Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызын ууландырууга аралашкан деп болжолдонгон үчүнчү адам "Новичок" менен мурда башка бирөөнү да ууландырууга катышканы кабарланууда.
Британ маалымат каражаттары атайын кызматтагы булактарына таянып, 7-февралда Солсберидеги ууландырууга үчүнчү адам аралашканын, аты-жөнү Сергей Федотов экенин жазып чыгышкан.
Ал 2015-жылдын жазында болгар ишкери Емельян Гебревди "Новичок" менен ууландырууга тиешелүү экени кабарланууда. Гебревдин компаниясы Украинага курал жеткирип турган.
Федотовдун Болгариядагы иш-аракеттери "The Insider" жана "Bellingcat" басылмаларынын биргелешкен иликтөөсүндө камтылган. Анда Федотов да орус атайын кызматынын агенти катары аталып, бул фамилияны 2010-жылы алганы айтылат. Иликтөөдө ал Европада, Борбор Азияда кызуу саякаттаганы белгиленет. Мурдараак орус маалымат каражаттары Федотов Боширов жана Петров менен бир учурда 2014-жылы Прагага, Скрипалдар ууландырылган учурда Британияга келгенин жазышкан.
"The Insider" менен "Bellingcat" Гебрев ууландырылган күндөрү Федотов Болгарияга барганын да аныктап чыгышкан. Тактап айтканда Федотов Москвадан Бургас шаарына 2015-жылдын 24-апрелинде келип конгон. 30-апрелде артка билети бар болгону менен 28-апрелде Стамбулга учуп, ал жактан кайра тез арада Москвага келген. Ошол эле күнү Софияда Гебрев ооруканага түшкөн.
Былтыр мартта мурдагы орус тыңчысы Скрипаль кызы Юлия экөө Британиянын Солсбери шаарында ууландырылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер өмүрүн сактап калган соң алар бир нече айдан кийин ооруканадан чыгышкан. Бул адегенде Москва менен Лондондун, андан соң Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда чоң дипломатиялык жаңжалга себеп болгон.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland