат. Эл өз эсебинен жолдорго шагыл төгүп, таш төшөп, электр зымдарын тартып... Читать дальше...

Новости России
Москва

«Москва востребована мировым сообществом»: какое значение имеют военно-морские учения России и Египта


Орус бийлиги Януковичке кам көрөт

Azattyk.org 

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечими менен мамлекеттик күзөтчүлөр берилди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Греция Түндүк Македониянын НАТОго кирүүсүн шарттаган протоколду ратификациялады

Azattyk.org 

8-февраль күнү кечинде Грециянын парламенти Түндүк Македонияны НАТОнун катарына кошуу тууралуу протоколун колдоду. Ошентип эки өлкө ортосундагы узакка созулган келишпестикке чекит коюлду. Мындай чарага грек парламентинин 153 депутаты добуш берип, 140 депутат каршы болду. Эми протоколду альянстын башка да мүчөлөрү колдошу керек.  Өткөн жылы Афины өзүнүн коңшусу менен анын аталышы тууралуу бир чечимге жетише алган. Македонияны Түндүк Македония деп атоо тууралуу чечим эки өлкөнүн парламентинен тең колдоо тапкан. Читать дальше...

Футбол федерациясынын президенти болуп Канатбек Маматов шайланды

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстандын футбол федерациясынын делегаттарынын конференциясы болуп өттү. Анда делегаттар азыркы президент Семетей Султановдун кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырып, жаңы президентти шайлады. Федерацияны эми Канатбек Маматов жетектейт. Маматов бул кызматка жалгыз талапкер болгону, шайлоо футбол федерациясынын уставына ылайык өткөнү аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Буга чейин Маматов федерациянын вице-президенти болуп эмгектенип келген. Ал 1998-жылы ОшМУнун Дене тарбия кафедрасын жетектеген. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Большой шлем

Рублёв и еще два российских теннисиста не сыграют на Олимпиаде в Париже






Фестиваль «Сабантуй» объединил более 30 тысяч жителей и гостей Подмосковья

Три дня звезды в прыжках в воду будут биться за медали Игр БРИКС в Казани

Подготовка к школьному выпускному обойдётся россиянам в сумму до 19 тысяч рублей

Аршавин оценил игру Доннаруммы в матче с Албанией