Орус бийлиги энелери Иракта “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулганы үчүн соттолгон 27 баланы алып кетти. 10-февралда 4 жаштан 13 жашка чейинки 27 баланы салган учак Ирактан учуп чыккан. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Буга чейин Тышкы иштер министрлиги ал балдардын "Ислам мамлекети" тобуна кошулуп кеткен аталары ирак армиясы менен жихадчылардын ортосундагы согушта набыт болушканын билдирген.
Кремль январь айында Иракта орусиялык 10 жашка чейинки 150, ал эми 11 жаштан 17 жашка чейинки 17 бала бар экенин маалымдаган.
Быйыл 6-январда Казакстан да 30 баланы жана аял-эркекти, жалпы 47 кишини Сирия менен Ирактан алып келген. Аны казак бийлиги “эваукация” деп атап, президент Нурсултан Назарбаев бул операция жеке өзүнүн тапшырмасына ылайык, “өнөктөш мамлекеттин жардамы менен” ишке ашканын айткан.
Орусия менен Казакстан Жакынкы Чыгыштагы согушкерлерге кошулуп кеткен ондогон аялдарды жана алардын балдарын былтыр да алып келген.
Кыргызстан да Сириядагы жарандарынын тек-жайы жана саны боюнча тактоо иштерин баштаганын Тышкы иштер министрлиги 1-февралда “Азаттыкка” билдирген.
"Кыргызстандын Сирияда элчилиги жок болгону ал жактагы кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүү жана бул маселе боюнча иш алып барууда көйгөйлөрдү жүргүзүп жатканы жашыруун эмес. Ошондуктан, министрлик Кувейттеги, Түркиядагы элчиликтердин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин шериктеш байланыштары аркылуу кыргыз жарандарын мекенге кайтарып келүү чараларын көрүп жатат" деп жазылган Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин былтыр июль айындагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. "Ислам мамлекетине" кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
С начала года более 4,7 тысячи жителей Московского региона оформили страховую пенсию в автоматическом режиме на портале госуслуг
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя
Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебные башмачки Элли» - эта постановка создана по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города»
Филипп Киркоров, Shaman, Сергей Жуков, Катя IOWA показали награды и наряды в студии "Авторадио"
Сказка Ульгэра «Волшебные башмачки Элли» по мотивам знаменитой сказки Александра Волкова «Волшебник Изумрудного города» - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети