Германиянын контрчалгын милдетин аткарган Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекемеси (BfV) ашынган оңчул партиялар менен Орусиянын байланышын иликтеп жатат.
Бул тууралуу бейшембиде чалгындагы булактарга таянуу менен Германиядагы "Madsack" медиа тобуна кирген бир нече гезит жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 12-февралда Потсдамда Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекеменин жетекчилери аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушкан. Анда Москва быйыл майда Европада боло турган шайлоого жана Германиянын чыгыш аймактарындагы добуш берүүлөргө таасир этиши мүмкүн деген кооптонуу айтылган. Негизинен "Германия үчүн альтернатива" (AfD), "Укук" деп аталган ашынган оңчул партиялардын Кремль менен байланыштары талкууга алынган. Контрчалгындын маалыматына караганда, Москва бул партияларды "Батышты туруксуз кылуу аракетинде өнөктөш" катары карап жатат.
2017-жылы Германиядагы федералдык шайлоонун алдында "AfD" партиясынын ошол кездеги жетекчиси Фрауке Петри Москвага барып, Мамлекеттик думанын жетекчилери менен жолугушкан. Чалгынчылар бул партиянын Орусия менен байланышы бар деп эсептешкен.
Потсдамдагы жолугушууда жакынкы айларда тараптардын байланышын толук иликтеп чыгуу үчүн эксперттик топ түзүү чечими кабыл алынды.
Немис маалымат каражаттары кабарлагандай, Орусиянын батыштагы шайлоолорго таасир этүү мүмкүнчүлүгү АКШдагы президенттик шайлоодо Дональд Трамп жеңип чыккандан кийин тынчсыздануу жаратууда.
Орусия Америкадагы президенттик шайлоого кийлигишти деген айыпты четке каккан.
«ЯРКО» провела развлекательную программу на фестивале «Крутая песочница»
Владимир Путин, Дмитрий Медведев, Анатолий Голод: ПРИЗНАНИЕ НАТО НАДО ПРИМЕНЯТЬ!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Дубне сотрудники Росгвардии помогли утиному семейству перейти оживленную трассу
Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?
«Москва востребована мировым сообществом»: какое значение имеют военно-морские учения России и Египта
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.
Рок-версия гимна Белогорска прозвучала на масштабном рок-н-мобе
травят изгоя писателя на районе даже менты тоже
Концертный директор для музыкантов. Концертный директор для певцов. Концертное агентство в Москве. Букинг агентство. Организация концертов и гастролей.