Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 04.02.2019

Сочиде Путин, Эрдоган, Роухани Сирия маселесин талкуулашат

Azattyk.org 

Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын лидерлери 14-январда Сочи шаарында жолугуп, Сириядагы кырдаалды талкуулашат. Бул тууралуу түрк жана орус маалымат каражаттары кабарлашты. 3-февралда тараган кабарларда Владимир Путиндин, Режеп Тайып Эрдогандын жана Хасан Роуханинин жолугушуусунда каралчу маселелер айтылган жок.  Орусиянын НТВ каналы лидерлер Сириянын Идлиб аймагындагы “де-эскалация тилкелериндеги" жагдайды жана АКШ аскерлеринин согуш жүрүп жаткан жерлерден чыгып кетишин талкуулашат. Буга чейин... Читать дальше...

Улуттук банк "Мобильник" ишканасы боюнча текшерүү жүргүзүп жатат

Azattyk.org 

Улуттук банк "Мобильник" ишканасы боюнча инспекциялык текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 4-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, компаниянын жетекчилеринин ич ара келишпестиги ишкананын ишине кедергисин тийгизип жатканы тууралуу маалыматтар бар.  - "Мобильник" компаниясынын эки жетекчиси бири-бири менен чатакташып жатыптыр, - деди ал. - Ошого байланыштуу элге да толук кызмат көрсөтө албай жатышат. Читать дальше...

Орусияда "таштанды реформасына" каршы болгондор көчөгө чыгышты

Azattyk.org 

Жекшембиде Орусиянын бир катар шаарларында “таштанды реформасына” каршы нааразылык акциялары өттү. Жаңы реформага ылайык ар бир облуста же шаарда таштандыны тазалаган жана аны кайра иштеткен бир гана кызмат калышы керек. Ал кызматка таштандыны үйлөрдөн алып кетүүдөн баштап, атайын полигондорго жеткирип, кайра иштетүүгө чейинки милдет тагылган. Бирок бул үчүн калктан акча чогултулат. 1-январдан тартып орусиялыктар таштанды кызматына акча төлөй башташты. Каршылык акциялары Москва, Санкт-Петербург баштаган он чакты шаарда өттү. Читать дальше...

Жалал-Абадда сотмедэкспертизанын башчысы пара менен кармалды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) "Азаттыкка" Жалал-Абадда соттук-медициналык экспертизанын башчысы пара менен кармалганын кабарлады. Финполициянын маалыматына караганда Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймак аралык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Мекеменин билдирүүсү боюнча жергиликтүү тургун сөз болуп жаткан жетекчи андан 100 миң сом акча талап кылып жатканын айтып арыз менен кайрылган. Читать дальше...

Тажикстан: туулган күн өткөргөн ырчы айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Дүйшөмбүнүн соту тажикстандык белгилүү ырчы Фируза Хафизованы шаан-шөкөт менен коштолгон туулган күн кечесин уюштурганы үчүн беш миң сомони айыппулга жыкты. Бул тууралуу мамлекеттик телеканалдан кабарланды. Ырчынын кечесинде тартылган видео алгач Интернетте таркап, андан кийин телеканалдардан көрсөтүлдү. Тажикстандын "Салттарды жана майрамдарды иреттештирүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандар туулган күнүн досторун, ырчы-чоорчуларды чакырбастан, үй-бүлө мүчөлөрү менен гана белгилеши керек. Ошондой эле туулган күнгө мал союуга тыюу салынган. Читать дальше...



Кыргызстанда уруксат берилбеген таштандыканалар 300гө жетти

Azattyk.org 

2018-жылы Кыргызстандын аймагындагы 409 акыр-чикир чогултуучу жай аныкталып, анын 299уна уруксат берилбегени такталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады. Мекеменин аймактардагы кызматкерлери атайын инвентаризациялоо учурунда болгону 107 жер гана таштанды жыйноочу жай катары катталганын аныкташкан. Калгандарына тургундар өз алдынча эски-уску буюмдарын ыргытып, таштанды үймөгүнө айлантып жиберишкен. Бишкек шаарында туш-келди таштанды ыргыткандарга жылына 2 миллион сомдой айыппул салынат. Читать дальше...

Украина: президенттикке талапкер болууга 83 кишиден арыз түштү

Azattyk.org 

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-мартта өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга белсенгендердин арызын кабыл алып бүттү. 83 киши шайлоого катышууга арыз берди. 4-февралда БШК билдиргендей, 28 кишинин талапкерлиги катталды, 22 киши каттоодон өтпөй калды. Ушул тапта 33 кишинин документтери каралып жатат. БШК 9-февралга кечикпей талапкерлердин расмий тизмесин жарыялашы керек. Талапкерлердин арасында учурдагы президент Петро Порошенко, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко, куудул Владимир Зеленский бар. Читать дальше...

Тасним Ататра өкмөт өсмө оорусуна олуттуу көңүл бурушу керек экенин айтты

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Тасним Ататра өсмө (рак) илдетинин алдын алыш үчүн өкмөт улуттук стратегия иштеп чыгышы керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте 4-февралда Өсмөгө каршы күрөштүн дүйнөлүк күнүнө карата уюштурулган жыйында айтты.  - Бейтаптарга дарылануу акысын жүктөп койбой, өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, биздин эл аралык уюмдар чогуу улуттук стратегия иштеп чыгышы керек. Коомчулукка оору тууралуу кеңири маалымат таркатып... Читать дальше...

Өзгөндө атасы өз кызын зордуктаганын мойнуна алды

Azattyk.org 

Ош облусунун Өзгөн районунун 47 жаштагы тургуну өзүнүн 14 жаштагы кызын зордуктап жүргөнүн мойнуна алды. Ал  20-январдан бери Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында камакта отурат. Тергөө иштери уланууда.  Өз атасы зордуктап, учурда алты айлык боюнда бар 14 жаштагы кыз туугандарынын колунда.  Облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, райондук администрациянын адистери анын мындан аркы тагдыры боюнча ишти улантууда.  - Эгер туугандары карамагына ала турган болсо, аларга берилет. Читать дальше...

2018-жылы бюджетке 6 млрд. сом чогултулбай калды

Azattyk.org 

Республикалык бюджеттин 2018-жылдагы кирешеси 135,4 млрд. сомду түзүп, бюджеттик план 95,7% аткарылды. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде былтыркы бюджеттин аткарылышынын баштапкы жыйынтыктары жөнүндө айтып жатып билдирди. Былтыр казынага 141,5 млрд. жыйналышы пландалган. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында депутат Зиядин Жамалдинов алдын-ала белгиленген план салык боюнча 2,3 млрд. сомго, бажы боюнча 1,8 млрд. Читать дальше...

Путин: "АКШ кандай кылса, биз да ошентебиз"

Azattyk.org 

31-январь күнү АКШ менен Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. 2-февралда АКШ, андан кийин дароо эле Москва да бул келишимдин алкагындагы өз милдеттенмелерин токтотоорун жар салышты.

Чилдеде мектепке жөө жеткен окуучулар

Azattyk.org 

Мектепке чейинки жети чакырымдык жол. Кышкы чилдеде жөө жалаңдап, суукка тоңуп, "билим алып калсам экен" деп умтулган окуучулар. Бул - Нарын районундагы Дөбөлү айылынын четиндеги Ак-Там кыштоосундагы кырктай окуучунун күнүгө тарткан түйшүгү.

КСДП: Партиянын Бишкек боюнча координатору алмашкан жок

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КДСП) "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы өткөргөн кезектеги жыйынды да мыйзамсыз деп жарыялады. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы 4-февралда билдирүү таратты.  "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы 2-февралда Бишкекте партиянын кезексиз конференциясын өткөрүп, Ырысбек Мааткабылов аттуу жаран баш калаа боюнча жаңы координатор болуп шайланганын кабарлаган.  КСДПнын катчылыгы Мааткабылов 2014-жылдын декабрында партиядан чыгуу жөнүндө арыз жазганын, 2015-жылы партиянын... Читать дальше...

Үч айда үй-бүлө күтүүнүн жолу

Azattyk.org 

Бишкекте “Кантип үч айда күйөөгө тийсе болот?” деген тренинг өтүп, ага 70ке чукул кыз-келин катышты. Үч саатка созулган иш-чарага болжолу 25тен 50 жашка чейинки аялдар келди. Кыздар турмушка чыгуу маселесине кандай маани беришет?

Новости России
Москва

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве


Кыргызстанда террордук акт уюштурууну көздөгөн адам кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жана башка бөлүп-жаруучу акцияларды уюштуруу максатын көздөгөн эл аралык террордук уюмдун жигердүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, 42 жаштагы Кыргызстандын жараны (Х.Т.) 2014-жылы жасалма паспорт аркылуу башка ысым алып Түркияга, андан ары Сирияга учуп кеткен. Ал жерде террордук топтун курамына кирип, бир катар согуштук аракеттерге катышкан. Кийин Түркияга жөнөтүлүп... Читать дальше...

Лавров: Кыргызстанда экинчи база ачуу - биздин демилгебиз эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында экинчи аскер базасын ачуу - Орусиянын демилгеси эмес. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргыз-Орус (Славян) университетиндеги жолугушуу учурунда билдирди. Ал Кыргызстанда экинчи базаны ачуу боюнча суроого жооп берип жатып, мындай демилге жөнүндө биринчи жолу укканын айтты.  - Бул биздин демилге эмес. Ошондуктан биз ал жөнүндө биринчи жолу уктук. Кыргызстандык досторубуз менен аларда түзүлүп жаткан идеяларды талкуулаганга даярбыз, - деди Лавров. ... Читать дальше...

5-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” агенттиги билдиргиндей, 5-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6... Читать дальше...

Жээнбеков Лавров менен Путиндин Кыргызстанда өтчү сапарын талкуулады

Azattyk.org 

4-февралда Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекке расмий иш сапары менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппараты кабарлады.  Алар Орусиянын президенти Владимир Путинди бир айдан кийин Кыргызстанда өтө турган сапарына байланыштуу маселелерди кеп кылышты. Жээнбеков Путиндин Бишкекке келиши “өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн дагы чыңдай турганына” ишенерин билдирди. Ал Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине киргенден... Читать дальше...

Сергей Лавров Кыргызстанда расмий иш сапары менен жүрөт

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-февралда Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Анын жолугушуулары 4-февралда башталганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Сергей Лавров менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолугат. Андан кийин расмий маалымат таратылат. Быйыл мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Лавровдун менен ошол сапардын алкагындагы талкуу болору кабарланган.


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Калинская

Даку наказан на два матча Евро, Калинская проиграла в финале Берлина. Главное к вечеру






В здании во Фрязине потушили открытый огонь

Открытое горение во Фрязино ликвидировано

16 июня прошёл московский конгресс «Женщины в бизнесе»

В Сочи вторую неделю ищут туриста, таинственного пропавшего по дороге до санатория